Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:27

"Шадиев качканга чейин мүлкүнүн көбүн саткан"


“Азаттык” парламент депутаты Аскарбек Шадиевге козголгон кылмыш иштеринин чоо-жайы боюнча УКМКга кайрылды. Суроолорго мекеменин расмий өкүлү Рахат Сулайманов жооп берди.

“Азаттык”: Депутат Шадиевге козголгон кылмыш иши тергелип бүттү беле? Шадиев качып кетпеши үчүн бөгөт чарасы эмне себептен алдын ала каралган эмес?

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

Сулайманов: 2017-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык берилбесин билип туруп, акча каражаттарын бөлүү тууралуу документке кол койгону аныкталгандан кийин депутат Шадиевге кылмыш иши козголгон.

Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинде каралган кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыш белгилери аныкталган.

Сыйлык берүүгө бөлүнгөн 30 миң доллар өлчөмүндөгү бюджеттик акча туура эмес пайдаланган факты боюнча козголгон кылмыш ишинен депутат Шадиевдин үстүнөн иш козгоо үчүн бөлүнүп чыккан материалдар Башкы прокуратурага ушул жылдын 30-мартында жиберилген.

Тилекке каршы, белгисиз бир себептерден улам кылмыш ишин козгоо создугуп келген. Жогорку Кеңештин депутатынын статусу тууралуу мыйзамдын 28-беренесине ылайык эл өкүлүнө кылмыш ишин башкы прокурор гана козгой алат.

Ошол эле учурда кимдир бирөөнүн мүлкүн камакка алуу же болбосо анын баш коргоо чарасын кароо процедуралары кылмыш ишинин негизинде гана каралат.

Өткүрбек Жамшитов.
Өткүрбек Жамшитов.

Депутат Шадиевге кылмыш иши 2018-жылдын 28-апрель күнү жаңы дайындалган башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов тарабынан козголуп жатат. 28-апрелге чейин Шадиевге кылмыш иши козголбогонуна байланыштуу анын кыймыл-аракетине кандайдыр бир чектөө коюуга юридикалык негиз болгон эмес.

Буга карабастан УКМК ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатты. Шадиев кылмыш иши козголордон бир күн мурда 27-апрель күнү кичи мекени Лейлек районунун Көлбө айылына сөөк коюу зыйнатына барып, ошол эле күнү кыргыз-тажик чек арасын Арка айылындагы көзөмөлгө алынбаган тилке аркылуу кесип өтүп кеткен.

28-апрелде козголгон кылмыш ишинин чын-бышыгын билгенден кийин Хожент-Москва каттамы менен учуп, андан ары Нью-Йоркко чыгып кеткен. Учурда бул маалыматтар так экенин ырастаган документтер бар. Өзүңүздөр баамдагандай, мыйзам боюнча УКМК бул жерде кылмыш иши козголо электе депутаттын эркиндигине алдын ала чектөө коё алмак эмес.

“Азаттык”: Шадиевге эл аралык издөө жарыяланганбы? Аны АКШдан экстрадиция кылып, мыйзам алдында жоопко тартуу маселеси көтөрүлөбү?

Сулайманов: 2018-жылдын 31-майында Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун 4-бөлүмү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сыртынан айып тагылган.

Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен сыртынан баш коргоо чарасы камакка алуу болуп каралып, Шадиев тергөө органдарынан жашырынып жүргөнүнө байланыштуу издөө жарыяланган. Муну менен катар 2018-жылдын 25-июнунда башкы прокурор тарабынан депутат Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинде (мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү) каралган белгилер боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыш ишин тергөө УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылды.

Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

“Азаттык”: УКМК буга чейин Шадиевге козголгон кылмыш ишинин алкагында бир нече мүлктөрү камакка алынганын жарыялаган. Аталган мүлктөрдүн арасында “Ала-Арча” соода борборун курган “Бината”, “Трейд инвест” ЖЧКсы да бар. Ага карабай “Ала Арча” соода борборунун курулушу бүтүп, ишке кирди. Камактагы мүлктүн иштөөсүнө ким уруксат берген же ал борбор камакка алынган эмес беле?

Сулайманов: Шадиевге кылмыш иши козголо электе коопсуздук органдарынын талабы менен Финансылык чалгындоо кызматы Шадиевге тиешелүү банктык эсептерди убактылуу камакка алуу чечимин кабыл алган.

Ал эми Шадиевге жана анын жакындарына таандык мүлктү толук камакка алуу үчүн кылмыш иши козголуп, айыбы угузулушу керек. Финансылык чалгындоо кызматынын бул багыттагы документтери маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенден кийин, тактап айтканда 11-апрелден тарта Шадиев жана анын жакындары өздөрүнө тиешелүү мүлктөрдү сатып, башка адамдарга каттай баштаган.

Анын негизинде 28-апрель күнү кылмыш иши козголгонго чейин бир катар мүлктөрү сатылып кеткен. Учурда кылмыш ишинин алкагында Шадиевге жана анын жакындарына тиешелүү мүлктөр камакка алынды. Тергөө уланып жатат. Анын жыйынтыгы менен кайсы мүлктөр камакка алынгандыгы тууралуу толук маалыматтар берилет.

"Ыңгайсыз суроолор" берүүсүнүн бир ай мурда эфирден кеткен чыгарылышында Аскарбек Шадиевдин жери тууралуу да сөз болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG