Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:26

Шадиевге дагы бир кылмыш иши козголду


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге «мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн» деген жүйө менен дагы бир кылмыш иши козголду.

Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге "Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү" беренеси менен кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

УКМК.
УКМК.

- 2018-жылдын 25-июнунда Кыргыз Республикасынын башкы прокурору тарабынан депутат Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин тергөө УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Сулайманов кошумчалагандай, Шадиевге Биринчи май райондук сотунун чечими менен сыртынан камоо чечими чыгып, издөө жарыяланган. ​

Шадиев кайда, АКШда...

Аскарбек Шадиевге Башкы прокуратура 28-апрелде "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, мүлкүн камакка алган.

Буга парламенттен Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалышы себеп болгон. Бирок Шадиев 27-апрелде Тажикстан аркылуу Нью-Йоркко учуп кеткени кабарланган.

“Бир Бол” фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов кызматташы менен эки айдан бери байланыш жок экенин айтты. Анын сөзүнө караганда, Шадиев АКШга кетерде фракциялаштарын чогултуп, жүрөгүн чет өлкөдө дарылатарын айтып коштошкон.

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

- Шадиев биздин өзүбүздүн атайын ооруканада жатып дарыланган. Тилекке каршы, азыр аны менен байланыш жок. Биз жолугуп, ден соолугун сураганыбызда чет өлкөгө чыгып жүрөгүн дарылатарын айткан. Мен билген маалымат боюнча ал кылмыш иши козголгонго чейин эле чет өлкөгө чыгып кеткен.

Саясий жана юридикалык илимдердин доктору Канатбек Азиз Аскарбек Шадиевдин эл аралык издөөгө берилбей жатканы түшүнүксүз экенин белгилейт. Анын пикиринде Шадиевдин качышы жалаң эле 30 миң доллардын уурдалышына эмес, Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык ишке да тиешелүү болушу мүмкүн.

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

- Шадиев Интерполго берилип, издөө иштери токтобошу керек болчу. Президент Жээнбековдун "коррупцияга каршы күрөштө тандоо болбошу керек" деген сөзүнөн кийин укук коргоо органдары өздөрү эле түшүнүшү керек. Андай кылбай турган болсо, укук коргоо органдарын жоопко тартыш керек. Анткени Шадиев өзү эле качып кеткен жок да? Сөзсүз органдардан жардам болгон. Анын үстүнө 30 миң доллар - жөн эле шылтоо. Анткени Шадиевге ЖЭБдеги жемкорлук боюнча да кылмыш иши козголот деген кептер бар.

Буга чейин парламенттеги Отун-энергетикалык комплекс комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев Бишкек ЖЭБиндеги коррупциялык схемалар боюнча сүйлөп жатып кытайлык TBEA компаниясы менен Аскарбек Шадиевдин эсепчиси бир эле киши болгонун айтып чыккан. Шадиев 2010-2012-жылдары энергетика министри болуп турганы белгилүү.

Ушу тапта ЖЭБдеги жемкорлукка байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков баш болгон он аткаминер убактылуу камалды.

Кеч «ойгонгон» изкубарлар…

Парламенттин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Шадиевдин жоопко тартылбай жатышы азыркы бийликтин коррупцияга каршы жарыялаган күрөшүнө көө жабат деген ойдо. Анын айтымында, бул кемчиликти тиешелүү органдар оңдошу керек:

Абдыганы Эркебаев.
Абдыганы Эркебаев.

- Коррупциябы же башка иш болобу, принцип боюнча мыйзам алдында баары бирдей болушу керек. Жалаң эле Шадиев эмес, акыркы жылдары канчалаган аткаминер качып кетти, Бакиевдин убагында, андан кийин да? Азыр деле ошол нерсе уланып жатат. Албетте, ага кылмыш иши козголгондо эле чара көрүп, кылдат мамиле кылышса болмок. Бул жерден укук коргоо органдарынан чоң кемчилик кетти. Тиешелүү органдардын кесипкөйлүк деңгээлинин төмөндүгү. Чындап ишке киришпей жатышат.

УКМК ушул жылдын 9-февралында Жогорку Кеңештен 30 миң доллардын уурдалышына байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Буга шектүү катары парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Ал 30 миң долларды Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин ошол кездеги төрагасы Аскарбек Шадиев кол койгон каттын негизинде колго алганын билдирген.

Ушул эле иш боюнча парламенттин ошол кездеги төрагасы Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, кийин "кылмыш курамы жок" деген жүйө менен өндүрүштөн кыскарган. Аскарбек Шадиев “Азаттык” менен мурда болгон маегинде 30 миң доллар боюнча катка байкабай кол койгонун, ал үчүн өкүнөрүн айткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG