Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:21

РЫСБЕК АКМАТБАЕВ ФЕЛИКС КУЛОВГО КАРШЫ ПИКЕТ БАШТАДЫ


Кубат Оторбаев Бүгүн - 22-октябрда эртең менен Бишкектин Алатоо аянтында 20-октябрда Молдовановкадагы түрмөдө каза болгон депутат Тынычбек Акматбаевдин жакындары өкмөткө каршы нааразылык акциясын баштады. Алардын арасында маркумдун бир тууганы Рысбек Акматбаев да турат. 300дөй адам катышкан жыйында тургандардын айрымдарынын колдорунда "Кулов отставкага кетсин!", "Кулов + Батукаев" деген плакаттар бар. Ушул сааттарда өкмөт үйүндө премьер-министр Ф.Кулов маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Алатоо аянтында тургандардын пикирине караганда, Феликс Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө катышы бар. Буга Куловдун жообу кандай болоору жакын арада билинет, өкмөт башчы азыр журналисттерге интервью берип жатат.

21-октябрда Жогорку Кеңеште сөз сүйлөгөн премьер-министр Ф.Кулов депутат Тынычбек Акматбаевдин өлүмүндө эч кандай саясат жок экендигин айткан болчу. Ал баардык суроолорго тергөөнүн жыйынтыктары жооп берсе керек деген ишенимин билдирген. Ал эми Молдовановкадагы түрмөгө "ал жерге мени чакырып жатышат дегенинен баргам" деп жооп берген Кулов. Муну вице-спикер Болот Шерниязов дагы журналисттерге берген интервьюсунда тастыктап, абактагылар Куловду чакырышканын айткан эле.

20-октябрда № 31 түрмөгө Феликс Кулов баргандан кийин гана ал жердеги үч сөөк сыртка чыгарылган.

22-октябрда Алатоо аянтына нааразылыкка чыккандар ошондой эле, депутат Тынычбек Акматбаев баштаган адамдар № 31 түрмөгө эч бир курал-жарак алып кирген эмес, окту болсо биринчи болуп абакта отургандар ачышкан, деп журналисттерге айтышты.

Рысбек Акматбаевдин "Азаттыкка" 22-октябрда берген интервьюсуна караганда, премьер-министр Ф.Кулов менен А.Батукаевдин байланышы бар. Анын пикиринде депутатты өлтүрдү деп шектелип жаткан Рустам Абдулиндин чөнтөк телефону бар жана ал дайыма Кулов менен байланышып, сүйлөшүп атат.

Нааразылык акциясына чыккандардын талабы - Феликс Куловду кызматтан кетирүү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибековдун пикиринде болсо, өкмөт отставкага толугу менен кетүүгө тийиш, анткени буга чейин Жогорку Кеңештин 3 депутаты каза тапты жана алардын өлүмдөрүнө байланыштуу кылмыш иштери ачыла элек.

Ушул тапта Алатоо аянтына боз үй тигилип, ал жерге тамак-аш, суусундуктар алынып келинип жатат.

Сүрөттө: Рысбек Акматбаев (ортодо) жигиттери менен Алатоо аянтында

XS
SM
MD
LG