Линктер

шаршемби, 24-июль, 2019 Бишкек убактысы 10:31

"Белизгейт" гриф маселесине такалды


"Белизден келди" деген документтер.

Мурдагы башкы чекист Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоо тууралуу маселе көтөрүүгө негиз болгон «Белизгейт» иши кайрадан күн тартибине чыкты.

Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартканы тууралуу 27-ноябрда “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттыкка” билдирген.

Башкы көзөмөл органы муну четке каккан да, тастыктаган да жок. Мекеменин басма сөз катчысы Наргиза Куватованын айтымында, "Белизгейт" деген ат менен белгилүү кылмыш иши жашыруун иликтенчү материалдардын катарына киргендиктен, комментарий берүүгө маалыматтар жетишсиз.

Наргиза Куватова.
Наргиза Куватова.

- Кечээ (27-ноябрда) өткөн жабык жыйында депутаттар маселе көтөрүп, эки жуманын ичинде “Белизгейт” ишинин материалдарынан «жашыруун» деген грифти алып, ачык иликтенчү иштердин катарына кошууну сурашыптыр. Эки жума ичинде бул маселе чечилиши керек. Грифти УКМК койгон, ошондуктан прокуратура комментарий да бере албайт. Менде тийиштүү маалыматтарды алганга мүмкүнчүлүк болбогондуктан, Башкы прокуратура Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тарттыбы же жокпу, азыр айта албайбыз, - деди Наргиза Куватова.

Мыйзам боюнча, аталган грифти алып салыш үчүн УКМК комиссия түзүп, чечим кабыл алышы зарыл. Атайын кызмат азырынча комментарий бере элек. Депутаттар бул маселени быйыл сентябрда да көтөрүп, бирок ал чечилбей калган.

(Гриф* - жашыруун маалыматтардын системалык классификациясы - ред.)

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары 28-ноябрда Белизден келген документтерди көрүш үчүн УКМКга барып, бирок тааныша алышкан жок. Анын чоо-жайын Алмамбет Шыкмаматов мындайча түшүндүрдү:

- Ал үчүн процедуралык маселелер бар экен. Тийиштүү кагаздарды толтурбай барыптырбыз. Бирок биз ишенебиз, УКМКда Белиз боюнча документ жок. Бирок УКМКнын өкүлдөрү Белизден эч кандай расмий документ келбегенин парламентте айтпады беле. Демек, аларда эч кандай документ жок.

Парламенттин мурдагы депутаты Асия Сасыкбаева "Белизгейт" ишинде Сегизбаевдин гана эмес, УКМКнын башка кызматкерлеринин да колу бар экенин айтып, жаап-жашыруу аракети болуп жатканын божомолдоду:

Асия Сасыкбаева.
Асия Сасыкбаева.

- Аны бир же эки киши жасаган эмес. Бир бөлүм бир нерсесин даяраса, экинчиси дагы башка нерсени даярдаган. Бул алардын биргелешип жасаган жумушу. Грифти алып салса, абийири ачылып калышы мүмкүн. Себеби, бир канча адамдын аты-жөнү ачыкка чыгып калары анык. Ошондуктан бут тосуп жатышат.

Сасыкбаева алдыдагы эки жумада "Белизгейт" ишинен "жашыруун" деген гриф алып салынышы керек экенин, болбосо парламенттин кийлигишүүсү зарыл болуп каларын кошумчалады.

Абдил Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн 2016-жылы айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаевдин, Аида Салянованын, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү жазылганы кабарланган.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатканын айткан. Мындан улам Башкы прокуратура териштирүүнү улантып, укуктук баа берилерин билдирген.

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев “Сегизбаев "Белизден алынган документтер" жөнүндө парламентте сүйлөгөндө жалган айтканы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек” деген сунуш киргизген. Депутат Рыскелди Момбеков соттун чечими жок туруп, УКМКнын мурдагы башчысын бир тараптуу күнөөлөбөй турууга чакырган.

Абдил Сегизбаевдин өзү менен менен байланыша алган жокпуз. Быйыл 15-сентябрда “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде ал “биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деген эле.

Юрист жана талдоочу Канат Мидин уулу документтер такталмайынча тигил же бул тарапты күнөөлөп, жагдайга баа берүү мүмкүн эмес экенин белгиледи:

- Бул жерде процедуралар бар экенин унутпаш керек. Кылмыш-процессуалдык мыйзамдар бар. Эгер мыйзамдар бузулганы аныкталса, сөзсүз түрдө аны бузган кишилер жоопко тартылууга тийиш. Бирок кылмыш ишин тактоо, аныктоо кандай жүрүшү керектиги жөнүндө эрежелер бар. Элге маалымат берүүнүн да эрежелери бар. Ошол жол-жоболор бузулдубу же жокпу - аны билмейинче, документтерди көрмөйүнчө буга баа берүү да кыйын маселе. Бул окуя келечек үчүн прецедент болушу да керек.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү кишилери экени айтылган Абдил Сегизбаевге жана мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага кылмыш ишин козгоо маселесин мурунку бийликтин оппоненттеринен тышкары, жарандык коом өкүлдөрү да байма-бай көтөрүп келатышат. Аларга “саясий буюртмаларды аткарып, саясатчыларга негизсиз кылмыш иштерин ачкан” деп сын айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG