Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Атамбаев адам өлтүрүүгө шек саналды


Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта. 27-июнь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев Кой-Ташта. 27-июнь, 2019-жыл.

Ички иштер министрлиги мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге атайын багыттагы "Альфа" түзүмүнүн командиринин орунбасары Үсөн Ниязбековду өлтүрдү деп шектелип жатканы жөнүндө маалымдама берилгенин 18-декабрда расмий билдирди.

Алмазбек Атамбаевдин жактоочулары бул маалыматты ырастап, бирок мындай айып коюуга негиз жок экенин айтышууда.

Ички иштер министрлигинин 18-декабрда тараткан маалыматына ылайык, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча маалымдама туура бир ай мурда, 18-ноябрда жактоочусу Сергей Слесаревдин катышуусунда тапшырылган.

Эске салсак, 12-декабрда министрликтин жетекчилери Жогорку Кеңеште маалымат берип жатып баллистикалык экспертизанын жыйынтыгы «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков снайпердик куралынан атылган октон курман болгонун көрсөткөнүн айтышкан.

- Маркум Ниязбековду өлүмгө алып келген ок Атамбаевдин снайпердик винтовкасынан чыккан. Тергөөнүн негизинде аны ким атканы такталган. Бирок тергөө үчүн айта албайбыз, - деген анда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев.

Бирок ошол эле жыйында Кой-Таштагы кырдаалды иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров “полковник Үсөнбек Ниязбеков Алмазбек Атамбаевдин жана анын жансакчыларынын огунан курман болгонун” айткан эле.

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- «Альфанын» кызматкерлери оор калкандары менен коргонуп, үйдүн темир торлорун бузуу ишин улантып жатканда Атамбаев жана анын жансакчылары аларды токтотуш үчүн 3-кабатта атайын даярдалган орундан ок атып, үч адамды жарадар кылышкан. Анын ичинде «Альфанын» жетекчисинин орун басары, полковник Ниязбеков октон жарадар болуп, ооруканада жан берген. «Альфа» кызматкерлерине ок атуудан улам алардын үчүнчү кабатка кириши жана Атамбаевди суракка мажбурлап алып келүү боюнча планды ишке ашыруу мүмкүн болгон эмес, - деген Шайназаров.

Депутаттын маалыматына караганда, Атамбаевдин тарапташтары массалык башаламандык уюштуруп, «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкерлерин Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн сүрүп чыгарышкан. УКМКнын айрым кызматкерлери чыгып кетип, калгандары чогулгандардын колуна түшүп калган.

Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын билдирүүсүндө Атамбаевдин тарапташтары "альфачылардын" формасын, куралдарын тартып алып уруп-согуп, алтоону барымтага алышканы айтылат.

"Буга карабастан «Альфанын» кызматкерлери курмандыктарга жол бербеш үчүн ок атуучу куралдарды колдонушкан эмес. Кагылышуу учурунда Атамбаевдин тарапташтары 14 АК-74 автоматын, 1680 огун, 18 помпалык куралды, 15 тапанчаны жана анын 435 огун тартып алышканы аныкталган".

Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү Артур Медетбеков полковникти ким атканы тууралуу ишке "купуя сыр" деген гриф коюлгандыктан маалымат менен таанышууга мүмкүн болбогонун айтты:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

- Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев өткөндө Үсөн Ниязбеков 7,67 калибрдеги ок тийип, ошондон каза болгонун айтпадыбы. Андай ок менен атыла турган бир эле снайпердик Драгунов винтовкасы табылган. Бул Атамбаевге укук коргоо органдары аркылуу берилген сый курал экен. Ачыгын айтканда, 7-августта укук коргоо органдары Атамбаевди күч менен алып кетебиз дегенде эки кызматкерге ок тийген. Бирөө жарадар болгон. Жакында баллистикалык экспертизанын, окуяга күбө болгондордун айткандарынын негизинде ИИМдин тергөөчүлөрү сотко тыянагын берет. Купуя сыр болуп эсептелгендиктен мамлекеттик комиссия бул тыянактар менен таанышкан жок. Ошол себептүү Үсөн Ниязбековду ким атканы тууралуу толук маалымат бериш өтө кыйын. Мунун баары сотто гана билинет.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев ИИМдин "ок Драгунов винтовкасынан атылган" деген маалыматы чындыкка дал келбесин" айтууда.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Полковникке Алмазбек Атамбаевдин куралынан ок атылган деген сөз чындыкка жатпайт. Буга чейин Ниязбеков Калашников үлгүсүндөгү куралынан атылганы айтылган. Андан кийин аны башка адам атканы тууралуу маалымат тараган. Экинчиден, мен Кой-Ташка барып көргөм. Үйдүн экинчи кабатындагы сол тараптагы уктоочу бөлмөсүндө кан уюп калган. Үчүнчү кабатта кан төгүлгөн жер жок, таза болчу. Ок ошол жерден тийсе, ал жерде да так болмок. Экспертиза “ок алдынан кирип, артынан чыгып кеткен” деп жатат. Бирок сүрөттөн ок артынан тийгенин көргөнбүз. Муну Канат Сагымбаев (Атамбаевдин жансакчысы) да айтты. Ал аскер кызматкери болгондон кийин ок тууралуу билет эмеспи. Көрүп туруп эле буга "Драгунов үлгүсүндөгү винтовканын эмес, Калашниковдун огу тийген" деп айтты.

Ал арада айрым эксперттер президент болгон адамга киши өлтүргүч деген айып коюу Борбор Азиядагы мамлекеттердин эгемен тарыхында биринчи жолу болуп жатканын белгилешүүдө.

Орусиялык саясат талдоочу Аркадий Дубнов буга постсоветтик өлкөлөрдүн тарыхындагы өзгөчө окуя катары баа берди.

Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

“Постсоветтик мейкиндик мындай окуя тууралуу билген эмес. Буларда президенттерди тактан кулатышчу (Украина, Кыргызстан), аларды соттошчу, алар камалышчу же башка өлкөгө качып кетишчү (Кыргызстан, Украина, Армения, Грузия). Бирок аларды потенциалдуу киши өлтүргүч деп аташа элек болчу”, – деп жазды Дубнов "Фейсбуктагы" баракчасына.

2019-жылдын 7-8-августунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир аскер курман болуп, жалпы-жонунан 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91 адам ИИМдин, 40 киши УКМКнын кызматкери болсо 94ү жөнөкөй жарандар.

Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын бир катар тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында. Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо маалында Кой-Таш айылында болгону үчүн күбө катары суракка чакырылып, 14-декабрда эки айга камалган.

Кой-Таш окуясынын чыгышына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча суракка барбай койгону негиз болгон.

Учурда Батукаевдин иши боюнча сот жүрүп жатат. Соңку жараян 19-декабрга белгиленип, бирок Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу сотко алып келинген жок. Мындан улам прокурорлор жараянды УКМКда өткөрүү сунушун берип, сот аны канааттандырды.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG