Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:36

Текебаев менен Чотоновдун иши кайра каралат


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту. 15-август, 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту. 15-август, 2017-жыл.

Жогорку сот Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин кайра кароого жөнөттү.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароого жөнөтүлдү.

Жогорку сот бүгүн ушундай чечим чыгарды. Буга чейинки чечимдердин баары жокко чыгарылды.

Иш Бишкектин Биринчи май райондук сотунда кайра каралмай болду.

Саясатчылардын тарапкерлери бүгүнкү чечимди чыгарган сотторду алкап, бирин-бири куттуктап жатышты.

Текебаевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова бул иш саясий өңүткө ээ экенин айтты:

«Экс-президент, Жогорку Кеңештин экс-төрагалары, экс-премьерлер, депутаттар жана башкалар болуп 50гө жакын күбөнүн көрсөтмөлөрүнө сот көңүл бурулган эмес. Алтымыштан ашык расмий далил документ да көз жаздымда кала берген. Мен буларды иш чынында эле саясий негизи бар экенин баса белгилеш үчүн айтып жатам».

Текебаев менен Чотоновдун өкүмдөрү жокко чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:23 0:00

Бирок сотто мамлекеттик айыптоочулар ишти кароого эч кандай жаңы жагдайлар жок экенин айтып, соттон чечимдерди өзгөртүүсүз калтырууну суранышты.

Жогорку соттун бул чечими «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди жана экс-элчи, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду актоого негиз болоруна ишенбегендер да бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков сот чечимин соңку саясий кырдаалга байланыштуу бийликтин элди алаксытуу кадамы деп баалады.

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Биринчи май райондук соту деле кийин «негиз жок» деп коюшу мүмкүн. Бул убактылуу элди алаксытуу катарында кабыл алынган, саясий чечим болду. Себеби Башкы прокуратура буга каршы болду. «Саясий кырдаал турукташып баратканда кайра козутуп албайлы» деген максатта кабыл алынды деп ойлойм. Азыр бийликке эки Өмүрбектин кереги жок. Биринин саясатка киришип (Өмүрбек Бабанов – ред.), экинчисинин түрмөдөн чыкканы кереги жок. Алар кошумча оор түйшүктү алып келет. Ошондуктан Текебаевдин бөгөт чарасын карап, түрмөдөн чыгарып коёт дегенге ишенгим келбей турат».

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов боюнча Жогорку соттун чыгарган чечими тууралуу «Азаттыкка» комментарий берди. Ал саясий басым болбосо соттор калыс чечим чыгарууга даяр деп эсептейт. Ошону менен катар ал муну сот системасындагы реформалардын жүрүшү менен байланыштырды:

Темир Сариев.
Темир Сариев.

«Сот системасында реформалар жүрүп жатат. Мурда кийлигишүү, сотторго үстөмдүк болчу. Азыр мыйзам чегинде чечим кабыл алышына мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат. Сот бүгүнкү чечимди жаңы жагдайлардын негизинде чыгарды деп түшүнөм. Биринчи инстанцияда 13-май күнү боюнча колумдагы кагаздар менен сотко барып, көрсөтмө бергем. Ал күнү биз Убактылуу Өкмөттүн чукул чакырылган жыйынынын чечимдерин талкуулап, кол коюп бергенбиз. «Ал ошол саатта, ошол убакта жыйынга катышкан» деп айтылып, документтерге кол коюп жатат. Ал убакта башка жерде болууга мүмкүнчүлүгү жок болчу. Бул анык, так далилдер болчу. Тилекке каршы, ошол убакта муну сот эске алган эмес. Кайра баштапкы сотко жөнөткөнү туура чечим болду. Эми алар кылдат карап чыгып, чечим кабыл алат деп ойлойм».

Сариев Текебаевге кайрылып, түрмөдөн акталып чыкса мурдагы иштер үчүн өч алып, таарынбоого чакырды:

«Эң негизги багыт - мамлекеттин биримдиги болуш керек. Өч алуу, таарыныч деген болбош керек. Саясат деген өзү ушундай, ачуу, курч болот экен. Саясатка барган адамдар эч кимге таарынбашы керек».

Жарандык активист Гүлжигит Исаков бүгүнкү чечим Текебаевдин күнөөсү далилденбей калгандыктан эмес, саясий кырдаалга байланыштуу гана чыкты деп эсептейт. Исаков соттор жогорку жактын буйругу менен ыңгайлуу саясатчыларга оң чечим чыгарып берип жатат деген оюн айтты:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Маевский деген ким эле? Алдамчы инвестор кимдин чакыруусу менен келди эле? Ошол Текебаевдин чакыруусу менен келген. Алар башаламан кырдаалдан пайдаланып баалуу нерсени бекер алып калалы дейт. Ошону чакыргандар кеп болуп атат. Айтып жатышат, «акча банктан которулбаптыр, көтөрүп келбептир» деп. «Азыр Саймаити дегендер акчаны мындай эле которуп коет» деген сөздөр чыгып атат. Ошондой эле схема менен эле Москвадан бул жакка бир миллионду алып өтүш оңой. Текебаевдин андан башка кылмыштары толтура. Саясий кырдаалга карата ушундай чечим болду. Эр болсо Садыр Жапаровду чыгарсын, мыйзам экөөнө тең бирдей иштеши керек».

Бул окуяга байланыштуу жалпы эле сот системасынын иши тууралуу маселе көтөргөн адистер да бар. Алардын айтымында, Өмүрбек Текебаев жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүлөрү түзгөн сот системасынын курмандыгы болуп жатышат. Мындай пикирин бүгүн «Азаттык» радиосуна юридика илимдеринин доктору, профессор, талдоочу Бекбосун Бөрүбашев билдирди.

Анын баамында, Текебаевдин мисалында «сот адилеттүүлүгү Кыргызстанда канчалык деңгээлде бар, бар болсо эл үчүн кандай кызмат кылып жатат деген маселени коюу зарыл».

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

«Текебаев, Атамбаев жөнүндө айтып түгөтө албай жатабыз, - деди ал. - Бирок булар азыркы сот, укук коргоо системасын өз колу менен түзгөн адамдар да. Укуктук, саясий, уюштуруучулук жактан бир адамдын гана көзүн карап турган системаны түзүп алышкан. Табалабайм, бирок өзүлөрү ошонун курмандыгы болуп жатышат. Сот системасын кайра түзүш керек. Албетте, мен судьялардын арасында баары эле жаман деп айтпайм, а бирок кайсы бир бөлүгү чөнтөгүндөгү акчаны же жогору жактан телефон чалууну күтөт. Бүгүнкү күндөгү сот системасын Убактылуу Өкмөт, ошол эле Текебаев өзү түзгөн, Атамбаев катышкан, Отунбаева баарынын башында турган».

Буга чейинки отурум 16-июлда болуп, иштин көптүгүнө байланыштуу териштирүү 21-августка калтырылган.

Бүгүнкү сотко президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарынбаев, коомдук ишмерлер Жолборс Жоробеков, Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов, Наталья Никитенко, Эмил Токтошев, Сайдулла Нышанов жана мурдагы вице-спикери Асия Сасыкбаева келишти.

2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберишкен, бирок Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев менен Чотонов орусиялык жарандан пара алды деген негизде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең бул айыптоону ошол кездеги бийликтин саясий куугунтугу деп аташкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG