Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:11

Рыспаев: Шадиев менен ТВЕАнын эсепчиси бир болгон


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин эсепчиси Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөгө катышкан кытайлык ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болгон. Бул тууралуу парламент депутаты Кожобек Рыспаев ЖЭБ чырын талкуулаган жыйында билдирди.

- Шадиев Аскарбектин бухгалтери ТВЕА компаниясынын бухгалтери болуп чыгып жатат. Калп эмес. Эмне себептен мындай болуп калат? Бул шек жаратпайбы? Ушул эле комиссияга "Датка-Кеминди" иликтөөнү бериш керек. Аягына чейин иликтеп чыгыш керек. 1 чакырым чубалгы 640 миң долларга бааланып жатат. Мунун баары насыя, кайтарып бериш керек болот. Эмнеге биз бул жөнүндө унчукпайбыз?

Аскарбек Шадиев 2010-2012 – жылдары энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеп турган.​

Ушу тапта Жогорку Кеңеш Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты жана аны модернизациялоого жумшалган каражаттын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатат. Жыйынга корутундуда аты жазылган мурдагы өкмөт башчылар Жантөрө Сатыбалдиев, Темир Сариев, Сапар Исаков жана башка мамлекеттик кызматкерлер катышууда. Корутундуга саясий баа берилчү, жоопкерчилигин карап көрө турган 30дай кишинин аттары жазылып, ал Башкы прокуратурага жана башка күч түзүмдөрүнө берилери айтылды.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган. Мурдагы энергетика министри, экс-биринчи-вице-премьер-министр, азыркы депутат Аскарбек Шадиев февраль айынан бери эле күбө катары сурак берип жүргөн. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон. Мунун алдында анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG