Ал Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн акчага байланыштуу жана чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн "күнөөлүү" деп табылды. Эми мурдагы чиновник менен анын жакындарына катталган 1,8 миллиард сомдук үй-мүлк мамлекетке чегерилет. Коомчулукта Шадиев мындай көп мүлктү кайдан тапкан деген суроого баш катыргандар көп.
Аскарбек Шадиев апрелде Кыргызстандан чыгып кетип, эл аралык издөөгө алынган. Анын иши боюнча соттук териштирүүлөр айыпталуучунун катышуусуз өттү.
Мурдагы биринчи вице-премьер-министр жана Жогорку Кеңештеги "Бир бол" фракциясынын мурдагы депутаты Аскарбек Шадиевге карата сот чечими 25-декабрда чыкты. Ишти караган соттук коллегиянын төрагасы Эмил Кайыпов Шадиевди бардык айыптар боюнча "күнөөлүү" деп тапты. Ага ылайык, мурдагы чиновниктин үй-мүлкү мамлекеттин карамагына өткөрүлүп, өзү он жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда жазасын өтөшү керек. Соттун чечиминде Шадиев жана анын жакындарынын конфискациялана турган мүлктөрүнүн тизмеси жазылган. Алардын жалпы суммасы – 1 миллиард 852 миллион сомдон ашык.
– «Карвен четыре сезона», уставдык капиталы 33,33%;
– «Аква Инвест Плюс», уставдык капиталы 50%;
– «Карвен Групп», уставдык капиталы 50%;
– Орто-Сай айылында жайгашкан «Ала-Арча» комплексиндеги эки жеке турак үй,
– Бишкектин Манас проспектисиндеги 11/1 (он бир бөлчөк бир) даректеги кеңсе;
– «Тойота Лэндкрузер 150» үлгүсүндөгү жолтандабас;
– Коммерциялык банктардагы Шадиевге тиешелүү 5954 доллар (404 миң 872 сом);
– Коммерциялык банктардагы Шадиевдин жубайы Асел Шадиевага таандык 57 069 доллар (3 млн 880 миң 692 сом) жана 290 миң 535,99 сом;
– «Трейд Инвест» («Ала-Арча» соода оюн-зоок борбору), уставдык капиталы 100%;
– «Ларель», уставдык капиталы 50%.
Шадиевдин мүлкү, мамкызматтын "наркы"...
Шадиевдин мүлкү, мамкызматтын "наркы"...
Соттун чечиминен кийин эл арасында мынчалык чоң суммадагы байлыкка таң калгандар көбөйдү. Шадиевдин мүлкү айрыкча социалдык тармактарда кызуу талкууга түштү. Айрымдары ал мурдатан бизнесте жүргөнүн, ийгиликтүү ишкер экенин айтып чыгышты.
Эки миллиард сомго жакын байлыкты Аскарбек Шадиев жана анын үй-бүлөсү маңдай тер менен тапканына ишенбегендер да бар. Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу боюнча эксперт Бакыт Рыспаевдин пикиринде, Шадиевдин байлыгы Кыргызстанда мамлекеттик кызмат оңой жана мыйзамсыз баюунун булагына айланганын айгинеледи:
- Кыргызстан эгемендик алгандан бери Аскарбек Шадиев бийликке ыңгайлуу болгон чиновниктин үлгүсүн көрсөттү. Акаев, Бакиев, Атамбаевдин учурунда чоң кызматтарда жүргөнү - бийликтеги адамдын тилин таап, коюн-колтукка кирүүнү оңой өздөштүрүүнүн белгиси. Ал ушундай жолдор аркылуу байлык топтоду деп ойлойм. Анткени, мынча көп байлыкты бизнес кылып, өз эмгеги менен таба албайт. Шадиев мүлктү кызматта туруп топтогон же башка да жолдору болушу мүмкүн. Мамлекеттин эсебинен мыйзамсыз байыган чиновниктердин мүлктөрүн чогултса, Кыргызстандын ар бир облусундагы ички жолдорду оңдоого жетет. Андай каражат 10-15 эле кишиден чыгышы мүмкүн. Бизде чоң кызматка барып, бизнес кылса ыңгайлуу болоорун билгени үчүн көп адамдар бийликке жулунушат. Шадиев да мунун бир мисалы.
Аскарбек Шадиевдин өзү жана анын жакындары конфискациялана турган мүлктөр тууралуу комментарий бере элек. Шадиевдин Кыргызстандагы үй-бүлө мүчөлөрү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болбоду.
Анын адвокаты Учкун Каримов сотто айыпталуучунун күнөөсү далилденбеди деген негизде аны актоону өтүнгөн. Буга Аскарбек Шадиевге коюлган айыптар "мыйзамсыз жана негизсиз" деген жүйө келтирген. Сыйлыкка байланыштуу иште Шадиев күбө катары өткөнүн, андыктан анын чек арадан өтүшүнө эч кандай тоскоолдук болбогонун айткан. Каримов райондук соттун чечиминин үстүнөн жогорку инстанцияга даттана турганын "Азаттыкка" билдирди:
- Чечимди соттун жүрүшүндө уктук. Бирок колубузга ала элекпиз. Он күн ичинде колго тиет. Ошондон кийин толук таанышып туруп, туугандары менен кеңешип чечим кабыл алабыз. Эгерде шаардык сотко арыз жазсак, чечим туурабы же жокпу ошол инстанцияда каралат.
Ошол эле маалда Учкун Каримов Шадиевдин бул мүлктөрү кайдан чогулганы тууралуу түшүндүрмө берген жок. Ал эми УКМК буга чейин "Азаттыкка" "Шадиев качканга чейин мүлкүнүн көбүн сатып жиберген" деп билдирген.
Жалпысынан мурдагы аткаминерге карата үч кылмыш иши козголгон. Анын бири - КМШнын парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңеш бөлгөн 30 миң доллардын уурдалышы менен байланыштуу. Чуулгандуу бул иш ачыкка чыккандан кийин Аскарбек Шадиев Кыргызстандан табышмактуу жагдайда качып кеткен. Анын эртеси Шадиевге 304-берене ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен иш козголгон. Көп узабай 346-берене менен "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде экинчи иш ачылган. Андан кийин 183-берене ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо") боюнча үчүнчү кылмыш иши козголуп, сырттан айып тагылган. 25-декабрда Биринчи май райондук соту Шадиевди алгачкы эки берененин негизинде күнөөлүү деп тапты.
Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин баары 2004-жылдан тартып топтогон байлыгы, тапкан-ташыган кирешеси тууралуу декларация толтурат. Бирок аткаминерлердин мал-мүлкүн жаап-жашырып, ачык көрсөтпөгөнү жыл сайын ачыкталып келет. Мамлекеттик кадр кызматынын мурдагы жетекчиси Чолпонкул Арабаев Шадиевдин иши мамлекеттик кызматкерлерге сабак болушу керек деп эсептейт:
- Муну өзгөчө жогорку мамлекеттик, саясий кызматтагылар эске алышы керек. Азыр 500дөн ашык мамлекеттик кызматкерлердин декларациясы туура эмес деп, административдик жаза алганы айтылып атпайбы. Ошондой болгон учурда жогорку кызматтагы аткаминерлер өздөрү эле арыз жазып, иштен кеткени оң. Болбосо иште алдыга жылыш мүмкүн эмес.
Айта кетчү жагдай, сот Аскарбек Шадиевдин байлыктары мыйзамсыз топтолгон деп таап, аларды мамлекетке чегергени менен мурдагы депутатка карата "Мыйзамсыз баюу" беренеси менен иш козголгон эмес. Азырынча экс-вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев Кылмыш-жаза кодексине 2011-жылы киргизилген “мыйзамсыз баюу” беренеси менен камалган биринчи аткаминер.
"Азаттыктын" архиви: 16-май, 2018-жыл
Аскарбек Шадиев Кыргызстанда жүргөн кезинде Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык үчүн бөлүнгөн акчанын уурдалып кеткенине өкүнөрүн айткан, бирок өзүнүн жоопкерчилиги тууралуу дооматтарды четке кагып келген.
УКМК Аскарбек Шадиевдин Тажикстан аркылуу АКШга чыгып кеткенин эки айдан кийин ырастаган. Ага издөө жарыялаган, бирок атайын кызмат аны экстрадициялоо аракеттери тууралуу ушу кезге чейин маалымат бере элек.
Борбордук шайлоо комиссиясы Шадиевди депутаттык мандаттан 2-ноябрда ажыраткан.