Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:48

«Апрель» каналынын жетекчиси Ложников прокуратурага сурак берди


Кой-Таш 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш 8-август, 2019-жыл.

«Апрель» телеканалынын жетекчиси Дмитрий Ложников прокуратурага сурак берип чыкты. Анын айтымында, атайын прокуратурага бир саатка жакын сурак берген. Ал маалыматты тышка чыгарбоо боюнча тилкат бергениндиктен кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айта албай турганын билдирди.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык экени айтылган «Апрель» каналынын жетекчиси Ложников буга чейин 7-8-августтагы окуялар боюнча ИИМге сурак берген.

Бүгүн, 23-августта Кой-Таштагы окуя боюнча жарандык активист, Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов да сурак берип чыкты. Турдукулов «Азаттыкка» кабарлагандай, 7-8-августтагы окуялар боюнча күбө катары тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берген.

Ички иштер министрлиги Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу саясий эксперт, өкмөткө караштуу Стратегиялык изилдөөлөр боюнча улуттук институттун мурдагы директору Валентин Богатырев да суралганын кабарлады.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда УКМКнын бир кызматкери курман болуп, 100гө жакын адам ооруканага кайрылган.

Бул окуялар боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 8-октябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө. (BkA)

XS
SM
MD
LG