Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:03

"Өмүрбек эч качан ырайым сурабайт"


Айгүл Текебаева.
Айгүл Текебаева.

"Бийлик сырлары" берүүсүндө журналист Бермет Букашева Айгүл Текебаева менен маектешти.

Бермет Букашева: Жаза аткаруу кызматы Өмүрбек Текебаевдин жатак жайга 2020-жылдын мартында чыгарын ырастады. Буга чейин быйыл мартта чыгат, жарым-жартылай эркиндик алып, үйүнө келип турганга мүмкүнчүлүк алат деп ойлогонбуз. Эмнеге мындай болуп калды? Өзү эмне дейт? Бул калыстыкпы же жокпу?

Айгүл Текебаева: Биздин юристтер эсептеп чыгышкан, мурда Өмүрбек быйыл мартта чыгары айтылган. Жаза аткаруу кызматы болсо убакытты күйөөмдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарына кайчы келтирип, башкача түшүндүрүп атат. Бул маселени азыр юристтер тактап жатышат.

Бермет Букашева: Таңкалычтуу жагдай болуп жатат. Текебаевди 60 жылдыгында президент өзү телефон чалып куттуктады. Ооруканага белгилүү саясатчылар барды, маараке жалпы өлкөдө жакшы маанай менен белгиленди. Сүрөт көргөзмөсү уюшулду, КТРКда даректүү фильм көрсөтүлдү. Бийликтин пейили жумшарып, аны актап чыгарып ийчүдөй болуп калган. Анан кайра эле бураманы бекемдей башташты. Сиз ушунун себебин айта аласызбы?

Айгүл Текебаева: Биз деле ошондой ойлоп жатканбыз. Ал эми телефон чалганын маалымат каражаттарынан билдим. Өмүрбек мага ал тууралуу айткан эмес.

Бермет Букашева: Мага жеткен маалыматтарга караганда, президент телефондогу сүйлөшүүсүндө «буюрса жакында көрүшөбүз» деген окшойт. Андан кийин Роза Отунбаева ырайым сурап, ал өтүнүчкө парламенттеги фракция жетекчилери кол коюшкан. Бирок Текебаев жеке өзү кечирим сурабай турганын билдирген. Мүмкүн ушул себеп болуп жаткандыр? Кыязы, келишпес эки позиция - президент жеке өзү ырайым сурасын деп, ал өзү сурабай - ушундан чыгып атпасын?

Айгүл Текебаева: Аны болушунча каралашты, отургузушту, анан эмнеге ырайым сурашы керек, эмнеси үчүн сурайт? Эгер адам мунапыс берүү тууралуу өтүнүч кайрылса, анысы ырайым суроо болот. Күнөөсүн мойнуна алат. Өмүрбек үчүн бул өлүмгө тете. Өмүрбек эч качан ырайым сурабайт, мен ага ишенем. Мен юрист эмесмин, укуктук маселелерден алыс кишимин, бирок мен үчүн Өмүрбекке каршы козголгон кылмыш иши сотто эле урап түшкөн.

Бермет Букашева: Бардык фактылар ишти кайрадан кароого негиз берип жаткан…

Сот менен прокурорлордун отурган ордун, кызматын сактап калыш адам тагдырын оюнчук кылып, аны аянбай талкалап, экинчи баш көтөргүс кылыш үчүн ар кандай жамандыктарга эч ойлонбой барарын көрүп туруп жакамды кармадым.
Айгүл Текебаева.

Айгүл Текебаева: Иштин баары кайсы бир Маевский деген жарандын арызына негизделген. Коргоочулар алтымыштан ашуун документтерди, видео материалдарды койду, элүүдөн ашуун күбөлөр көрсөтмө беришти, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, Роза Отунбаева сүйлөштү. Сот аларды уккусу да келген жок, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн эске алган жок. Алар паровоздун алдына чыгып чуркап, ишти тезирээк бүтүрүп, Жогорку сот аркылуу өкүм чыгарууга ашыгышты. Мен бардык соттук отурумдарга катыштым. Сот менен прокурорлордун отурган ордун, кызматын сактап калыш адам тагдырын оюнчук кылып, аны аянбай талкалап, экинчи баш көтөргүс кылыш үчүн ар кандай жамандыктарга эч ойлонбой барарын көрүп туруп жакамды кармадым. Төбө чачты тик тургузчу нерсе.

Бермет Букашева: Демек, Орусияда алдамчы катары кармалып, кесилген шылуун Маевскийдин көрсөтмөсү белгилүү коомдук ишмерлердин, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнөн өйдө туруп, фактыларга карабай, таразанын ташын оодарып койгон экен да.

Айгүл Текебаева: Былтыркы Коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин бизде үмүт пайда болду эле. Президент Сооронбай Жээнбеков «бардык мыйзамсыз соттолгондордун иштери кайра каралат, мыйзамсыз соттолгондор болбойт» дегенде биздин адвокаттар жаңы ачылган жагдайларга негиздеп ишти кайра кароо боюнча Башкы прокуратурага кайрылышкан. Анда беш себеп келтирилген. Бирок Башкы прокуратура эч кандай негизге таянбай, ынанымдуу жооп бербей сунушту четке какты. Алардын пикиринде, Маевский кабинеттерди алмаштырып алышы, анда бир нече паспорттору болушу мүмкүн имиш. Сотто ал жалгыз паспортун эле көрсөткөн, анда аты менен атасынын аты эки башка болчу. Сот да, прокуратура да эч нерсе кылган жок. Бирок биз кол куушуруп отуруп албайбыз. Акыры адилеттик орнойт деген үмүттө отурабыз.

Бермет Букашева: Көпчүлүк деле көрүп турат, эки жылдан бери созулуп келаткан бул иш сиздердин үй-бүлөгө оор болуп жатат. Сиз өзүңүз, балдарыңыз оор жагдайда кантип жашап атканыңыздарды айта кетсеңиз.

Айгүл Текебаева: Биздин балдар кыйынчылыкты бекем эрк менен көтөрүүгө тарбияланган, алар атасынын иши оор экенин билишет. Өмүрбек отуз жылга жакын убакыттан бери чоң саясатта жүрөт. Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин тушунда оппозицияда жүрдү. Мунун баарын балдары билет, алар ушу тапта башка түшүп турган оор жагдайдан чыгарыбызга ишенет.

Кийинки эки жылда балдарым жетилишти, бала болуп туруп чоң кишилердей ойлоно башташты. Алар мага дем берип, сүрөп турушат, аларды карап туруп мен да канааттанып, үмүт артып, жашагың келет. Улуу кызым былтыр Бээжин университетин аяктады, 22 жашта, учурда Американын Борбор Азия университетинде магистратурада окуп жатат. Иштеп да жүрөт. Чоң уулум Сан-Францискодогу коллежди бүтүп, Бишкектеги бир компанияда иштеп атат. Ортончу уулум Эсен быйыл мектепти аяктайт, Бишкектеги окуу жайларынын бирине тапшырсам деп жатат. Кенжебиз Айсара онго чыгып калды, мектепте окуйт.

Бермет Букашева: Ушу кенже кызыңыз тууралуу айтсаңыз...

Айгүл Текебаева: Биринчи сот болгондо Биринчи май райондук сотунда атасын сагынып куса болгон кызым атасы менен «учурашайын» деп суранды. Алгач макул болбой, аягында бир шарт менен атасына барганда ыйлабашын сурандым. Өмүрбек жашык, ыйлап аткан кызын көрүп ал дагы бошоп кетиши мүмкүн. Биринчи сот болуп атса, эл көп чогулган, маалымат каражаттары арбын чогулган жерде кандай алып жүрүшүн айткам. Бизди залдан чыгарып ийиши да мүмкүн болчу. «Ыйлаба» дегенбиз.

Бермет Букашева: Жолугушууга канча убакыт беришет?

Айгүл Текебаева: Мыйзам негизинде бир айда бир жолу жолугушууга уруксат беришет. Кыска, узак убакыт беришет. Ошону бөлүштүрөбүз. Бир айда узакка үч күнгө.

Бермет Букашева: Абактын шарты кандай?

Айгүл Текебаева: Абак шарты боюнча, жалгыз кишилик камерада отурат. Абак аны өзгөртө алган жок, мурдагыдай эле чечкиндүү, оптимист. Биз балдар менен жолугушууга барганыбызда кызыктуу окуяларды айтып берет. Жолугушуудан балдар көңүлү көтөрүлүп, маанайы жарык чыгышат.

Бермет Букашева: Үй-бүлө тууралуу кеп болгондон улам дагы бир суроо. Көп жылдар оппозицияда чогуу жүрүштү, кийин Убактылуу өкмөттө чогуу иштеп калышты, Атамбаевдердин үй-бүлөсү менен катышыңар бар беле?

Айгүл Текебаева: Раиса Атамбаева менен ар кыл иш-чараларда жолугуп калчубуз, жаркылдаган жакшы аял. Андан башка биздин үй-бүлөлүк катышыбыз жок, алардын үйүндө конокто болгон эмесмин. Өмүрбек алардыкында конокто болчу, анда Атамбаев президент боло элек, оппозицияда эле. Алардыкында көп болгонун айтчу.

Бермет Букашева: Алар ынак достордон болбогону менен үзөңгүлөш жүрүшчү эле. Атамбаев менен Текебаев эмнеден келише албай калышты, кайсыдан талашып кетишти, сиз кандай айтат элеңиз?

Айгүл Текебаева: Саясий ичи тардык. Жеке бийлиги күчөгөн сайын Алмазбек Атамбаев «баарын мен тескейм» дегенге өттү. Өзүн өзгөчө бир жан деп эсептей баштады. Тымызын атаандашуу экөөнүн ортосунда мурда эле бар болчу. Ачык тиреш Алмазбек Атамбаев «Баш мыйзамды өзгөртөм» дегенден кийин чыкты. 31-августтагы анын «жалындуу» сөзүнөн кийин болду го деп ойлойм.

Бермет Букашева: Өмүрбек Чиркешовичти кармаганда учакта сиз чогуу учуп келгенсиз да. Аны учактын тепкичинен кармап кетиштиби?

Ага кур жалаа жаап, отургузушту. Анын күнөөсү жоктугун билем, анын күнөөсү жок. Ушуну ойлогондо кайдандыр бир кубат келет экен.
Айгүл Текебаев.

Айгүл Текебаева: 22-25-декабрда Өмүрбек экөөбүз Венада болдук. Ага чейин ал ооруканада дарыланып жаткан. Дарыгерлердин макул болбогонуна карабай Венага учуп кеттик. Өмүрбек көптөн бери мага «Венаны көрсөтөм» деп келаткан. Ал жерде ЕККУнун отуруму өтмөк. Ага каршы кылмыш иши ачылганын Венадан угуп, бирок мени капа кылбайын деп айтпаптыр. Ал эч нерсе болбогондой, токтоо жүргөнүнөн мен эч нерсе сезбедим. Көрсө, аны ошол жерде калып калсын деген үмүттө телефон чалышкан экен. Бишкекке келгенде учакта ал мага болор ишти кыскача гана айтты. «Бийлик андайга барбайт» деп камырабай турган, учактан чыгар замат эле кармап кетет деп ойлогон эмес, бийлик андайга барбайт деп ишенген.

Учак конгондо партиялаштары тынбай телефон чалып, аба майданы курчоого алынганын айтып атышты. Жоокерлер көп экен. Траптан коопсуздук кызматкерлери Өмүрбекти кармап, кошумча эшиктен алып чыгып кетишти. Мени ал жакка бастырбай, жолумду тосуп калышты. Мен дендароо болчумун, жер айланып. Эми мага үй-бүлө, Өмүрбектин жоопкерчилиги жүктөлгөнүн сезип турдум. Өмүрбек үчүн күрөш башталды. Ага кур жалаа жаап, отургузушту. Анын күнөөсү жоктугун билем, анын күнөөсү жок. Ушуну ойлогондо кайдандыр бир кубат келет экен.

Бермет Букашева: Сиздин күйөөңүз үч президенттин каршылашы болуп келди. Бул анын жыйырма беш жылдык өмүр жолу. Сиз турмушка чыга электе ушундай «декабристка» белеңиз же чогуу жүрүп күрөшкө быштыңызбы?

«Атамекенчилердин» талоончулугу боюнча иш ачышты, анысы жарабай калгандан кийин «Белизгейтти» табышты.
Айгүл Текебаев.

Айгүл Текебаева: Мен ага турмушка чыгып атканда эле оппозицияда болчу. Оппозиция эмне экенин деле билчү эмесмин. Саясаттан алыс элем, анан бара-бара көнүп кетет экенсиң. Башкача жашоону деле элестете албайм. Чоң коркунучту 2007-жылы Бакиевдин тушунда сездим. Алар Өмүрбекти «мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга тиешеси бар» деп айыптоого аракет кылышты. Андан соң «куралды мыйзамсыз сактоо» деген айыптоо аракети болду. Кийин «матрешкагейт» уюштурушуп, Өмүрбектин жүгүнө баңгизат салышты.

Бакиевдин тушунда ушундай айыптардын баары чын эле болгондой көрсөтүшкө аракет кылчу. Атамбаевдин тушунда болсо курулай жалаа жаап туруп камап коюшту. Биринчи аракети «атамекенчилердин» талоончулугу боюнча иш ачышты, анысы жарабай калгандан кийин «Белизгейтти» табышты. Анысы да урап түштү. Жакында Атамбаев маектеринин биринде «кыязы, күч кызматкерлеринин ага таарынычы бар окшойт, ошон үчүн отургузушту» дегендей сөз айтты. Алардын иши биринин артынан экинчиси урап түшүп атпайбы. Жыйынтыгында бир кишинин айтканына, көрсөткөнүнө таянып отургузуп салышты.

Бермет Букашева: Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу эмне үчүн иш кайра сотто каралбай жатат? Бул тууралуу сиздин, Текебаевдин пикири кандай?

Айгүл Текебаева: Жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра кароонун жолдору бар. Мен детектив кинолорду жакшы көрөм. Жаш тергөөчү келет да он жылдан бери козголбой жаткан ишти тергөөгө алат. Кесиптештеринин кыйгыл мамилесине карабай он жыл мурда соттолгон кишини коргоого киришет. Ал жаңы фактыларды, жагдайларды иликтейт, жаңы күбөлөрдү табат. Жыйынтыгында аны бошотушат.

Так ушундай эле тергөөчүнүн жаңы жагдайларга байланыштуу ишти козгоо мүмкүнчүлүгү бар. Бирок жооптуу кызматта отургандар «Текебаевдин иши соттук бардык тепкичтерден өткөн, муну сот гана чече алат» дешет. Сооронбай Жээнбеков жемкорлук менен күрөшөрүн, мыйзамсыздыкка каршы турарын айтып келет. Баары Текебаевдин иши саясий экенин, көптөгөн кайчылаштыктар, суроолор бар экенин билишет. Баш мыйзамдын кепили катары ал адамдын эркиндиги менен укугун сактайт деп ишенем.

Бермет Букашева: Сооронбай Жээнбеков көп жылдар депутат болгон. Экөөнүн ортосунда жакшы же анча эмес мамиле болгонун уккан жайыңыз жокпу?

Айгүл Текебаева: Экөөнүн мамилеси кандай экенин билбейм, бирок ал тууралуу жакшы пикирде экенин уккам.

Бермет Букашева: Абактагы күндөрү кандай өтүүдө?

Айгүл Текебаева: Ал көп окуйт. Макалаларын жазат, Кыргызстандын тагдыры менен жашап жатат. Кабатыр болот. Эң негизгиси - ал жерде тамак жасаганды үйрөнүп алыптыр. Жумуртка, картөшкө кууруй алат. Биз болсо бышкан тамак алып барабыз.

Бермет Букашева: Текебаевдин апасынын абалы кандай?

Айгүл Текебаева: Энем 87ге чыкты, 88ге баратат, кайраттуу адам. Акманда жашайт, ар бир мүнөт, секундун эсептеп уулунун качан чыгып келишин күтүп отурат.

Көчөдөн бейтааныш бирөө келип Өмүрбектин абалын сурап атса аябай толкунданат экенсиң. Канчалык жакшы иштерди көп жасасаң, ошончолук кайра өзүңө кайтарына ишендим. Бизди туугандарыбыз, досторубуз, партиялаштар колдоп турушат. Колдогондор көп, телефон чалышат, сурап турушат.

Бермет Букашева: Ырахмат, маегиңизге.

Маектин орус тилинде алынган видеосун бул жерден көрө аласыз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG