Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Башкы прокуратура Абдил Сегизбаевге иш козгоодон баш тартты


Абдил Сегизбаев.
Абдил Сегизбаев.

Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевге кылмыш ишин козгоодон баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айтылганын “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосуна билдирди:

- "Кылмыш ишин козгоодон баш тарттык" деп айтышты. Бирок Сегизбаев 6 миллион элдин алдында жасалма документти пайдаланган. Кылмыш-жаза кодексинин 352-беренесинде “жасалма документти жасоо, пайдалануу” деп жазылып турат. Ал эми Сегизбаев ошону пайдаланган да.

Башкы прокуратура бул боюнча жооп бере элек.

2016-жылы Сегизбаев айрым депутаттар 2012-жылы “Альфа Телекомдун” мамлекетке өткөрүлбөгөн 50% акциясын сатууга аракет кылгандыгы Белиз өлкөсүнөн келген документтерде көрсөтүлгөнүн айтып чыккан. Ал документтерге Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматовдун аты-жөнү тиркелген.

Быйыл 19-сентябрда бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланып, УКМКнын азыркы жетекчилиги андай документтерди таба албай жатканын айтты. Ошол эле күнү депутат Исхак Масалиев Сегизбаев "парламентке келип туура эмес маалымат бергени үчүн тез арада жоопко тартылышы керек" деген оюн айткан.

Башкы прокуратура токтоп калган териштирүүнү улантып, укуктук баа берүүнү көздөп жатканын айткан болчу.

15-сентябрда “Азаттык” Сегизбаевдин өзү менен байланышканда ал “биз 2016-жылы ошол маселени көтөрүп чыкканыбыз абдан туура болуптур. Мен элдин алдында тазамын” деп билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG