Линктер

шаршемби, 17-июль, 2019 Бишкек убактысы 14:33

Жаңылыктар

Орусияда Маевский ири суммадагы акча өндүрүүгө айыпталууда

Орусияда Мамлекеттик думанын мурдагы депутаты Леонид Маевский “Альфа-банктын” кожоюндары Михаил Фридман жана Петр Авенден 50 млн. долларды опузалап алган деп айыпталууда.

Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазды. Аты аталган ишкерлер жабырлануучу катары таанылганын "РИА Новости" иштин материалдарына таянып жазды. Анда мурдагы депутаттын абакта кармоо мөөнөтүн узартуу маселеси сотто каралган учурда судья Александр Меркулов билдиргени айтылат.

Тергөөнүн документинде “Маевский ишкерлерди жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн 50 млн. доллар талап кылганы” белгиленген. Бирок кандай маалымат тууралуу сөз болгону белгиленген эмес. Маалыматка караганда, Маевский ар бир жабыркоочу менен 2018-жылдын 31-октябрынан 12-ноябрына чейин кафе-ресторандарда өз- өзүнчө жолуккан. Алардын кимиси менен биринчи жолукканы да көрсөтүлгөн эмес.

Маевскийге карата кылмыш иши 2018-жылы 14-ноябрда козголуп, эртеси күнү камакка алынган. Анда жабыркоочунун аты аталган эмес. Кийин анын басма сөз катчысы Максим Букин да камалганы маалым болгон. Орус сайттары жазгандай, бул айып менен Маевский 15 жыл абакка кесилиши ыктымал.

Кыргызстанда орусиялык жаран Леонид Маевскийдин аты “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишине байланыштуу чыккан. Аты аталган эки саясатчы 2017-жылы Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде 1 миллион доллар пара алган деген кине менен коррупцияга байланыштуу айыпталып, сегиз жылга кесилген.(КЕ)

See all News Updates of the Day

Украина: Конституциялык сот коммунисттик бийликти нацисттик режимге теңеди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Конституциялык соту коммунизмдин элементтеринен арылуу чаралары каралган мыйзамдын Конституцияга шайкештиги тууралуу чечимин жарыялады.

Анда «коммунисттик жана нацисттик режим бирдей кылмыш болгон, окшош репрессиялык ыкмалар колдонулган» деп жазылган. Ошондуктан «Декоммунизация тууралуу» мыйзамдын башкы максаты «тоталитардык коомго кайтып баруунун алдын алуу» деп көрсөтүлгөн.

«Декоммунизация тууралуу» мыйзам 2015-жылы кабыл алынган. Анда советтик символиканы колдонууга тыюу салынган. Андан сырткары коммунисттик ишмерлердин эстеликтеринен арылуу, алардын ысымы ыйгарылган көчөлөрдүн, айыл-кыштактардын атын алмаштыруу чаралары каралган. Ушундан улам өлкөдө Лениндин эки миңдей эстелиги алынган.

Мыйзам кабыл алынган жылы Коммунисттик партиянын ишине тыюу салынган. Евромайдан окуяларына чейин аталган партиянын парламентте фракциясы болгон.

Конституциялык сотко бул мыйзамга нааразы болгон Жогорку Раданын айрым депутаттары кайрылган. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана кайра каралбайт.

Жумабеков: Текебаев операцияга даярдалууда

Өмүрбек Текебаев.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев операцияга даярдалып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди:

- Мурда белинен операция болгон экен. Ал жерде дагы эки грыжа чыгып, омурткалары да бошоп калган. Операция жасайлы десек жүрөгүндө да маселе бар экен. Азыр кардиологдор карап жатат. Ошондон кийин омурткасына операция жасайбыз.

Буга чейин Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жаткан Өмүрбек Текебаев Травматология жана ортопедия борборуна июндун аягында которулган.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов орус жаранынан ири суммада пара алган деген негизде 2017-жылы сегиз жылга кесилген. Муну Текебаев Атамбаевге ачык оппозицияда болгону үчүн саясий куугунтук деп атап келет.

Кыргызстандын Жогорку соту 16-июлда саясатчылардын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону баштаган. Бирок «иш көлөмдүү, таанышууга убакыт керек» деген негизде соттук териштируүнү 21-авсгустка жылдырды. (КЕ)

Өлкөгө 183 млн. сом зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте бир канча кичи райондорго жете турган электр энергиясын пайдаланган, өлкө бюджетине 183 млн. сомдон ашуун зыян келтирген майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) кабарлады. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай учур Кыргызстанда биринчи жолу катталып жатат. Факт «Салык төлөөдөн качуу», «Кылмыштуу кирешени (каражаттарды) адалдоо» беренелеринин негизинде Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Маалыматка караганда, Кытай жана Кыргызстандын жарандары компьютердик программаларды иштеп чыгуу жана аларды изилдөө лабораториясы деген негизде Т.Ц. аттуу ишкана ачып иштеп келишкен. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул топ өздөрүнүн санарип акча, криптовалюта (биткоин) түзүү боюнча мыйзамсыз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жүргөнү аныкталган. Муну менен катар алар эсептеп чыгаруучу системаны, телекоммуникацияны жана байланыштагы жаңы каражаттарды (компьютердик жабдуулар-блокчейн) колдонушкан.

Кыргызстандын жараны ишкананын негиздөөчүлөрүнүн бири болгон жана ал майнинг-фермага электр энергиясын жеткирип берген. Ортомчулук кызматы үчүн компания 2018-жылы 21 млн. сом киреше тапкан жана салык төлөгөн эмес.

Т.Ц. мекемесин тинтүү маалында 8 миңден ашуун күнү түнү электр энергиясына жана Интернетке байланышып турган ар кандай моделдеги майнер табылган. Ишкананын жетекчилиги ага уруксат берген документтерди көрсөтө алган эмес. Ошондой эле электр энергиясын пайдалануу нормадан ашканы, болжол менен 6-7 мегаватты түзгөнү белгиленет. Анын баасы айына 13-14 млн. сомду түзгөн. Муну Бишкектин бир канча кичирайондору пайдаланган электр энергиясына салыштырса болот. (КЕ)

Жаманкулов: «Фейк маалыматтар» маселеси келип чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кийинки убакта «фейк маалыматтар» маселеси келип чыкканын билдирди. Ал бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан медиа конференциянын жүрүшүндө айтты.

Жаманкулов Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин жана бийлик органдары ага шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи.

- Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жабык темалар жок, - деди Жамангулов.

Министр азыркы учурда жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги «фейк маалымат» мүшкүлгө айланганын белгилеп, бул багытта журналисттер менен бирге иш алып баруу зарыл экенин кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө сөз сүйлөгөн ЕККУнун маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир азыркы шартта сөз эркиндигин камсыз кылуу жана жарандарга эркин маалымат жеткирүү үчүн журналисттин коопсуздугу маанилүү экенин белгиледи.

Дезир буга чейин журналисттер кол салууга кабылган учурлар болгонун белгилеп, буга өзгөчө көңүл буруу зарыл экенин айтты.

- Азыр физикалык жана оозеки түрдө кол салуу учурлары болуп жатат, - деди ал.

ЕККУнун өкүлү журналисттик иликтөөнү жүргүзүүгө шарт түзүүгө чакырды. Жыйынга катышкан Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев өлкөдөгү сөз эркиндиги жаатындагы жетишкендиктерди Кыргызстандын сыймыктарынын бири деп атады. (КЕ/BkA)

Миграция кызматы: Якутиядагы кыргызстандыктардын абалы көзөмөлдө

Якутиядагы мигранттарга каршы митинг. Март. 2019-жыл.

Мамлекеттик миграция кызматы Якутиядагы (Саха Республикасы) кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалын ар дайым көзөмөлдөп турганын билдирди. Мекемеден алынган маалыматка караганда, Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы Якутияда өткөн митингдерден кийин абалды жөнгө салуу максатында Кыргызстандан делегация барган. Алар мамлекеттик мекемелердин жетекчилери, диний лидерлер, маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана кыргыз диаспорасы менен жолуккан.

Ушул айдын башында Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрү Якутиянын жетекчилиги менен жолугуп, Кыргызстандан барган жарандардын миграциялык каттоого туруудагы кыйынчылыктары, аны жеңилдетүүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча маселе көтөргөн. Аймактын ички иштер министри маселе тез арада карала турганын билдирген.

Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев быйылтан тартып мигранттарга иштөөгө тыюу салынган тармактардын тизмесин кеңейткен буйрукка кол койгон.

Ага ылайык, патенттин негизинде эмгектенген чет өлкөлүк жарандарга азык-түлүк, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында иштөөгө болбойт. Ошондой эле алар шаарларда жана шаар айланасында транспорттук автоунаа, такси жана жүк ташуучу машине айдай албайт. Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынган.

Миграция саясатынын катаалдашына быйыл 17-марттагы жергиликтүү тургундардын нааразылык акциясы түрткү болду. Якутиялыктар жергиликтүү аялды кыргызстандык мигрант зордуктаганы тууралуу маалыматка байланыштуу каршылык билдирип чыгышкан.

Ушундан кийин Якутиянын башчысы Айсен Николаев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева жергиликтүү тургундарга мыйзамсыз мигранттардын маселесин чечүүгө убада беришкен.

Бирок Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова Якутиянын бул буйругу кыргызстандык мигранттарга тиешеси жок экенин «Азаттыкка» билдирген. (КЕ)

Дезир: Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги маанилүү

Бишкектеги медиа конференция.

Бишкекте «Санариптик трансформация шартында маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализм» аттуу Борбор Азия медиа конференциясы өтүп жатат.

Конференцияны Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) уюштурган. Иш-чарага Борбор Азиянын бардык өлкөлөрүнөн жана Монголиядан 100дөн ашык журналист, медиа-эксперттер катышууда. Анын жүрүшүндө санариптик өзгөрүүлөр учурунда маалымат каражаттарынын ролу, ЕККУ кирген аймактагы ачык жана коопсуз Интернет айдыңын түзүү жана сөз эркиндигинин алдындагы чакырыктар жөнүндө талкуу болот.

Форумдун ачылышында ЕККУнун маалымат каражатынын эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир бул конференциянын маанисин белгилеп, анын жүрүшүндө учурдагы жана келечектеги журналистиканын маселелери талкууланарын билдирди.

Дезир азыркы учурдагы санариптик трансформация сөз эркиндиги үчүн жаңы потенциалды жаратканын кошумчалады. ЕККУнун өкүлү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн сөз эркиндиги өзгөчө маанилүү экенин жана бул багытта мамлекеттик органдар менен бирге чечүүчү көп маселе барын кошумчалады.

ЕККУ ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келет. Былтыр ал Казакстандын баш калаасында өткөн. (BkA)

Чечен министри бийликтин уруксаты жок ырдоого тыюу салды

Иллюстрациялык сүрөт.

Чеченстандын маданият министри Хож-Бауди Дааев социалдык түйүндөрдө популярдуу болгон жергиликтүү поп-ырчыларга бийликтен уруксат алмайынча чыгармаларын жарыялоого, концерттерде ырдоого тыюу салды. Бул тууралуу ал мамлекеттик «Грозный» телеканалында сүйлөп жатып айтты.

Ырлары жакпай калган аткаруучуларды иш бөлмөсүндө кабыл алган министр аларда «музыка жөнүндө эч кандай түшүнүк жок экенин» жана алар ырчы болууга татыксыз экенин белгиледи.

Дааев ырчы болгусу келген адам Маданият министрлигине караштуу атайын комиссия жактырган репертуары болушу керек экенин кошумчалады. Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун тапшырмасы менен түзүлгөн бул комиссия ырдын сөзү менен обонунун улуттук маданиятка туура келер-келбесин текшерет.

Бишкекте маалымат каражаттарынын Борбор Азия конференциясы өтөт

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте 17-18-июлда маалымат каражаттарындагы эркиндик жана плюрализмге арналган XXI Борбор Азия конференциясы өтөт. Ага чөлкөмдөгү беш мамлекеттен жана Монголиядан жүздөн ашуун медианын өкүлү, мамлекеттик кызматкерлер, журналисттердин уюшмаларынын мүчөлөрү, эксперттер катышат. Алар медиадагы жаңы технологиялар, шарттар, Интернеттеги тоскоолдуктар жана башка маселелерди талкуулашмакчы.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму ушундай конференцияны жыл сайын Борбор Азиянын түрдүү мамлекеттеринде уюштуруп келатат. Былтыр ал Казакстандын баш калаасында өткөн. (SE)

Өзбекстанда чек арачынын өлүмү иликтенип жатат

Бобир Мирзаев.

Өзбек-кыргыз чек арасын кайтарган өзбекстандык жоокер өзүн атып алганы кабарланды. "Азаттыктын" өзбек кызматы билдиргендей, Фергана менен Баткен облусуна чектеш Кувасай чек ара бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокер Бобир Мирзаев курсагына тийген октон 8-июлда каза болгон.

Бухаралык жоокердин атасы баласынын өлүмү жөнүндө эки башка маалымат берилгенин айтты. Коргонуу иштери боюнча Бухара шаардык бөлүмүнүн аткаминери жоокер өзүн атып алганын, табытты алып келген аскерлер каргашанын себеби беймаалым экенин билдиришкен. Мындан улам маркумдун атасында шек жаралып, баласы өзүн атып алганына ишенбей жатат.

Өзбекстандын Аскер прокуратурасы жоокердин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөгө киришти.

Францияда дасторкон чырынан улам министр кызматтан кетти

Франсуа Де Рюжи.

Франциянын экология министри Франсуа Де Рюжи банкеттерге сарпталган каражаттарга байланыштуу кызматтан кеткенин 16-июлда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Коомчулук аны «салык төлөөчүлөрдүн акчасын асманга сапырып жатат» деп күнөөлөп чыккан. Кызматтан кетип жатып Де Рюжи «медиадагы чабуулдун курмандыгы болгонун» белгиледи.

«Mediapart» басылмасы жарыялаган ашыкча акча сарптоо Де Рюжи Франциянын Улуттук кеңешинин төрагасы болуп турган маалга туура келет. Банкеттердин көпчүлүгү Парижде өтүп, аларды саясатчынын жубайы, «Gala» гламур-журналынын журналисти уюштурганы айтылган.

Иликтөөчү журналисттердин эсебинде, дасторконго коюлган айрым шараптардын бир шишеси 500 еврону чапчыйт. Андан тышкары, конокторго деңиз жаныбарларынын сейрек түрлөрү тартылганы экоактивисттерди нааразы кылган. Алар мындайга жол берген адамдын экология министри болууга моралдык акысы жок экенин билдиришкен.

Франсуа де Рюжи басылмага каршы доо арыз жазууга ниеттенип жатканын айтты. «Mediapart» жарыяланган маалыматтар коомдук мааниге ээ экенин жана саясатчылардын ишмердүүлүгү, кирешелери, кызыкчылыктар кагылышы коом тарабынан көзөмөлдөнүшү зарыл экенин билдирүүдө.

Түштүк Кореянын өкмөт башчысынын Бишкектеги үч күндүк сапары башталууда

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын туулары.

Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен бүгүн, 17-июлда Кыргызстанга келет.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, анын сапары 19-июлга чейин созулат. Сапардын алкагында 50дөн ашуун кореялык компаниялардын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Корей өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат.

Германиялык министр Еврокомиссиянын башчылыгына шайланды

Урсула фон дер Ляйен.

Германиянын коргоо министри Урсула фон дер Ляйен Европа Биримдигинин жогорку аткаруу бийлик органы болуп саналган Европа комиссиясынын башчылыгына шайланды. «Politico» басылмасы кабарлагандай, ал бул кызматка ноябрдын башында киришип, люксембургдук Жан-Клод Юнкердин ордун ээлейт.

Ляйенди 383 депутат колдоп, 327си каршы болду. Анын талапкерлиги Европа Биримдигинин Брюсселдеги саммитинде жана Европарламенттеги дебаттарда талкууланган.

Урсула фон дер Ляйен Европа комиссиясын башкарган алгачкы аял саясатчы болот. Буга чейин ал Германиянын Коргоо министрлигин жетектеген биринчи аял катары белгилүү эле. Бул кызматын 17-июлда тапшырат.

Ажылыкка аттангандардын алгачкы тобу зыяратка кетти

Кааба.

Кыргызстандан ажылык сапарга аттанган мусулмандардын алгачкы тобу 17-июлда эртең менен Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясына учуп кетти.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, 1-августка чейин Бишкектен жана Оштон 18 жолу авиакаттам уюштурулуп, 6010 адам диний жөрөлгөнү аткарууга барат.

Сауд Арабиясы 2019-жылы ажылыкка барыш үчүн кыргызстандыктарга берген квота былтыркыдан 500гө орунга көп. Зыяраттын баасы бир кишиге 3000 доллар болду.

Ажылык амалды аткаруу - ислам дининдеги негизги беш милдеттин бири. Зыярат жылына бир жолу болот. Мусулмандар Курман айт намазын Сауд Арабиясынын Мекке шаарында окуйт. Зыярат бул калаадагы Кааба имаратынын тегерегинде, Медина шаарындагы ыйык саналган жерлерде болот.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда калктын 90 пайызга жакыны мусулмандар. (SЕ)

Бишкек-Ош жолунун Маданият-Жалал-Абад бөлүгүндөгү иш токтоп калды

Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун Маданият - Жалал-Абад бөлүгүндөгү 67 чакырымга созулган курулушу токтоп калды.

Евразия өнүктүрүү банкынын каржылоосундагы ишти азербайжандык «Азвирт» компаниясы аткарып жаткан. Жумушчулар курулушта иштегендерге май айынан бери айлыгын бере элек экенин кабарлашты. Учурда компания 400дөн ашуун адамга 600 миң долларга жакын акча карыз.

«Азвирт» компаниясынын Кыргызстандагы филиалынын директору Низами Гараисаев ишкана азыр каржылык оор кырдаалда турганын айтты.

Транспорт жана жолдор министрлигинин аймактык координатору Акжолбек Бегалиев Евразия өнүктүрүү банкынан каржылоо кечигип жатканын билдирди.

Ош-Бишкек трассасындагы 67 чакырымга созулган жолдун курулушу былтыр башталган. Ага Евразия өнүктүрүү банкы 60 млн. доллар каражат бөлүп, тендерден азербайжандык компания утуп алган. (RsK)

Украина менен Орусиянын омбудсмендери абактагыларга ырайым сурашат

Татьяна Москалькова жана Людмила Денисова.

Орусиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова жана Украинанын Жогорку Радасынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Людмила Денисова 16-июлда жолугуп, бөтөн аймакта абакта отурган өз жарандарын бошотуу маселесин талкуулашты.

Маалыматтарга караганда, Денисова Орусияда камалган украиндер 150 киши экенин билдирген. Москалькова Украина түрмөлөрүндө канча орусиялык бар экенин так айткан эмес.

Омбудсмендер жарандарын өз мекенине кайтаруунун «жол картасын» түзүп, эки мамлекеттин президенттери - Владимир Путин менен Владимир Зеленскийге кайрылып, камактагыларга ырайым сурай турганын айтышты.

2014-жылы расмий Москва Крымды аннексиялап алгандан бери Орусияда украиналыктар, Украинада орусиялыктар камакка алынган учурлар көбөйгөн.

Ысык-Көлдө жоголгон казак жараны табылды

Иллюстративдик сүрөт.

Ысык-Көлдө 15-июлда дайынсыз жоголгон казак жараны аман-эсен табылды.

Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдиргендей, казакстандык 53 жаштагы Аркадий аттуу жаран 16-июлда кечинде Кара-Ой айылындагы "Алтын-Көл" пансионатына келген. Ал ушул эле кыштакта көлгө скутер айдап кеткен бойдон дайыны чыкпай, куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү суудан издеп жаткан эле. Өзүнүн айтымында, түштүк жээкке чейин барган кезде скутер чөгүп кеткен. Ал жактан таксиде пансионатка кайтып келген.

Аким аны менен жолугуп, окуянын чоо-жайын аныктай турганын айтты. (KS)

Экс-министр Олег Панкратов президентке кеңешчи болду

Олег Панкратов.

Президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы экономика министри Олег Панкратовду өзүнө кеңешчи кылып дайындады. Жарлыкка 16-июлда кол коюлганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Панкратов 2018-жылдын жазында экономика министри болуп дайындалган. 2019-жылдын февралында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев милдетин аткаруудагы кемчиликтери үчүн ага сөгүш берген. 24-майда Панкратов арыз жазып, отставкага кеткен. "Азаттыкка" бул тууралуу комментарий бергенде "Көп сын-пикирлер болгондуктан, ушундай чечим кабыл алдым",- деген.

Олег Панкратов 2015-2017-жылдары да экономика министри болуп иштеген.

Пакистанда журналисттер нааразылык акциясына чыкты

Пакистандык журналисттер.

Пакистанда жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызматкерлери цензурага, аскердик жана коопсуздук кызматтарынын басым-кысымына, журналисттердин ишсиз калышына, бюджет кыйла кыскарып, мунун айынан бир топ ай маяна ала ала албай жатканына нааразы.

Буга байланыштуу 16-июлда Журналисттердин кесиптик кошуунунун демилгеси менен жер-жерлерде нааразылык акциялары өттү. Кошуундун жетекчиси Афзал Батт мындай митингдер каршылык кыймылынын башталышы гана деп эскертти:

"Бүгүнтөн баштап биз журналисттердин укугун коргоо кыймылын баштайбыз. Соңку сегиз айда 5 миң журналист ишсиз калды. Биз муну цензуранын уландысы катары баалайбыз", - деди Афзал Батт.


Өткөн аптада "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму Пакистан бийлигин оппозициялык ишмердин маалымат жыйынын чагылдырган үч телеканалдын ишин токтотуп койгону үчүн сынга алган. Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет Пакистанда сөз эркиндигине байланыштуу абалга камтамачылык билдирген. Анда өлкөнүн армиясы журналисттерди коркутуу жана башка жолдор менен алардын кийлигишип жатканын айыптаган.

Пакистан сөз эркиндиги боюнча эл аралык рейтингде 180 өлкөнүн ичинде 142-орунда турат.

Австрия: Юстиция министрлиги Фирташты АКШга экстрадициялоого уруксат берди

Дмитрий Фирташ

Австриянын Юстиция министрлиги украиналык олигарх Дмитрий Фирташты АКШга экстрадициялоого макул болду. Өткөн айда өлкөнүн Жогорку соту Фирташты АКШга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алган. Мыйзамга ылайык, мындай чечимди ишке ашыруу үчүн Юстиция министрлигинин макулдугу керек.

Австриянын бийлиги Фирташты 2014-жылы АКШнын өтүнүчү менен камакка алган. Ал курамында титаны бар кенди иштетүүгө лицензия алуу максатында индиялык аткаминерлерге пара берген деп айыпталып жатат. Олигархтын адвокаттары болсо Индиядагы кылмышты иликтөөгө АКШнын юридикалык укугу жок деп эсептешет.


Ишкер негизги байлыгын газ сатып топтогон жана аны АКШнын күч органдарын анын Орусия менен болгон мамилеси да кызыктырат.

Фирташты Украинанын мурдагы президенти, ушул тушта Орусияда баш калкалап жүргөн Виктор Януковичтин башкы финансисти деп атап жүрүшөт.

Ишкерге Украинада да кылмыш иши козголгон, ага өлкө казынасына 217 миллион доллар чыгым келтирген деген айып коюлган.

Испания дагы аны арам акчаны адалдоого байланыштуу айыптап жатат.

Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Ашырбек Темирбаев каза болду

Ашырбек Темирбаев парламентте. 2016.

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Ашырбек Темирбаев 66 жаш курагында каза болду. Бул маалыматты өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов «Азаттык» радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, Темирбаев Бишкектеги ооруканалардын биринде көз жумган.

Ашырбек Темирбаев 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. 1975-жылы кен инженери адистиги боюнча Фрунзедеги политехникалык институтту, 1990-жылы Ташкенттеги Жогорку партиялык мектепти, 1997-жылы юриспруденция адистиги боюнча Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бүткөн.

Иш тажрыйбасын Челябинск облусундагы Бакал шахтасынын башкармасы, өткөөлчүнүн жардамчысы болуп баштап, Жогорку Кеңеште төраганын жардамчысы, аппарат жетекчиси, өкмөттүк аппараттын жетекчи орун басары болуп эмгектенген. 2012-жылдан бери өкмөттүн парламенттеги өкүлү болуп иштеп келген.

“Манас-1000” юбилейлик медалы, “Даңк” медалы, КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасы менен сыйланган. Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чини бар. (КЕ)

Жогорку сот Текебаев менен Чотоновдун ишин кароону 21-августка жылдырды

Өмүрбек Текебаев.

Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи, экс-министр Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кароону 21-августка жылдырды.

Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, судья жараяндын жылышын иштин көлөмү чоң экени менен түшүндүргөн.

Бүгүнкүгө белгиленген соттук териштирүүгө партиянын айрым мүчөлөрү, Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары, аталган партиянын айрым мүчөлөрү, айыпталуучулардын жакындары киргизилип, журналисттер менен айрым тарапкерлер киргизилген жок.

Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун кылмыш ишин жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароону юристтер буга чейин да өтүнүп, бирок мурдагы сот өкүмдөрдү өзгөртүүсүз калтырылган.

Ага чейин, 2018-жылы да юристтер ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра кароо тууралуу өтүнүч жиберип, Башкы прокуратура аны аткаруудан баш тарткан.

Текебаев саламаттыгына байланыштуу 31-майда №47 колониядан ооруканага которулган. Учурда ал Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунда дарыланып жатат.

Эки саясатчы 2017-жылдын башында орусиялык жаран Леонид Маевскийдин «1 миллион доллар пара алган» деген көрсөтмөсүнүн негизинде “Коррупция” беренеси менен айыпталып, ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген. Экөө тең муну саясий куугунтук катары баалашкан. Тарапташтары Маевскийдин көрсөтмөсү жалган экенин далилдеген жаңы жагдайлар бар экенин билдиришкен.

Усубалиевдин атын аянтка ыйгаруу сунушу коомдук талкууга коюлду

Турдакун Усубалиев.

Кыргызстандын мамлекеттик жана саясий ишмери Турдакун Усубалиевдин атын эски аянтка ыйгаруу боюнча Бишкек шаардык кеңешинин токтомунун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ага ылайык, Бишкек шаарында Орозбеков – Раззаков көчөлөрүнүн чегинде жайгашкан аянтка (Эски аянтка) анын атын ыйгаруу сунушталып жатат.

Буга чейин Кочкор районуна жана Бишкектин Киев, Нарындын Ленин көчөсүнө Турдакун Усубалиевдин ысымын берүү тууралуу сунуштар айтылган.

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө жарлыкка 4-февралда кол койгон.

Турдакун Усубалиев 1919-жылдын 6-ноябрында Нарындын Кочкор кыштагында төрөлгөн. Совет доорунда 25 жылга жакын Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры, "Ак шумкар" өзгөчө белгисинин, "Манас", "Ленин", "Эмгек кызыл туу" жана башка ордендерин алган. (КЕ)

Мурдагы судья Жаркееванын ишин кароо 19-июлга жылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Биринчи май раойндук соту мурдагы судья Элвира Жаркеевага байланыштуу соттук териштирүүнү 19-июлга жылдырды. Буга күбөлөрдүн келбей калганы себеп болду.

Башкы прокуратура март айынын соңунда Свердлов райондук сотунун мурдагы судьясы Элвира Жаркеевага айыптоочу бүтүмдү бекиткен. Ага ылайык, Жаркеева “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Алдамчылык”, “Коррупция” жана “Атайылап акыйкатсыз чечим чыгаруу” беренелери менен айыпталууда.

Тергөөнүн божомолу боюнча, Элвира Жаркеева кылмыш тобу менен келишип алып, жеке ишканалардын биринин мүлкүн өзүнө алыш үчүн бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

2016-жылдын 15-августунда ал ири өлчөмдөгү акча өндүрүп алуу тууралуу мыйзамсыз толтурулган арызды канааттандырып, кытай жаранынын кызыкчылыгын коргогон чечим чыгарган.

Сотко Жаркеева менен бирге Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рустам Маманов жана ишкер Рустам Воинов да жеткирилди. Алар кытай ишкерлерт менен жер талашка айланыштуу былтыр майда кармалган.

Кийинчерээк Жаркеева да дал ушул кытай ишкерлеринин иши боюнча камалганы белгилүү болгон.

Бул факт боюнча Башкы прокуратура Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун судьяларына, жалпысынан жети кишиге “Коррупция” беренеси боюнча айып коюп, кылмыш ишин козгогон. (КЕ)

Тажикстандын баш прокурору абактагы 14 адам токмоктон өлгөнүн четке какты

Тажикстандын Башкы прокуратурасындагы маалымат жыйын, 16-июль, 2019-жыл.

Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Хожент шаарындагы абактан Дүйшөмбүгө которулганы жаткан 14 адам ур-тепкиден өлдү деген маалыматты четке какты.

Ал 16-июлда маалымат жыйында абактагылардын ууланып өлгөнүн соттук-медициналык экспертиза аныктады деп билдирди. Бирок эмнеден ууланганы дагы такталарын кошумчалады:

"Соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлдү, анда өлгөн адамдардын денесинде ур-тепкиден калган так аныкталган жок. Кылмыш ишиндеги материалдарга ылайык, алар ууланып калганга чейин нан жешкен. Тилекке каршы, буга чейин кайсы бир адамдардын айынан тамак-ашка натрий нитраты кошулуп, ууланган учурлар болгон", - деди Юсуф Рахмон.


Башкы прокурор өлгөн адамдар буга чейин тажик абактарындагы тополоңго катышпаганын кошумчалады.

Мунун алдында түрмөдө ажал тапкан жарандардын тууган-уругу алардын денесинде ур-токмоктон калган көгала тактар бар экенин, ошондуктан ууланып өлгөнүнө ишенбей турганын айтып чыгышкан.

14 адамдын өлүмү менен аяктаган окуя боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон, атайын тергөө тобу түзүлгөн.

Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келет

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеул. 12-сентябрь, 2012-жыл.

Эртең, 17-июлда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, анын сапары 19-июлга чейин созулат. Сапар алкагында 50дөн ашуун кореялык компаниялардын катышуусунда кыргыз-корея бизнес-форуму, “В2В” түрүндөгү жолугушуулар, эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалган.

Тараптар соода, айыл чарба, саламаттык сактоо, тоо-кен тармагы, туризм, энергетика, транспорт, текстилдик өнөр жай, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө кызматташууну талкуулашат.

Корей өкмөт башчысын президент Сооронбай Жээнбеков кабыл алат. Расмий сапардын жыйынтыгы боюнча бир катар эки жактуу документтерге кол коюу пландалууда. (КЕ)

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG