Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Кой-Таш: комиссиянын корутундусу чыкты


Жогорку Кеңештин комитети Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карап жатат. 10-декабрь, 2019-жыл.
Жогорку Кеңештин комитети Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусун карап жатат. 10-декабрь, 2019-жыл.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинен эч кандай талкуусуз эле колдоо тапты. Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында комиссиянын иши боюнча бир да депутат суроо берген жок.

Комиссиянын айрым мүчөлөрү бир жоокердин өлүмү менен аяктап, мурдагы президенттин камакка алынышына алып келген окуяга депутаттардын кайдыгер мамилесин сындап чыкты. Эл өкүлдөрү болсо корутунду боюнча парламенттин жалпы жыйынында талкуу болорун жүйө кылышты.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин 10-декабрдагы отурумунда Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын корутундусу каралды. Аталган комиссиянын мүчөсү, депутат Тынчтыкбек Шайназаров корутунду боюнча кыскача баяндама жасап, комиссия Кой-Таш окуясына түздөн-түз катышкан күч органдарынан жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынан маалымат алганын айтты.

Кой-Таш: талкуусуз кабыл алынган корутунду
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00


Шайназаров ушул окуяга тиешеси бар документтер, анын ичинде жашыруун документтер менен жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган материалдар да иликтенгенин белгиледи. Ал комиссия жалпы жонунан 11 жыйын өткөрүп, иш мөөнөтү эки жолу узартылганын жана калыс иш алып барганын айтып жалпы маалымат берди.

Бирок бир адам өлүп, 200дөн ашык киши жабыркаган окуяга тиешелүү комиссиянын бүтүмү боюнча бир да депутат суроо берген жок. Жыйынтыгында корутунду колдоо таап, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынына чыгарылганы калды. Сөз болуп жаткан комиссиянын мүчөсү, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бул маселе парламенттин маанилүү деп эсептелген комитетинен талкуусуз эле өтүп кеткенин сынга алды:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- Комиссия күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону өкмөткө жүктөп койду. Бирок коопсуздук органдарынын жетекчилери өкмөткө эмес, президентке жооп берет. Ошондуктан өкмөт бул маселени карайбы же жокпу, белгисиз болуп турат. Жогорку Кеңештин депутаттары ушундай маселелерди комитеттин жыйынында талкуулаш керек эле. Бирок комитеттин бир да мүчөсү бул боюнча суроо берген жок. Менимче, комиссиянын корутундусу пленардык жыйында деле ушундай маанайда каралат. Депутаттар бир да суроо бербегенине караганда бул мурда эле чечилип калган маселе окшойт. Анткени өзүңөр көргөндөй талкуу болгон жок. Көз боёмочулук кылышса да жок дегенде бир-эки суроо берип коюшса болмок.

Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын чечими боюнча анын эки мүчөсү - Клара Сооронкулова менен Жаркынбек Касымбеков өзгөчө пикирин билдирген. Калган мүчөлөрү корутундуну толугу менен колдошту.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин жыйынында Сооронкулованын өзгөчө пикири окулган жок. Ал эми Касымбеков комиссиянын бүтүмүнө кошулбай турганын айтып, парламенттеги жыйынга баруудан да баш тарткан.

Депутат Тынчтыкбек Шайназаров комитетте Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын бүтүмү эмне себептен талкууланбастан колдоо тапканы тууралуу комментарий берди:

Тынчтыкбек Шайназаров.
Тынчтыкбек Шайназаров.

- Биздин корутунду 30 мүнөттүк, үч бөлүмдөн турат. Анда окуя кандай болгону тууралуу хронология көрсөтүлгөн. Корутундуда күнөөлүү адамдардын жоопкерчилиги камтылган. Маселени кароо кайталанып калбашы үчүн ушул төртүнчү күнү Жогорку Кеңештин жыйынында кенен маалымат беребиз. Себеби ал жерде адам өлүп, канча деген киши жабыркады? Бир топ зыян келтирилди. «Прокуратуранын, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнүн, УКМКнын, ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралсын» дедик. Укуктук баа берүүнү Башкы прокуратурага, калган маселелер боюнча жоопкерчиликти өкмөткө тапшырабыз.

Маалымат боюнча, комиссиянын корутундусу 12-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында талкууланат.

Кой-Таш окуялары боюнча комиссиянын иши башында эле талаш-тартыш менен башталган. Башта ага мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун мүчө болуп, бирок ал Азиз Батукаев боюнча кылмыш ишинде күбө катары өтүп жаткандыктан сын айтылган. Ушундан улам ал комиссиядан чыккан.

Комиссия ишин жыйынтыктап калганда анын айрым мүчөлөрү корутундуда Кой-Таш окуясы боюнча күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганын айтышкан. Комиссиянын мүчөсү, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков мындай деди:

- Комиссия бардык маселелерди терең изилдеди. Комиссиянын ар бир мүчөсү айткан сунушту, ой-пикирди аягына чейин териштирип чыктык. Комиссиядагы 18 киши башында эле «бардыгын добуш менен чечебиз» деп келишип алганбыз.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү.
Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү.

Комиссия мүчөлөрү ишти иликтөөдө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) көчмө жыйын өткөрүштү. Андан тышкары окуя болгон Кой-Таш айылына да барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту.

Ал эми мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары 7-8-августта Кой-Ташта болгон депутаттар Ирина Карамушкина менен Асел Кодуранова комиссия менен иштешүүдөн баш тартышкан.

Атамбаевдин тарапташтары башында эле комиссиянын корутундусун тааныбай турганын айтып келатышат. Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева комиссиянын иши тууралуу буларга токтолду:

Кундуз Жолдубаева.
Кундуз Жолдубаева.

- Кой-Таш комиссиясы бийликке ыңгайлуу чечим чыгарыш үчүн түзүлгөн. Комиссиянын корутундусунда «Атамбаев төңкөрүшкө даярданган. Массалык башаламандык уюштурган» деген айыптар коюлуптур. Менин баамымда бийлик Атамбаевге ушул айыптарды коёлу деп жатат. Бийлик «Атамбаев төңкөрүшкө даярданган» деген күнөөнү расмий тагарда коомчулукту даярдап жатат. Мунун баары тең карандай калп. Бул 7-кабатта отургандардын чыгармачылыгы.

Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө күбө катары күч менен алып келүү боюнча операция ушул жылдын 7-августунда уюштурулган. Ага УКМКнын «Альфа» ыкчам тобунун аскерлери тартылган. Саясатчыны Кой-Таш айылындагы үйүнөн кармап кетүү маалында тарапкерлери менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылыш чыгып, «Альфа» тобунун командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков окко учуп курман болгон.

Мындан сырткары 200дөн ашык адам жабыркаган. Алардын ичинде башынан катуу жараат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов азыркы күнгө чейин Москвада дарыланууда. Мындай кырдаалда операция оңунан чыкпай, эртеси күнү гана Алмазбек Атамбаев кармалып, камакка алынган.

Кой-Таштагы 7-8-августтагы окуялар боюнча 39 факт боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапкерлери камакка алынган. Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина менен Асел Кодурановага иш козголуп, алар үй камагында.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG