Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:01

Бабанов УКМКда өзүнө карата жаңы кылмыш иши боюнча сурак бергенин айтты


“Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Улуттук коопсуздук комитетинен сурактан чыкты. Ал беш сааттан ашык сурак берген соң журналисттерге сүйлөп жатып бүгүн бир нече кылмыш иши боюнча көрсөтмө бергенин билдирди.

Бабановдун айтымында, бүгүнкү көрсөтмөлөрү 2017-жылдагы үгүт өнөктүгүнүн учурунда Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү үчүн эмес, башка ишке байланыштуу болду.

“Бул жакка киргенде бир иш боюнча киргенбиз. Бирок башка ишти көрсөтүштү. Ал боюнча суроолоруна жооп бердим. Түшүнгөнүмө караганда, УКМКда үч кылмыш иши бар экен”, -деди Бабанов.

Тилкат жазып бергенине байланыштуу саясатчы кайсы иш боюнча көрсөтмө бергенин тактаган жок. Бирок Бабанов учурда Улуттук коопсуздук комитети үч кылмыш ишти, ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы кызматы “Кыргызстан” банкынан башка да иштер боюнча сурап жатканын билдирди.

Буга чейин Бабанов УКМКга Он-Адырдагы сүйлөгөн сөзү боюнча суракка чакырылганы айтылган. УКМКнын мурдараак берген маалыматына караганда, Бабановго эки кылмыш иши козголгон.

Бири «2017-жылы шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет» деген негизде болсо, экинчиси «бийликти басып алууга даярдык көрүү» деген айып менен ачылган. Ал эми жаңы козголгон кылмыш иштери боюнча укук коргоо органдары эч кандай маалымат бере элек. Эми Өмүрбек Бабанов 27-августта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына кайрадан суракка кирет.

XS
SM
MD
LG