Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:50

Шадиев чет өлкөгө кеткени кабарланды


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев дарыланганы чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков билдирди.

Анын айтымында, Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу соңку беш жылдан бери дарыгерлердин каттосунда турат. "Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде кетти. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет” деди Эрмеков. Бирок ал жетекчиси кайсы өлкөгө кеткенин тактаган жок.

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган.

Быйыл февраль айында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы жарыяланган.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Факт ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жаткан учурда Шадиев Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүш керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG