Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:04

Атамбаевди актаган жана айыптаган жагдайлар


Алмазбек Атамбаев. 2019-жыл, 27-июнь.
Алмазбек Атамбаев. 2019-жыл, 27-июнь.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Kaktus.media агенттигинин журналисттерине «Альфанын» 53 кызматкеринин көрсөтмөсүн берген.

Алардын ичинен 14 жоокер «Альфанын» командиринин орун басары Үсөн Ниязбековго ок жаңылган учурду өздөрү көргөнүн айткан. Kaktus.media агенттиги көрсөтмөлөрдүн Ниязбековдун өлүмүнө байланыштуу жерлерин гана коомчулукка жарыялады.

Жактоочу Замир Жоошев аларды ачыкка чыгаруунун себебин мындайча түшүндүрдү:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Кой-Таш окуясы боюнча иште купуя сырларды түзгөн материал катары таанылган төрт том бар. Анын айынан бардык сот отурумдары жабык өтүүдө. Ал төрт томдун ичиндеги маалыматтарды сыртка чыгарганга болбойт. Калган 80 томдогу документтер менен көрсөтмөлөрдү өзүбүз жактап жаткан адамдын пайдасына коомчулукка жарыяласак болот. Бул биздин - милдетибиз».

Замир Жоошев билдиргендей, 7-август күнү Атамбаевди кармоо операциясына катышкан жоокерлердин бири да тергөөнүн жүрүшүндө Үсөн Ниязбековго мурдагы президенттин огу тийгенин ырастаган эмес.

Көрсөтмөсү жарыяланган «Альфанын» 14 аскеринин айрымдары мурдагы президенттин үйүнөн аёосуз сабалганын жана Үсөн Ниязбековго Атамбаевдин үйүнүн биринчи кабатында АК-74 куралынан ок тийгенин айтып беришкен. Алар билдиргендей, аталган куралды Атамбаевдин тарапташтары атайын бөлүктүн кызматкерлеринен тартып алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө шарттуу түрдө Шабдан Шабданов деп аталган жоокер мындай деген:

«Адамдар көбөйүп, биздин резина окторубуз түгөнө баштаганда Атамбаевдин үйүнө чегинүүгө буйрук келип түштү. Жаалданган топту үйгө киргизбегенге аракет кылдык. Бирок алар кирип келип бизди сабап, курал, атайын жабдыктарыбызды тартып ала башташты. Бир маалда эле Атамбаевдин тарапташтарынын бири бизге таандык АК-74 куралын көтөрүп бөлмөгө кирди. Алгач шыпты карай жана биз отурган диван тарапка ок атты. Андан кийин эки метр аралыктан Ниязбековду эки жолу атты».

Замир Жоошев тарабынан жарыяланган көрсөтмөлөргө Башкы прокуратура үн катып, атайын билдирүүсүн сайтына жарыялады. Башкы көзөмөл органы адвокат Жоошев сотко чейинки териштирүү учурундагы маалыматты жарыялоого укугу болбогонун, ал соттук изилдөөгө алына элек маалыматтарды жайылтканын да эскертти.

«Тергөө учурунда Ниязбековго кайсы куралдан ок тийгени так аныкталды. Экспертиза ок кирген жана чыккан жерде 7.62 мм калибрдеги октун орду калганын, Ниязбековдун кийиминде калган коргошун ошол ок Атамбаевге таандык СВД куралынан атылганын көрсөтүп турарын далилдеди».

2019-жылдын 8-август күнү Алмазбек Атамбаев камалар алдында атайын бөлүктүн кызматкерлери үйүн камалап киргенде бир нече жолу ок атканын билдирген.

Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

«Курал менде гана болгон. «Альфа» атайын түзүмүнүн балдары үчүнчү кабатка көтөрүлө баштаганда беш-алты жолу ок аттым. Караңгы болгондуктан ок тийдиби же жокпу, айта албайм. Мен жоокерлердин эч кимисине тийбегенге аракет кылдым».

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаев Атамбаев аткан октор өз бутасына жеткенин 2019-жылы 13-августтагы басма сөз жыйынында билдирген. Бул маалыматты ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Жогорку Кеңеште Кой-Таштагы кырдаал боюнча маалымат берип жатып кайталаган. УКМКнын жетекчиси Опумбаев мындай деген эле:

Орозбек Опумбаев.
Орозбек Опумбаев.

«Алты жолу атылган ок боюнча Атамбаевдин айткандары тастыкталды. Биринчи ок Үсөн Ниязбековго тийиши мүмкүн. Анын артында төрт баласы калды. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы Ниязбековду түз эле жүрөккө атышканын көрсөттү. Башкача айтканда, аны атайын эле өлтүрүш үчүн атышкан. Мындан тышкары дагы беш кызматкерге ок тийген».

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков «Альфанын» жоокери кимдин огунан каза болгонун так айтыш оор экенин, баллистикалык экспертизанын жыйынтыктарына суроолор көп болгонун билдирүүдө:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Ишти карап жаткан сот Кой-Таш окуясын кайра тергөөгө, экспертизанын материалдарын кайра текшерүүгө, берилген көрсөтмөлөрдү толуктап чыгууга уруксат бериш керек. Себеби, бул жерде эки жагдай пайда болуп жатат. Экспертизанын жыйынтыгын күбө катары өтүп жаткан «Альфанын» кызматкерлери жокко чыгарууда. Бул жерде тергөө иштерин жүргүзгөн, ишти көзөмөлдөгөн кызматкерлер бүдөмүк пикирлерди жаратып жатат».

2019-жылдын 7-августундагы «Альфанын» Атамбаевди Батукаев иши боюнча тергөөгө алып келүүгө болгон аракет ийгиликсиз аяктаган. Командирдин орун басары Үсөнбек Ниязбеков каза болуп, алты жоокер барымтада калган. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 8-августта экинчи операциянын жыйынтыгы менен камалган жана учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бул иш боюнча Атамбаев баштаган 14 адамга айып коюлган. Ишти Бишкектин Биринчи май райондук соту карап жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG