Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-июнь, 2020 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:25

«Белизгейт»: Сегизбаевдин «кол тийбестиги»


УКМК Белизден келгенин билдирген документтердин сүрөтү.

«Ата Мекен» фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт иши» боюнча Абдил Сегизбаевдин кызмат абалынан кыянат пайдаланганын жашырып, аны биротоло калкалоого өтүп алганын билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов «Ата Мекен» партиясынын үч мүчөсүнө жасалма документтердин негизинде оор айып коюп, каралаган саясий буюртмага укук коргоо органдарынын азыркы жетекчилери көз жуумп, «материалдарга «өтө жашыруун» деген белги коюлган» деген шылтоо менен ага укуктук баа берүүдөн качып жатышканын белгиледи. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Башкы прокуратура фракция лидеринин бул билдирүүсүнө комментарий берүүдөн баш тартышты.

Чыдамы түгөнгөн «Ата Мекен»

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов тиешелүү укук коргоо органдары «Белизгейт» ишин калыс иликтеп, жыйынтык чыгарышына ишеним калбай калганын билдирди.

Шыкмаматов «Белизгейт» ишин атайын кызматтын мурдагы башчысы Абдил Сегизбаев карасанатайлык менен уюштурганы толук далилденгенине карабастан, ага УКМК менен Башкы прокуратура көз жуумп жатканын билдирди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- «Белизгейт» иши боюнча УКМК менен Башкы прокуратура азыр толугу менен Сегизбаев тарапка өтүп алды. Бул ишти иликтеп, укуктук баа берүүдөн качып, УКМК ага атайын эле коюлган «өтө жашыруун» деген белгини албай жатышат. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө бирөөнө мыйзамдын күчү иштеп, экинчисине келгенде ал иштебей калбашы керек. Мында көрүнүштөр үстөмдүк кылган өлкөдө башаламандык башталат. Мен муну айтып жатып тилим тешилди. Сегизбаев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган. Бирок ага мыйзам иштебейт экен. Анткени Сегизбаев азыр деле буларга да кандайдыр кызмат кылып берип жатабы деген ой кетет. Азыр анын айыбы бар-жогун да айтышпайт. Маалыматтардын баарын жашырып, ишти атайын создуктуруп, ага карата кылмыш ишин козгоодон баш тартып келе жатышат. Айтор, мамлекеттик күч түзүмдөрү Сегизбаевди кайра калкалап, «камкордугуна» алып алышты. Бирок мыйзам деген бар. Биз аны жоопко тартууну талап кылууну токтотпойбуз. Эртеби-кечпи, адилет бийлик орногондо ал жоопко тартыларына бөркүмдөй ишенем.

УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт» ишин иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча маселеде башында суроо-талап жөнөтүүнү сурап, бирок кийин ага жооп берүүдөн караманча баш тартышкан. Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Ата Мекен» фракциясынын билдирүүсүнө жооп кайтарылбай тургандыгын билдирди.

Каралоо материалы кайда жоголду?

УКМКнын өздүк коопсуздук башкармалыгынын башчысы Бактыбек Мүсүралиев буга чейин Абдил Сегизбаев «Белизден алдык» деген документтер кызматтык иликтөө учурунда жок болуп чыкканын ырастаган:

УКМК.
УКМК.

- 2016-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Белиз мамлекетинен расмий түрдө УКМКнын дарегине «Мегаком» компаниясынын акциялары боюнча трасттык документтер келип түшпөгөнү аныкталды. Ошондой эле буга байланыштуу кандайдыр бир документтер УКМКда каттоого алынбаганы кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болду.

Алмамбет Шыкмаматов: «Эгерде аталган документтер атайын кызматта катталбаса, анын түп нускасынын каякта экени белгисиз болсо, анда эмне себептен бул жасалма ишти уюштурганы үчүн мурдагы төрага Абдил Сегизбаевге кылмыш иши козголбойт?» деген маселе көтөргөн. Бирок УКМК менен Башкы прокуратура «Белизгейт» боюнча материалдарга «өтө жашыруун» деген белги коюлуп калганын жүйө келтиришкен.

Кылмышты жашыруубу же мыйзамды сыйлообу?

Депутат​ Алмамбет Шыкмаматов муну Сегизбаевдин кылмыштуу аракеттерин калкалоо катары кабыл алды:

- Бизди жоопко тарткыла же бизди карандай каралаган Сегизбаевди жоопко тарткыла да. Азыр эми «УКМКнын кеңсесинде Белизден келген ыкчам документтер жок экен» деген тыянак чыгарып жатасыңар. Демек, Сегизбаев өзү эле кандайдыр бир жасалма документтерди жасап, парламентке алып барып, ал жерден бүтүндөй өлкөгө биздин атыбызды каралап, бизге жалган жерден жалаа жапканы чын болуп жатабы? Ал муну күнүнө бир-эки саат бою КТР аркылуу таратып жатканда бул материалдар жашыруун болбойт. Анан эми анын чын-бышыгын биз сураганыбызда эле ага жанагыдай жашыруундуулук белгиси коюлуп калабы? Ал эмне болгон мамлекеттик сыр болушу мүмкүн? Бул жерде «карга карганын көзүн чокубайт» болуп жатат. Сегизбаевдин кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү он жыл. Демек, силер кылмыш ишин козгобосоңор, анда адилеттүү бийлик келген он жылдан соң козголот.

Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев башкы көзөмөл мекемесиндеги материалдарга «өтө жашыруун» деген белги коюлуп калгандыктан, көп жагдайларды ачык айта албастыгын билдирген.

Алмамбет Шыкмаматов Абдил Сегизбаев кызмат абалынан пайдаланып, жасалма документтердин негизинде оор кылмыш кылганы тууралуу жалган маалымат таратып, «Ата Мекендин» үч депутатына жалаа жапканы жөнүндө арыз жазган болчу.

Тергөө тобу бул ишти карап чыгып, Сегизбаевге каршы кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев коюлган дооматты четке кагып, прокуратура органдарынын иш-аракетин мыйзамдуу деп эсептей турганын билдирди:

Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

- Мен расмий түрдө башкы прокуратура мыйзамга гана кызмат кыла турганын белгилегим келет. «Белизгейт» боюнча Башкы прокуратурада материалдар бар. Бирок ага «өтө жашыруун» деген белги коюлган. Башкы прокуратура бардык чогултулган материалдарды иликтеп чыгып, 2018-жылдын 31-июлунда кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыккан. Бул жерде бардыгы мыйзамдын алкагында болду. Бул жерде бирөөнүн кызыкчылыгы үчүн эч ким эч кандай кагазды жашырган жери жок.

Ишенимге урулган сокку

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, эксперт Марат Иманкулов «Белизгейт» чатагына чекит коюлбай жаткан жагдайды сынга алды. Анын айтымында, УКМК менен Башкы прокуратуранын соңку жооптору элдин бийликке болгон ишенимин кетирип, мыйзамсыздыктын гүлдөшүнө өбөлгө түзөт. Марат Иманкулов бул жагдай тууралуу мындай деди:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Мен «материалдардын бир да изи калбай калды» дегенге түшүнбөй турам. Эгерде ошол кезде мыйзамдуу иликтөө иштери жүргөн болсо, ыкчам материалдар каттоого алынып, атайын ишке тиркелип, сакталып турушу керек болчу. Анан аны керек учурда пайдаланып, телеканалдар аркылуу жайылтып, анан кереги жок болуп калганда анын баарын өрттөп салгыдай бул «оюнчук иш» болбошу керек. Ошондой иштердин айынан элдин бийликке, атайын кызматка жана мамлекетке болгон ишеними кетип жатат. Элде «жасалма документтердин негизинде кимдир-бирөөгө кылмыш ишин козгоп койсо болот турбайбы» деген пикир калууда. «Анан керек эмес учурда материалдарды жашырып жок кылып, анан ага «жашыруун» деген белги коюп койсо болот турбайбы» деген туура эмес көз карашты таңуулап жатышат. Мамлекеттик сырларды сактоо боюнча мыйзам бар. Атайын нускамалар бар. Ошолордун негизинде улуттук коопсуздукка коркунуч келтириши мүмкүн деген маалыматтарга гана гриф коюлат. Ал эми «Белизден келди» деген документтерде кандай мамлекеттик сыр болушу мүмкүн? Сыр болгон учурда деле анын баарын Сегизбаев телеканалдар аркылуу жарыялап салбады беле?

2016-жылы УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев «парламенттин «Ата Мекен» фракциясынан үч депутат - Текебаев, Салянова жана Шыкмаматов «2012-жылы «Альфа Телекомдун» 50% акциясын сатууга аракет кылганы Белизден келген документтерде ырасталды» деп жарыялаган. Кийин бул документтин түп нускасы УКМКда жок экени белгилүү болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (129)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG