Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

ҮЧ АДАМ ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА, АЗИЗ БАТУКАЕВ 16 ЖЫЛГА КЕСИЛДИ


Маркум Тынычбек Акматбаев баш болгон 3 адамдын өлүмүнө себептүү деп 39 адамдын үстүнөн кылмыш иши ачылган. Бир жыл ичинде жүргүзүлүп келген сот териштирүүсү акыркы чечимин чыгарды. 3-агустта Бишкек шаардык соту Тынычбек Акматбаевди өлтүргөнгө катыштыгы бар деп эсептелген 3 адамды өлүм жазасына, ал эми Азиз Батукаевди 16 жыл түрмө жазасына кести.

Кылмыш дүйнөсүндө “авторитет” делип келген Азиз Батукаев кылмыш кодексинин 241- беренеси менен айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бул акыркы чечимди сотту төрагалык кылган Аламүдүн райондук сотунун судьясы Кубан Калиев чыгарды. Бирок, Азиз Батукаевге коюлган күнөөлөрдүн ичинен “мамлекеттик же коомдук ишмердин”, “укук коргоо органынын кызматкеринин өмүрүнө кол салуу” беренелери далилденген жок.

- Тергөөдө Батукаев менен Акматбаев душман болгон деп көрсөтүлгөн. Анда Батукаев Акматбаевди өлтүрүү үчүн даярданып жүргөн деген божомолдор келтирилген. Бирок, алар сот териштирүүсүндө далилденген жок. Анткени тергөө учурунда аныкталгандай, парламенттик комиссия жаза өтөөчү №31-колониясына текшерүү үчүн бараары мекеменин жетекчилигине да белгисиз болчу, - дейт Аламүдүн райондук сотунун судьясы Кубан Калиев.

Ал эми Батукаев менен кошо айыпталып жаткан Тынычбек Акматбаевди өлтүрдүм деп мойнуна алып келген Рустам Абдулин жана Евгений Головин, Азамат Закиров соттун чечими менен өлүм жазасына тартылышты.

Адвокат Жаныбек Нарымкулов депутаттын өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталып жаткандарга сот туура чечим чыгарды деп эсептейт. Бирок өлүм жазасына тартылгандардын ичинен 2 адамга чыгарылган өкүм акыйкат болбой калды деди:

- Закиров менен Головинге өлүм жазасы туура эмес берилди. Мен бул чечим менен макул эмесмин. Бул жерде Абдулин эң негизги айыпталуучу. Ага өкүм туура, адилет болду деп ойлойм, - деди адвокат Жаныбек Нарымкулов.

Соттун чечиминде өлүм жазасына тартылган Рустам Абдулин “адам өлтүрүү ”, “кылмыш тобун уюштургандыгы”, “курал-жарактарды мыйзамсыз сактагандыгы , курал-жаракты жасап, аны башка бирөөгө бергендиги,” ошондой эле “маң заттарды өстүргөндүгү” боюнча айыпкер деп табылды.
Сот чечими Кылмыш кодексинин 59-60- беренелерине таянып чыгарылгандыгын сотко жетекчилик кылуучу тарабынан жарыя болду.

Ушул эле ишке катыштыгы бар делип, калган айыпталуучуларга сот тарабынан 7 жылдан 16 жылга чейин эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды. Бардыгы болуп бул ишке 39 адам айыптуу деп тартылган.

Айрым адвокаттар жактоосундагы адамдардын таламын талашып , бул өкүмгө макул эместигин билдиришти:

- Мындай өкүм менен мен макул эмесмин. Биз шаардык инстанцияга аппеляциялык арыз менен кайрылабыз, -дейт адвокат Зарифа Турсунова.

Ошентип сот өкүмүн окуу үч саат убактыка созулду. Акырында сотко жетекчилик кылуучу бул өкүмгө макул болбогондорду 10 күн ичинде жогорку инстанцияга кайрылууга укугу бар экендигин эскертти.

Маркум Тынычбек Акматбаев өткөн жылдын октябрь айында №31-жаза өтөө мекемесинде жазасын өтөп жаткандардын колунан каза тапкан .

Мээрим Султангазы

XS
SM
MD
LG