Линктер

шейшемби, 17-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:56

Апта: Бабановдун сурагы, Текебаевдин соту


Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов. Архивдик сүрөт.

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп (19-25-август, 2019-жыл).

Сурактан суракка каттаган Бабанов

«Республика» партиясынын лидери, эки жылдай четте жүрүп Кыргызстанга ушул айда кайтып келген Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) 23-августта экинчи жолу сурак берди. Ал беш сааттан ашык сурак берген соң, журналисттерге бир нече кылмыш иши боюнча көрсөтмө бергенин билдирди.

Бабановдун айтымында, бул күнкү көрсөтмөлөрү 2017-жылдагы үгүт өнөктүгүнүн учурунда Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү үчүн эмес, башка ишке байланыштуу болду.

«Бул жакка киргенде бир иш боюнча киргенбиз. Бирок башка ишти көрсөтүштү. Ал боюнча суроолоруна жооп бердим. Түшүнгөнүмө караганда, УКМКда үч кылмыш иши бар экен», - деди Бабанов.

Башкы прокуратура Бабановдун 2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир Темир кичирайонундагы сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Ага «Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу» беренеси боюнча айып коюлган. Ал 20-августта УКМКда беш сааттай сурак берген.

«Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деген сөздү ар бир облуска барганда айткам.

«Мага ачылган кылмыш иштери боюнча мыйзамдуу түрдө жооп берип, бардык иштер мыйзамдуу түрдө жабылат деп ойлойм, - деди ал. - Менин күнөөм жок. Он-Адырда тартылган менин видеолорумду карап чыксаңар «чоң муштумдардан коркпогула, келип добушуңарды бергиле» деп айткам. Ал эми «Тизелеп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы» деген сөздү ар бир облуска барганда айткам. Мен Он-Адырда «биз көп улуттуу мамлекет болгонубузга сыймыктанышыбыз керек» дейм».

Ошондой эле саясатчы Кыргызстанга келгенден бери Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы) «Кыргызстан» банкы боюнча эки жолу сурак берип чыкты. Быйыл банкка байланыштуу кылмыш иштерин териштирүү жанданганы белгилүү болгон.

Бабановго байланыштуу баш-аягы төрт кылмыш иши бар экени маалым болду. Анын бири 2017-жылы шайлоо маалында «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган иш. Өмүрбек Бабанов өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, козголгон кылмыш ишинин негизи жок экенин айтып жүрөт.

Бабанов УКМКга сурак берди
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:37 0:00

Талдоочу Алмаз Тажыбай Өмүрбек Бабановдун саясатка кайра аралашуу ниети бар деген пикирде.

«Бабановдун саясатка толук киришкенине ага козголгон кылмыш иштери тоскоолдук кылып жатат, - деди серепчи. - Ошондуктан ал өзүнө мыйзамдуу түрдө жол ачууга аракет кылууда. Бабанов кылмыш иштеринен арылса гана саясатка аралашат. Себеби, саясаттын жолу ушундай. Саясатчы саясий ишин убактылуу токтотуп коюшу мүмкүн. Бирок саясат деген ушул – кетип, кайра келе беришет. Анын үстүнө Бабановдун «Республика» партиясы кийинки парламенттик шайлоого катышышы керек да».

Бабанов президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон. Утулуп калгандан кийин Кыргызстандан чыгып кетип, эки жылга жакын сыртта жүрүп, быйыл 9-августта кайтып келди.

Текебаев-Чотонов иши кайра каралат

Ушул аптада Кыргызстандын соңку тарыхындагы эң талаштуу сот жараяндарынын бири, «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.

Жогорку соттун 21-августтагы чечимине ылайык, эки саясатчыга чыгарылган буга чейинки өкүмдөрдүн баары жокко чыгарылды. Иш кайра кароо үчүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Текебаев менен Чотоновдун өкүмдөрү жокко чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Текебаев менен Чотоновдун өкүмдөрү жокко чыгарылгандан бери адвокаттар алардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча азырынча сотко кайрыла элек.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев Жогорку соттун ишти кайра тергөөгө жөнөткөн чечими боюнча оюн билдирди. Ал өзүнүн актыгын далилдей турганын Жогорку Кеңештин депутаттары, жактоочулары жана партия мүчөлөрү менен сүйлөшкөн учурда сөз кылган.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов айтып берди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Депутаттар, адвокаттар барып жолуктук. Маанайы жакшы. Мыйзам боюнча ушундай болуш керек эле, кеч болсо да адилеттик орнойт деген ушул. «Мен актыгымды далилдейм», - деп, партиялаштарын куттуктады».

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда дарыланып жатат.

Мурдагы мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевди эң катуу сындап жүргөн оппозиционер Өмүрбек Текебаев 2017-жылдын февралында кармалган. Ал Дүйшөнкул Чотонов экөө орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде «Коррупция» беренеси менен айыпталып, сегиз жылга соттолгон. Кийин арыздануучу Леонид Маевский өзү ири өлчөмдөгү алдамчылык үчүн Орусияда камакка алынган.

Бир катар саясатчылар, укук коргоочулар жана жарандык коом өкүлдөрү Текебаевдин кармалышын башынан эле саясий өңүттө болгон деп баалап келе жатышат.

Алмазбек Атамбаев болсо мамлекеттик жыйындарда жана журналисттер менен маегинде Текебаев «күнөөлүү» экенин айтып келген. Бирок президенттиктен кеткенден кийин, өзгөчө азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен тиреши күчөгөн акыркы айларда, мурдагы риторикасын бир аз өзгөрткөндөй болгон.

«Факт сотто далилденген. Бирок ал жазасын эбак эле өтөп койгон. Мен Текебаевдин кылмыш иши боюнча катаал маселеге туруштук беришим керек эле. Анткени парламентте Текебаевдей адамдар абдан керек экендиги көрүнүп турат. Ал узурпатор Атамбаевге салыштырмалуу Сооронбайдын (Жээнбеков - ред.) убагында көбүрөөк отурат», - деген Атамбаев быйыл июль айындагы сөзүндө.

Президент Сооронбай Жээнбеков былтыр 19-декабрда өткөн басма сөз жыйынында Текебаевди түрмөдөн бошотуу маселесине кийлигише албай тургандыгын, өзү кайрылса гана мыйзам боюнча ырайым берүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Бирок Текебаев өзү арыз жазуудан баш тарткан.

Коррупцияга каршы күрөш күчүндөбү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:47:17 0:00

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков сот чечимин «соңку саясий кырдаалга байланыштуу бийликтин элди алаксытуучу кадам» деп баалады.

«Биринчи май райондук соту деле кийин «негиз жок» деп коюшу мүмкүн. Бул убактылуу, элди алаксытуу катарында кабыл алынган саясий чечим болду. Себеби Башкы прокуратура буга каршы болду. «Саясий кырдаал турукташып баратканда кайра козутуп албайлы» деген максатта кабыл алынды деп ойлойм. Азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жок. Биринин саясатка киришип (Өмүрбек Бабанов – ред.), экинчисинин түрмөдөн чыкканы кереги жок. Алар кошумча оор түйшүктү алып келет. Ошондуктан Текебаевдин бөгөт чарасын карап, түрмөдөн чыгарып коёт дегенге ишенгим келбей турат».

Атамбаевдин УКМКдагы соту

20-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын карап, 26-октябрга чейин камакта калтырды. Сот УКМКнын имаратынын ичинде өттү. Адвокаты Замир Жоошев Атамбаев соттун чечимине макул эмес экенин, отурумдун атайын кызматтын имаратында өткөнү да мыйзамсыз болгонун журналисттерге айтып, Жазык-процессуалдык кодекстин эрежелери бузулуп жатканын билдирди.

Ал эми Атамбаевдин дагы бир адвокаты Сергей Слесарев мурдагы президент сотто бир да сөз сүйлөбөгөнүн маалымдады:

Сергей Слесарев.
Сергей Слесарев.

«Алмазбек Шаршенович өзүн канааттандырарлык сезип жатат. Көрүнүшү деле жакшы. Бүгүн ал соттук отурумда бир да сөз сүйлөгөн жок. Албетте, анын эркиндигин мыйзамсыз чектеп жатышат».

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев күбө катары Ички иштер министрлигине үч жолу суракка чакырылып, барган эмес. 8-августта аны Кой-Таштагы үйүнөн алып кетишкен. Аны кармап алып кетүү операциясына күч түзүмдөрү тартылган. Тилекке каршы бул окуяларда эл күч органдары менен кагылышып, бир офицер курман болуп, 130дан ашуун адам жаракат алган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир катар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген.

Мурдагы президент «Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук», «Массалык башаламандык уюштуруу», «Киши өлтүрүү», «Кылмышка аракеттенүү», «Барымтага алуу», «Куралдуу ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү» сыяктуу беренелер, жалпысынан кеминде 15 иш боюнча шек саналып жатат.

Суракка чакырылгандар

Атамбаевдин иши боюнча сурак бергендер менен кылмыш иши козголгондордун тизмеси бул жумада да уланды.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров 20-августта, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында күбө катары, эки саат бою сурак берип чыкты. Ал тергөөчүлөр мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге байланышкан суроолорду бергенин «Азаттыкка» айтты:

«Алар мага «Качан акыркы жолу жолуктуңуз эле? Качан көрдүңүз эле?» – деген суроолорду беришти. «Күбө катары» деп чакырышты. Мен окуяга катышпасам, көрбөсөм, эмнеге күбө болом?»

Жарандык активист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов да Кой-Таштагы окуялар боюнча Ички иштер министрлигине суракка чакырылган. Бул тууралуу ал өзү кабарлады.

Партиянын дагы бир саясий кеңешинин мүчөсү, «Апрель» каналынын директору Дмитрий Ложников да Аскер прокуратурасына суракка барды. Ложниковдун айтымында, ал атайын прокуратурага бир саатка жакын сурак берген. Журналист маалыматты тышка чыгарбоо боюнча тилкат бергенине байланыштуу кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айта албасын билдирди.

Буга чейин Дмитрий Ложников Кой-Таштагы окуялар боюнча ИИМ жана УКМКга сурак берип чыккан.

Алардан тышкары, Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына чыгарды. Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган.

Карамушкинанын бөгөт чарасы каралып, үй камагына алынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

Ирина Карамушкина - 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ирина Карамушкина 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон. 7-август күнү кечинде Атамбаевдин тарапташтары мурдагы президентти кармоого келген УКМКнын «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлерин барымтага алган.

Депутат өзү атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүрүүдө.

Кой-Таштагы окуялар боюнча Атамбаевдин башка дагы бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. Президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган.

Атамбаевдин айылдаштарынын кайрылуусу

Бул жумада Чүйдүн Кой-Таш жана Арашан айылдарынын тургундары кайрылуу кабыл алышты. Эки жүзгө жакын кишинин колу коюлуп, президент Сооронбай Жээнбековго жиберилген кайрылууда 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда аны колдоп чыккандарга карата куугунтук болуп жатканы айтылган жана бул көрүнүштү токтотуу жөнүндө сураныч жазылган.

Кайрылууну жазгандар Алмазбек Атамбаевди өз каалоосу менен колдоп чыгышканын, 7-8-августта желим окту күч кызматкерлери биринчи атышканын, атайын бөлүктүн жоокери каза болуп калганы орду толгус кайгы экенин, бирок бул мурдагы президенттин үйүнө чабуул уюштургандардын күнөөсү экенин белгилешкен.

Атамбаевдин тарапташтары ага козголгон кылмыш иштерин мурдагы саясий өнөктөшү, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков баштаган бийликтин саясий куугунтугу катары баалап жатышат.

Орозова: Президент оппозициянын үнүн угушу керек
please wait

No media source currently available

0:00 0:40:19 0:00

Индира Жолдубаевага кылмыш иши козголду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда чыгарылганына байланыштуу, күбө катары Ички иштер министрлигине үч жолу суракка чакырылып, бирок барбай койгондон кийин камакка алынган. Анын алдында Жогорку Кеңеш Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Бул мурдагы президентти суракка чакырууга, күнөөсү далилденсе сот жообуна тартууга мүмкүндүк берет.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз чыкканына байланыштуу, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага да Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси боюнча 20-августта иш козголгону маалым болду. Маалыматка ылайык, Жолдубаеванын бөгөт чарасы Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, үй камагына алынды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев сот тарабынан анын бөгөт чарасы катары үй камагы тандалганын билдирди:

«Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү ишинин алкагында ага Жазык кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгү жана 43-беренесинин 4-бөлүгү менен кылмышка шектелип жатканы боюнча маалымдама тапшырылып, ал суракка чакыртылган. Анан анын бөгөт чарасы сотто каралып, сот аны үй камагында калтырууну тандады. Бул боюнча тиешелүү тергөө иши улантылууда».

Жарандык активист Адил Турдукулов күч түзүмдөрү буга чейин УКМКнын мурдагы төрагасы менен мурдагы башкы прокурорду жоопко тартууга шашылбай келгенин айтты. Ал Индира Жолдубаеваны үй камагында калтырган жагдай бийликте чынында эле ага жан тарткандар бар экенин ырастай турганын билдирди:

«Буга чейин эле Жолдубаева менен Сегизбаев жоопко тартылбай, укуктук-процессуалдык чара көрүлбөгөнү «Азыркы бийликте аларды калкалап жаткан таасирдүү бирөөлөр барбы?» деген шек жаратып келген. Же болбосо «Азыркы бийликке карата алардын колунда кандайдыр бир компромат болушу мүмкүнбү?» деген суроо турат. Бирок эми азыр Жолдубаевага карата кылмыш иши козголгону, алардын баары бир жазасыз калбай турганынан үмүт бере баштады. Анткен менен Жолдубаеванын башкалардай болуп камакка алынбай, үй камагында калышы көп нерседен кабар берет. Анткени Салянованын кичине кызына карабай алып барып камашкан. Жолдубаеваны эмне себептен сыртта калтырышканы түшүнүксүз. Демек бийликте аны колдоп, калкалап, жоопкерчиликтен куткарууга таасир эте ала турган бирөөлөр бар экени дайын болуп калды. Болбосо экөөнө бирдей эле мамиле болушу керек эле».

Индира Жолдубаева 2015-жылы январь айында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен парламентте көпчүлүк добуш алып, кызматка келген.

Анын тушунда бир топ оппозиция өкүлдөрүнө, депутаттарга, саясатчыларга кылмыш иштери козголуп, көпчүлүгү эркинен ажыратылган.

Индира Жолдубаева - Конституциялык соттун мурунку төрайымы Чолпон Баекованын бир тууган сиңдисинин кызы, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашевдин балдызы.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов баш болгон 20га жакын мурдагы мамлекеттик кызматкерлерге, аткаминерлерге, дарыгерлерге айып коюлган. Учурда бул кылмышка байланыштуу айыпталгандардын арасынан мурдагы президент УКМКнын тергөө абагында кармалып турса, калгандары үй камагына чыгарылган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулуп, Орусияга чыгып кеткенине байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра иликтене баштаган.

Батукаевдин адовкаты, 80 жаштагы Али Касымов 31-июлда кармалып, Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган. Касымов тергөө менен кызматташууга макул болгонуна байланыштуу анын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (36)

XS
SM
MD
LG