Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:02

Шадиевдин иши, Жолдубаеванын жоопкерчилиги


Индира Жолдубаева жана Аскарбек Шадиевге таандык экени айтылган "Ала-Арча" соода борбору. (коллаж)
Индира Жолдубаева жана Аскарбек Шадиевге таандык экени айтылган "Ала-Арча" соода борбору. (коллаж)

Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри, экс-депутат Аскарбек Шадиевдин адвокаты Учкунбек Каримов райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна даттанды.

Биринчи май райондук соту 25-декабрда эки кылмыш иши боюнча, тактап айтканда, Шадиевди Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчага байланыштуу жана чек арадан мыйзамсыз өткөнү үчүн он жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо тууралуу өкүм чыгарган.

Ал арада мурдагы аткаминерге кылмыш ишинин кеч козголушуна, мүлкүнүн дээрлик баарынын сатылып кеткенине байланыштуу ошол кездеги башкы прокурор Индира Жолдубаеванын жоопкерчилигин кароо талабы коюла баштады.

Аскарбек Шадиевдин кылмыш ишиндеги айрым жагдайларды УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов ачыкка чыгарды. Өткөн айдын этегинде "Дело№" гезитиндеги маегинде ал кылмыш иши козголгонго чейин Шадиев мүлкүнүн дээрлик баарын сатып, чет өлкөгө чыгып кеткенге үлгүргөн себебин түшүндүргөн.

Кадыркулов вице-премьер-министр кызматы менен кошо депутаттык мандатын да сактап турган Шадиевге кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой аларын, бирок белгисиз себептерден улам Индира Жолдубаева материалдарды алганы менен иш козгобой койгонун белгилеген.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун пикиринде, Аскарбек Шадиевге мүлкүн сатып, өлкөдөн чыгып кетишине шарт түзүлгөн.

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- Бул жерде жалгыз эле Индира Жолдубаева эмес, УКМКнын да түздөн-түз, тике катышы бар, - дейт депутат. - Анткени анын канча мүлкү бар экенин УКМК билген да, ыкчам маалымат болгон. УКМКны 7-апрелге чейин Абдил Сегизбаев башкарып турган. Ошол кезде Шадиевге "эртеби-кечпи, сага иш козголот, мүлкүңдү сат" дегендей таризде шарт түзүп беришкен. Бул боюнча Индира Жолдубаевага тийише алышпайт. Анткени ал көптөгөн сырларды билет. "Шадиевге иш козгобой тур" деп жан тарткандар болгон. Ошол учурда мурдагы бийликтин, анын командасынын саясатта таасири күчтүү болгон. Бул жерде болгондо да катуу саясат болгон.

УКМК Аскарбек Шадиевге өткөн жылдын июнь айында гана издөө жарыялаган. Ага чейин атайын кызмат "Шадиев өлкөдөн чыккан эмес" деп байма-бай айтып келген.

Кийинчерээк УКМК экс-депутат кылмыш иши козголгон күнү эле Баткендин Лейлек районунун Арка айылынын тушунан Тажикстанга мыйзамсыз өтүп, Хужант-Москва- Нью-Йорк аба каттамы аркылуу АКШга кетип калганын маалымдаган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков Шадиевдин ишине байланыштуу ошол кездеги башкы прокурордун жоопкерчилиги каралышы керек деп эсептейт.

- Биздин өлкөдө жеке байланыш өтө маанилүү, - деди ал. - Айрыкча жогорку кызматта отурган адамдардын иши каралып жатканда кандайдыр бир расмий эмес булактар аркылуу маалымат берилип же токтотуп туруп же качырып жиберген учурлар көп эле болот. Анткени биз жалпысынан мыйзам иштебеген, аткаминерлердин баары кандайдыр жеке байланышы менен иштеген мамлекетпиз да. УКМК Башкы прокуратурага сунуш берип, бирок алар карабай созуп жүрө берсе, анын айынан мүлк сатылып кетип, кылмышка шектүү качып кетсе - анда ошол кездеги башкы прокурор жоопко тартылышы керек.

Индира Жолдубаева өзү тууралуу айтылып жаткан дооматтарга үн ката элек. Аны башкы прокурорлук кызматтан алуу тууралуу былтыр 10-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңешке сунуш жөнөткөн, депутаттар бул сунушту колдоп беришкен.

Ошол кездеги президенттин аппаратынын башчысы, азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте Жээнбековдун сунушу боюнча баяндама жасап жатып, Индира Жолдубаеваны "коррупцияга каршы тандалма жана чабал күрөш жүргүзгөн" деп айыптаган:

Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

- Акыркы жылдары кызмат адамдарынын коррупциялык укук бузуу фактыларына укук коргоо органдарынын тандалма чара көрүшү, ошондой эле кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууда жарандардын укуктары менен эркиндиги бузулуп, ал тенденция азайбай эле күчөп жатканы коомубуздун туруктуулугуна жана экономикабыздын өзөгүнө доо кетирет. Коргоо кеңешиндеги жана мыйзамдагы тапшырмаларга карабастан 2018-жылы башкы прокурордун төрагалыгы менен координациялык кеңешме бир да жолу өткөн жок.

Парламенттин мурдагы спикери, юрист Мукар Чолпонбаевдин баамында, Индира Жолдубаева тууралуу кандайдыр бир чечим кабыл алуу азыркы башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон көз каранды. Ал ошондой эле кылмыш иши убагында козголбой калганда колдонулуучу Кылмыш-жаза кодексиндеги беренелерге токтолду:

- Башкы прокуратура ошондой калпыстык кетирсе, факт боюнча иш козгосо болот. Аягында бул жерде же шалаакылык болгонун, же "кызматынан кыянаттык менен пайдаланганын", болбосо жең ичинен сүйлөшүп алганын аныктаса болот. Ушул үч берененин бирөө аныкталмак. Ушундай беренелер бар. Муну баары эле билет, бирок колдонбой жатышат. Негизи кылмыш иши козголушу керек эле. Бирок азыркы башкы прокурор муну кандай чечет - баары ошого жараша болот.

Былтыр жыл башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан.

Акча жоголгон учурда "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев Эл аралык иштер боюнча комитетти жетектеп турган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон жана Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Кийинчерээк Аскарбек Шадиевге да айып коюлган, андан кийин "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деп күнөөлөнгөн. Былтыр июль айында Шадиевге "Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо" беренеси менен дагы бир кылмыш иши козголгон.

Шадиевге таандык экени айтылып жаткан "Ала Арча" соода борбору.
Шадиевге таандык экени айтылып жаткан "Ала Арча" соода борбору.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттарында Аскарбек Шадиевге жана анын жакындарына таандык деген, соттун чечими менен мамлекетке чегерилүүчү, баасы 1,8 миллиард сомго чамалаган мүлктүн тизмеси жарыяланган:

“Карвен четыре сезона”, уставдык капиталы 33,33%;

“Аква Инвест Плюс”, уставдык капиталы 50%;

“Карвен Групп”, уставдык капиталы 50%;

Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Ала-Арча” комплексиндеги жеке турак жай (№14),

Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылындагы “Ала-Арча” комплексиндеги жеке турак жай (№19),

Бишкек шаарындагы кеңсе, Манас проспекти 11/1;

“Тойота Лэндкрузер 150” автомашинасы;

Шадиевге тишелүү 5954 доллар өлчөмүндөгү акча каражаты;

57 069 доллар акча каражаты (3 880 692 сом) жана 290 миң сом;

Асел Шадиевага (Шадиевдин аялы) тиешелүү коммерциялык банктардагы 535,99 сом;

“Трейд Инвест” (“Ала-Арча” соода-оюн-зоок борбору), уставдык капиталы 100%;

“Ларель”, уставдык капиталы 50%.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG