Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:42

"Мыйзамдагы ууру" Кыргызстандан чыгып кетти


Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006.
Азиз Батукаев сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2006.

Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнүн бири саналган Азиз Батукаев Нарындагы абактан эрте бошотулуп, өлкөдөн чыгып кетти.

Ал 10-апрел күнү эртең менен атайын жалданган чартердик рейс менен Чеченстандын борбору Грозныйга учуп кеткен. Нарын шаардык cоту анын бошотулушун өтүшкөн аккан оорусуна чалдыкканы менен түшүндүрдү. Адистер ондогон адамдардын канына забын болуп, түрмөдө өзүнүн катаал тартибин орноткон кылмыш дүйнөсүнүн анабашына карата соттун "айкөл" чечими уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрүнө карата жаңыдан киргизилген мыйзамды одоно бузуу менен чыгарылганын айтышууда.

“Калайманга” салган кабар

Азиз Батукаев Нарындагы тергөө абагынан бошотулуп, Чеченстанга жөнөтүлгөнү боюнча маалымат алгач расмий эмес булактар аркылуу тарады. Аны Жазаны аткаруу мамлекеттик кызматы жана Башкы прокуратура сыяктуу мамлекеттик бийлик органдары бир канча канча саат бою тастыктабай турду.

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте кандайча бошотулуп кеткени парламенттин айрым депутаттарын да кызыктырды. Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков бийлик органдарынан бул боюнча так маалымат берилишин талап кылды:

- Муну такташ керек. Себеби ал дагы 8-9 жыл түрмөдө отурушу керек болчу деген маалыматтар болуп жатат. Бул маалымат эмнеге жашырылды? Эгерде бошотулган болсо, ага кандай негиздер бар экенин ачык айткыла. Жок, жөн эле аны мыйзамдык негизи жок эле бошотуп жиберген шумдук болсо аны дагы айтышсын. Бул жерде бир табышмак болуп жатат.

Мына ошол табышмактын жандырмагын 10-апрел күнү түшкө жакын Жогорку Соттун маалымат кызматы жандырды. Жогорку Соттун билдирмесинде, Батукаев оорусуна байланыштуу мөөнөтүнөн эрте бошотулганы тастыкталган. Ага удаалаш эле чек ара кызматы бошотулган “мыйзамдагы ууру” эртең менен Бишкек-Грозный атайын рейси менен “Манас” аба майданынан учуп кеткенин жарыялады.

Соттун жүйөөсү

Нарын шаардык сотунун 9-апрелдеги чечимине ылайык, Азиз Батукаев өтүшкөн аккан оорусу менен жабыркаган деген медициналык корутундунун негизинде сегиз жыл үч айлык жаза мөөнөтү кыскарган. Нарын шаардык сотунун төрагасы Жапар Эрматов Батукаев мыйзамда көрсөтүлгөн жеңилдиктин негизинде бошотулганына токтолду:

- Батукаев жазасын өтөп жаткан жерде ишти карап, прокурордун жана дарыгерлердин пикирин угуп, сот ушундай тыянакка келди. Кылмыш-жаза кодексинин 71-беренесинин 1-бөлүмүндө соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кезде катуу оорууга чалдыккан болсо, медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде жаза өтөөдөн бошотулат деп так көрсөтүлүп турат. Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы же оор кылмыштар менен соттолгон адам катуу ооруп калган учурда жаза мөөнөтүн өтөөдөн бошотулбайт деген тыюу эч жерде жок.

Ошол эле кезде абактарда, кургак учук жана астма сыяктуу коркунучтуу илдеттер менен ооруп жаткан ондогон катардагы адамдарга дайыма эле мындай жеңилдиктер колдонула бербестигин укук коргоочулар айтып келишкен.

Мыйзамдын чектөөсүн бузуп өткөн чечим

2013-жылы 27-февралда парламент уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Анын бири - кылмыш аткаруу кодексине киргизилген өзгөртүүдө уюшкан кылмыш тобунун соттолгон өкүлдөрүн мөөнөтүнөн эрте бошотууга жол берилбестиги көрсөтүлгөн. Анда башка соттолуучуларга карата колдонулган мунапыстан же башка жаза чарасын жеңилдетүүчү шарттардан алар колдоно албастыгы эскертилген.

Бирок мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев мыйзамдын мына ошол талаптары одоно бузулганын белгиледи:

- Бул адамдын кыжырын келтире турган чечим болуптур. Мамлекеттин бийлик өкүлдөрүнө кол салып, Жогорку Кеңештин депутатын жана Жазаны аткаруу башкармалыгынын башчысын мыкаачылык менен өлтүрүүнү уюштурган адамдын мамлекет тарабынан жаза мөөнөтү кыскарып, эркиндикке чыгарылышы - ойго келбеген нерсе. Анан мына ошол адамга мамлекет оорусуна байланыштуу гумандуулук кылып, бошотуп жиберип жатканы өтө чатак маселе. Өзгөчө оор кылмыш менен отурган адамдын жаза мөөнөтүн кыскартууга мыйзамда каралган жеңилдиктер негиз болуп бере албайт болчу.

Коомчулукта катаалдыгы менен өзгөчөлөнгөн кылмыш дүйнөсүнүн анабашы Азиз Батукаевдин боштондукка чыгышы уюшма топтордун ортосундагы кан төгүүлөргө алып келбейби деген чочулоо бар. Бирок аны оорукчан абалда жана кылмыш дүйнөсүндөгү мурдагы таасирин жоготкон деген пикирлер да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов Батукаев боштондук алып, чет өлкөгө чыгып кеткени менен Кыргызстандагы кылмыш дүйнөсүнө таасир эте албайт деп эсептейт:

- Анын бошотулушу кылмыш дүйнөсүндөгү кырдаалга таасир этпейт. Анткени ал түрмө ичиндеги абалды гана көзөмөлдөгөн кримавторитет болчу. Анан эми ал тигил Грозныйга барып алып, бул жактагы кылмыштуу топторду башкарып, аларга таасир эте алат дегенден мен алысмын. Анын ал жактан күч топтоп келишине тиешелүү органдар мүмкүнчүлүк бербейт. Алардын ар бир кадамы көзөмөлдө болушу керек.

Имиштер чынга айланганда...

Оперативдүү маалыматтарга таянсак, Азиз Батукаев 1993-2006-жылдардын аралыгында Кыргызстан аркылуу өтчү маңзат соодасын көзөмөлгө алган. Анын маркум криматалык Рысбек Акматбаев менен айыгышкан тиреши кандуу өч алууларга чейин жетип, бир канча курмандыктарга алып келген. 2005-жылы 21-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев абак жайларын текшерип барган учурда өлтүрүлгөн. Рысбек Акматбаев инисинин Батукаев тарабынан өлтүрүлүшүнө ошол кездеги айрым кызмат адамдарынын катышы бар деп айыптап, борбордук аянтка тарапкерлерин алып чыккан.

Абак жайындагы тополоң боюнча 2006-жылы Батукаев үч оор берененин негизинде он алты жылга эркинен ажыратылган болчу. Байтемир Ибраев анын мөөнөтүнөн эрте бошотулушун мындайча мүнөздөдү:

- Батукаевдин бошотулушу боюнча сөздөр жүрүп жатканын уктум эле. Аны Чеченстанга алып кетишет экен, аны бошотууга Чеченстандын мамлекет башчысына жакын чөйрөлөр кызыкдар болуп жатыптыр деген имиштер жүрүп жаткан. Демек мына ошол имиштер жөн жеринен чыкпаганын соттун кечээки чечими далилдеп койду. Бул жерде ошол сот өзү эле, тергөө абагынын жетекчисинин жана прокурордун сунушу менен чечип койду дегенге болбойт. Алар мындай чоң жоопкерчиликти моюндарына ала алмак эмес. Демек мамлекет тарабынан ушундай чечим болгон го...

Бирөөгө иштеп, бирөөгө иштебеген мыйзам

2012-жылы күз айларында жергиликтүү басма сөздө Батукаевди бошотуу үчүн Чеченстандагы таасирдүү фигуралар кыргыз бийлигине ири суммадагы акча сунуштаганы боюнча маалымат тараган. Бирок ал маалымат тастыкталбаган имиш катары кабылданган эле. Жогорку Кеңеш уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүүгө багытталган мыйзамдар топтомун кабыл алып, ага президент 18-мартта кол койгон болчу.

Мыйзам демилгечилеринин бири, депутат Эркин Алымбековдун анын күчүнө кирип-кирбегени тууралуу маалыматы жок экен:

- Башка соттолгон жөнөкөй жарандарга андай жеңилдиктер колдонулбасын деген максатта ошол мыйзам иштелип чыккан. Анткени кылмыш дүйнөсүнүн социалдык базасын түзчү жаңы мууну мыйзамдын катаалдыгын сезсин дегенбиз. Биз аны үч окууда талкуулап, кабыл алганбыз. Бирок ал мыйзам күчүнө киргенин же кирбегенин билбейт экемин. Башта маалымат аябай көп да. Эгерде чын эле мыйзам күчүнө киргенден кийин ошондой мыйзам бузуу болсо аны териштириш керек.

Жакында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин маркум инисинин абактагы уулу Санжар Бакиев мунапыста каралган жеңилдиктерден колдоно алган эмес. Анткени ага мунапыс колдонулбастыгын атайын прокуратура мыйзамга киргизилген жаңы өзгөртүүлөргө байланыштуу чечим менен түшүндүргөн. Ага ылайык, уюшма топторду түзгөн адамдын жаза чарасы кыскартылбайт. Себеби Санжар Бакиев 2010-жылы мыйзамсыз курал алып жүргөн жана куралдуу топ түзгөн деген айып менен соттолгон. Аталган мыйзам талабынын эки адамга эки башкача колдонулганы боюнча башкы прокуратура комментарий бере элек.

XS
SM
MD
LG