Линктер

шаршемби, 23-октябрь, 2019 Бишкек убактысы 10:44

Батукаевдин иши, башчылардын «изи»


Азиз Батукаев.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти тергеп бүткөнүн жарыялады.

Иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен иликтенип, материалдар 27-сентябрда Башкы прокуратурага жиберилди. Башкы көзөмөл органы чечимдердин мыйзамдуулугун карап, сотко жөнөтөт.

ИИМдин маалыматында айтылгандай, бул иште шектүү катары өтүп жаткан 19 кишинин 14ү тергөө менен кызматташууга макул болуп, тийиштүү кагазга кол койгон. 18 шектүү иштин материалдары менен таанышып чыккан.

«Батукаев иши» - эгемен Кыргызстандын тарыхында эң чуулгандуу жана көлөмдүү да иштердин бири. ИИМдин акыркы маалыматында айтылгандай, кылмыш ишинин материалдарынын жалпы көлөмү эле 451 томго чыккан. Кылмыш ишинин козголушуна Жогорку Кеңеш бул боюнча улам-улам маселе көтөргөн депутаттардын талаптары себеп болсо, анын улантылышы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин суракка келүүдөн баш тартышы менен коштолуп, ал акыры быйылкы чуулгандуу Кой-Таш окуяларына алып келди.

Бул ишке байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон жоон топ саячатчылар айыпталууда. Алардын асты камакка алынса, арты өлкөдөн изин суутуп кетти. Атап айтканда, Алмазбек Атамбаев адам өмүрүн алган окуянын алкагында камакка алынды. Ал эми кылмыш ишинде аты айтылгандардын ичинен мурдагы саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева менен экс-вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова, ошол учурдагы Жаза аткаруу кызматынын башчысы, депутат Зарылбек Рысалиев, дарыгер Ирина Цопова үй камагына чыгарылды. Буга чейинки маалыматтардан белгилүү болгондой, сөз болуп жаткандардын арасынан Шамил Атаханов, Аида Салянова, Зарылбек Рысалиев тергөө менен кызматташууга макул болушкан. Жалпысынан ИИМ тергөө менен кызматташууга макулдугун билдирген жарандардын аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок.

Бирок камака алынган соң мурдагы президент Алмазбек Атамбаев андай кызматташтыктан баш тартканы буга чейин кабарланган. Батукаевдин ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча айып коюлган. Ал учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Камалганга чейин ал бул ишке тиешеси жок экенин айтып келсе, Кой-Таш окуяларынын алдында бул иш боюнча суроолорго адвокаты аркылуу гана жооп берерин билдирген. Азырынча анын таламын талашкандар негизинен Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундарынын укуктары бузулганын билдирип, маселени ошол өңүттө коюшууда. Батукаевдин ишине байланыштуу анын уулу Кадырбек Атамбаев гана үн катты.

Кадырбек Атамбаев.
Кадырбек Атамбаев.

«Алмазбек Атамбаев Батукаевди чыгаргысы келип жатса эмнеге ырайым берүү укугун колдонгон эмес? Ал президент катары мыйзамдуу түрдө чыгарууга укугу бар болчу», – деп жазды ал социалдык тармактарда.

Бул иште аты аталган Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевди Интерпол аркылуу издөө уланууда. Укук коргоо органдары Бусурманкул Табалдиевди таппай жатканы тууралуу маалымат 8-июлда чыккан. Анын Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин айрым маалымат каражаттары да жазып чыккан. Кийин социалдык тармактагы айрым колдонуучулар Табалдиевди Анкара шаарынан көрүшкөнүн жазышкан. Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары эч кандай комментарий беришкен жок.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылганы же чакырылбаганы айтылган эмес.

Батукаевдин иши ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн гана эмес, сот системасынын да адамдарынын чечимдерине карата суроо жараткан. Андыктан быйыл жайында тиешелүү чечимди кабыл алган Нарын шаардык сотунун мурдагы судьясы Жапар Эрматов камакка алынган. Кийин президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен ал кызматынан убактылуу четтетилген.

Бул иште аты аталган Жогору соттун мурдагы төрайымы Феруза Жамашева «Азаттыкка» комментарий берип, Батукаев түрмөдөн бошогонун ал Кыргызстандан учуп кеткенден кийин гана билгенин айтканы бар.

Феруза Жамашева.
Феруза Жамашева.

- Мен ал иш боюнча (ред: Азиз Батукаевдин) эч кимге эч нерсе деп айткан жокмун, - деген ал. - «Андай кылгыла, мындай кылгыла» деген эмесмин. Мен төрайым (ред: Жогорку соттун) болгонум үчүн эле жоопкерчиликке тартылганым болбойт го дейм. Ал (ред: Батукаев) бошоп учуп кеткенден кийин, эртеси депутаттар маселе көтөрүп чыкканда билгем. Моралдык жоопкерчилик боюнча айтсам, ар бир судьянын ишине кандайдыр бир деңгээлде моралдык жоопкерчилик бар. Бирок республика боюнча канча судья бар, алардын ар биринин ишине жооп берүү мүмкүн эмес. Мыйзам боюнча ар бир судья ишти өзүнүн ар-намысына жараша карайт. Алардын баарына жооп берүү туура эмес.

Азиз Батукаев 2013-жылдын апрелинде «оор дартка кабылды» деген негизде Нарын шаардык сотунун чечими менен мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, чартердик учакта Чеченстанга учуп кеткен. Ошол убакта парламентке чакырылгандардын дээрлик баары бул чечим мыйзамдуу болгонун айтканы бар. Кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (13)

XS
SM
MD
LG