Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Шадиевдин мандат кайгысы


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр жана парламенттин экс-депутаты Аскарбек Шадиевдин өзүнүн катышуусуз соттук териштирүү башталды.

Сотто анын адвокаты Учкун Каримов Аскарбек Шадиев өлкөгө кайтып келгенге чейин ишти кароону белгисиз мөөнөткө жылдырууну өтүндү.

Ал арада Аскарбек Шадиевге карата үч кылмыш иши тең жасалма козголгону, жакында аны фракциядан чыгаруу жана мандаттан ажыратуу жөнүндө кабыл алынган чечим мыйзамсыз болгону тууралуу анын атынан Интернетке билдирүү тарады. БШК менен "Бир Бол" фракциясы Шадиев өз арызынын негизинде мүчөлүктөн чыгарылып, мандаты мыйзамдуу алынганын жарыялап, анын билдирүүсүн “түшүнүксүз саясий оюн” катары баалашты.

Үч иштин бири сотто карала баштады

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 5-ноябрда мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетин жетектеп турганда Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар сыйлыктын кымырылып кетишине байланыштуу ага козголгон кылмыш ишин кароого киришти.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) бул иш боюнча ага карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Мындан сырткары, ага каршы козголгон “Кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштыруу” жана “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренелер менен эки кылмыш иши тергөөдө турганы айтылган.

Мамлекеттик айыптоочу сотто Аскарбек Шадиев издөөдө болгондуктан ишти анын катышуусуз карай берүүнү өтүндү. Адвокат Учкун Каримов сыртынан айыбы угузулган адамдын ишин кароого мүмкүн эмес экенин айтып, соттук териштирүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырып туруу боюнча сотко өтүнүч келтирди:

- Шадиев азыр өлкөдө жок. Ошондуктан мен сотко Аскарбек Шадиев сотко келгенден кийин гана анын ишин кароо боюнча өтүнүч келтирдим. Ошондо гана бул ишти караганга соттун укугу бар. Бирок ал чет жакта жүргөн учурда анын ишин сыртынан караган туура болбой калат. Ага айыбы жеке өзүнө угузулган эмес, айыптоо корутундусу колуна бериле элек болсо, кантип анын иши сотто каралат? Азырынча Аскарбек Шадиевдин качан өлкөгө кайтып келери белгисиз. Буга чейин анын туугандары Шадиев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кеткенин айтышкан. Ал дарылануусу аяктаган соң өлкөгө кайтып келет деген үмүтүбүз бар.

Адвокат Учкун Каримов буга анын коргоосундагы Аскарбек Шадиев тергөөдө суралбаганын, тергөө материалдары менен таанышпаганын жана айыптоо корутундусун колуна ала электигин жүйө келтирди. Ишти карап жаткан судья Эмил Кайыпов адвокаттын өтүнүчүн четке кагып, мыйзам соттолуучу өзү жок болсо деле, ишти кароого жол бере турганын билдирди. Ошентип, бул иш боюнча сот жараяны улантыла турган болду. Ошол эле кезде азыр каякта жүргөнү белгисиз Аскарбек Шадиевдин атынан Интернетке кайрылуу тарады. Билдирүүдө ага козголгон үч кылмыш иши жасалма экени белгиленген. Ошондой эле Аскарбек Шадиевдин атынан билдирүү жасаган адам аны жакында фракциядан чыгарып, депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечимдер да мыйзамсыз чыкканын жазган. Билдирүүдө ал өзү фракциядан чыгуу туурасында арыз жазбаганы белгиленген.

Анткен менен "Бир Бол" фракциясы Аскарбек Шадиевдин фракциядан чыгуу тууралуу арызы келип, каралгандан кийин эми азыр арыз бергенин танганы таң калычтуу экенин жарыялады.

Жогорку Кеңештин "Бир Бол" фракциясынын депутаты Улукбек Ормонов алты айдан бери дайыны жок болуп жаткан Аскарбек Шадиевдин атынан тараган бул билдирүүнү саясий оюн катары мүнөздөдү:

- 1-ноябрда фракцияда анын атынан келген арызды карап, чечим чыгарганбыз. Арызда өзүнүн эле колу болчу. Аны фракциянын жыйынына катышкандардын баары эле көргөнбүз. Фракциянын лидери баяндама жасап, "ушундай арыз түштү" дегенден кийин биз аны колдоп бергенбиз. Эми билдирүү жасап жатканы бир кызыктай окуя болуп жатат. Алты айдан бери жумушка келбей жүрүп кокустан эле билдирүүсү чыкканы табышмак. Ал билдирүүнүн чыккандын өзүндө шегибиз бар. Бул саясий оюн болушу да мүмкүн. Эмнеси болсо да эгерде Аскарбек Шадиевдин бул билдирүүсү чын болсо, анда ал туура эмес. Биз аны фракциялаштары катары дайыма аны колдоп келгенбиз. 30 миң доллар боюнча кылмыш иши козголгондо да "ал киши мындайга барбайт, балдар алып келген кагазга байкабай, ишенип кол коюп берип салышы мүмкүн" деп кайрылуу жасап чыкканбыз.

Аталган билдирүүдө Аскарбек Шадиев жакын арада өлкөгө кайтып келбей тургандыгы, анткени Кыргызстандагы сот адилеттигине ишенбестиги, учурда өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрү үчүн чочулай турганы жазылган. Ошондой эле анда Аскарбек Шадиевге карата козголгон кылмыш иштери саясий куугунтук жана анын мүлкүн ээлеп калуу аракети катары көрсөтүлгөн. Аскарбек Шадиевдин атынан тараган билдирүүдө аны депутаттык мандаттан ажыратуу тууралуу чечимдин мыйзамсыздыгы ал жасалма арыздын негизинде фракцияда кабыл алынганы менен түшүндүрүлгөн.

БШКнын түшүндүрмөсү

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары басары Абдыжапар Бекматов Аскарбек Шадиевдин өзүнүн колу коюлган арыздын жана фракция чечиминин негизинде аны мандаттан ажыратуу жөнүндө токтом чыкканын билдирди:

- Фракцияга депутат өзү арыз берген. Ошол арыздын негизинде аны фракциянын катарынан чыгаруу жөнүндө чечим чыккан. Ошол мезгилден баштап, Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууга укуктук негиз пайда болду. Борбордук шайлоо комиссиясы 65-берененин төртүнчү бөлүгүнүн, 1-пунктунун негизинде депутаттык фракциянын чечимине ылайык Жогорку Кеңештин депутаты Шадиев Аскарбек Алимбаевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурун токтотуу боюнча чечим кабыл алды.

Буга чейин Аскарбек Шадиевге карата алгачкы кылмыш иши козголгондо ал Лейлекке кетип, андан ары Тажикстан аркылуу Москвага барып, андан ары АКШга учуп кеткенин УКМК эки айдан кийин расмий ырастаган болчу. Аскарбек Шадиев Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьерликке дайындалып, ошол эле кезде депутаттык мандатын сактап калган эле. Кийин ал ага козголгон кылмыш ишине байланыштуу вице-премьерлик кызматын өткөрүп берген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG