Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Батукаевдин иши: Салянова Атамбаевге каршы көрсөтмө берди


Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов. Коллаж.
Аида Салянова, Алмазбек Атамбаев жана Шамил Атаханов. Коллаж.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн качырылышы боюнча баштапкы соттук жыйын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз башталды.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы баштапкы соттук жыйынга абактагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жеткирилген жок. Буга чейин ал эки жолу сотко келүүдөн баш тартканы үчүн сот жараяны кийинкиге жылдырылган. Бул жолу соттун жараянды аны катыштырбастан баштоо тууралуу чечимге Алмазбек Атамбаевдин жазуу жүзүндөгү билдирүүсү негиз болду. Буга чейин анын адвокаттары Алмазбек Атамбаев сотко күч менен жеткирилсе, бул мыйзамсыз болорун айтып, анда Атамбаев ачкачылык жарыялап, наар алуудан баш тартарын билдиришкен болчу. Мамлекеттик айыптоочу Медербек Абдышев Атамбаевдин сотко келишин камсыз кылуу маселеси кийинки соттук жараяндарда да көтөрүлө турганын билдирди:

Бул маселенин жыйынтыгы кийинки соттук жыйындарда белгилүү болот.


- Бүгүн биз баштапкы соттук жыйынды гана баштадык. Бул маселенин жыйынтыгы кийинки соттук жыйындарда белгилүү болот. Тагыраагы, кийинки соттук жыйындарда чечилет. Бүгүн адвокаттардын Атамбаев менен Качкыналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрү каралды. Бирок сот Жазык-процессуалдык кодекстин 118-беренесинин экинчи бөлүгүнүн талаптарын эске алып, ага ылайык, иште анда көрсөтүлгөн жагдайлар болбогондуктан жана алардын жасаган кылмыш иши өзгөчө оор кылмыштарга киргендиктен өтүнүчтөр канааттандыруусуз калтырылды.

Батукаевди түрмөдөн мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш иши 27 томдон турат. Анын айрым материалдары жашыруун сырларды ичине камтыйт. Ошондуктан сот андагы маалыматтарды сыртка чыгарбоо боюнча тилкат алууну талап кылган. Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот иштин материалдары мамлекеттик сыр болбосо деле, аларды сыртка чыгарбоо боюнча мыйзамсыз милдеттенме талап кылганын айтты:

Мындан аркы соттук баштапкы жыйындар Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өткөрүлө турган болду.


- Мындан аркы соттук баштапкы жыйындар Алмазбек Атамбаевдин катышуусуз өткөрүлө турган болду. Себеби ал киши сотко «менсиз эле баштапкы соттук жыйындарды баштай бергиле» деген жазуу жүзүндө билдирүүсүн жибериптир. Ошондуктан сот баштапкы жыйынды баштады. Бирок баштаганда эле сот Жазык-процессуалдык кодекстин тартибин бузуп, ар бир жактоочудан иштин материалдарын бирөөгө айтып, сыртка чыгарбоо тууралуу милдеттенме алыш үчүн тилкатка кол коюп берүүнү талап кылды. Биз андан баш тарттык. Анткени мыйзамда андай нерсе жок. Жашыруун деген кылмыш ишинин 27-томунда эки кишинин көрсөтмөсү бар. Ошол эки кишинин көрсөтмөсүнүн айынан тергөөдө иштин 27-тому купуя сырды камтый турган материалдар катары таанылган.

Буга чейин бул кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге жана дарыгерлерге айып коюлган. Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө. Адвокат Замир Жоошев «тергөөдө Батукаевдин иши боюнча айыпталуучулар менен күбөлөрдүн ичинен эч кимиси Атамбаевге каршы көрсөтмө берген эмес» деп билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сот иштин материалдарындагы сырды сыртка чыгарбоо боюнча мыйзамсыз негизде милдеттенме алууга аракет кылганын айтты.

Ошол эле кезде Замир Жоошев «тергөө учурунда Батукаевдин иши боюнча айыпталуучулар менен күбөлөрдүн арасынан эч ким Атамбаевге каршы көрсөтмө берген эмес» деп билдирди:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Тергөө учурунда бул иш боюнча бир да күбө, бир да айыпталуучу «Алмазбек Атамбаев кандайдыр бир кылмышка катышкан» деп, «түздөн-түз же кыйыр түрдө буйрук берген» деп көрсөтмө берген эмес. Шамил Атахановдун көрсөтмөсү купуя деп саналган кылмыш ишинин томуна киргизилген. Биз аны менен таанышкан учурда да анын Атамбаевге каршы кандайдыр көрсөтмө бербегенин көрдүк. Аида Салянова да «Атамбаев кандайдыр бир кылмыш кылды» деген көрсөтмө берген эмес.

Бирок мурдагы башкы прокурор Аида Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу тергөөдө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергенин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда журналисттерге Бишкектин Биринчи май райондук сотунда иниси Улан Саляновдун өлүмүнө байланыштуу сотко кирип баратып айтты:

Аида Салянова.
Аида Салянова.

- Мен каршы көрсөтмө бердим (ред: Алмазбек Атамбаевге) деп эсептейм. Жалпылап айта турган болсом, ал киши (ред: Алмазбек Атамбаевге) көрсөтмө бергенин (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) өзүнүн оозунан билем. Мен ошону айтып бердим (ред: тергөөгө). Мен башында айткан боюнча эле эч бир сөздөн кайткан жокмун. Мен «Батукаевдин бошотулушуна эч кандай тиешем жок, ал кеткенге чейин маалымат болгон эмес» деп айткам. Башка маселе - Атамбаев өзү көрсөтмө (ред: Батукаевди бошотуу тууралуу) бергенин айткан. Бирок «мыйзамсыз кылып жатам» деп эч ким айткан эмес. Ал «мыйзамдуу болуп жатат» деп ынандырууга аракет кылган.

Аида Салянова Азиз Батукаевдин иши боюнча бир катар адамга, анын ичинде өзүнө да айып коюлганын, анын тергөөдөгү макамы өзгөрүлбөгөнүн жана иши сотко өтө элек экенин кошумчалады.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыгып, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Бул иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 15тен ашык мурдагы жетекчилерге, дарыгерлерге айып коюлган.

Учурда «Коррупция» беренеси боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, экс-башкы прокурор Индира Жолдубаева, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев жана Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов айыпталуучу катары өтүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG