Линктер

ишемби, 20-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 18:32

Масалиев Сегизбаевди тез арада кылмыш жообуна тартууга чакырды (видео)


Исхак Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге карата кылмыш ишин козгоо керектигин билдирди.

Масалиев Сегизбаев парламентке келип, жалган маалымат бергени үчүн анын жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт:

- Сегизбаев биз «Кана кагаз?» деп сураганда «Бар кагаз» деп турган. Коомчулукту дүрбөлөңгө салган чоң күнөө коюлган. “Мамлекеттик мүлктү сатканга аракет жасады. Мына далил болгон кагаз” деп айткан. Бул жерде кылмыштын толук аракети көрүнүп турат. УКМКнын мурдагы башчысынын үстүнөн иш козгош керек. Жок дегенде Жогорку Кеңешке калп маалымат бергени үчүн деп. Бул чоң кылмыш. Тезирээк чара колдонуш керек.

УКМКнын учурдагы башчысы Идрис Кадыркулов Сегизбаев парламентте көрсөткөн кагаздар атайын кызматка расмий түрдө келип түшпөгөнүн билдирди.

2016-жылдын 14-ноябрында УКМК айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” улутташтырылбаган 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген. УКМКнын ошол кездеги башчысы Абдил Сегизбаев "Белизден келди" деп кагаздарды көрсөтүп жаткан кадрлар мамлекеттик телеканалдан байма-бай көрсөтүлгөн.

УКМКнын быйыл апрель айында кызматтан кеткен мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаев “Азаттык” менен болгон эксклюзивдүү маегинде "ыкчам булактар" аркылуу алынды делген документтин чын-бышыгы тастыкталбай калганын мойнуна алды. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG