Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Батукаевдин иши: Атамбаев сотко алып келинген жок


Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.
Алмазбек Атамбаев сотко алып келинген учуру. 29-ноябрь, 2019-жыл.

Батукаевдин иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы президенттин адвокаты Замир Жоошевдин маалыматы боюнча, Алмазбек Атамбаев ден соолугуна байланыштуу 19-декабрда сотко алып келинген жок.

Прокурорлор Алмазбек Атамбаев сотко келбей жатканын айтып, жараянды УКМКда өткөрүү сунушун берген. Сот бул сунушту канааттандырды. Адвокат Замир Жоошев буларды айтты:

- Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөн болуп жаткандыктан сотко алып келинген жок. Муну убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери туура түшүнүшүүдө. Сот УКМКнын имаратында болгондо деле анын кан басымы төмөн болсо ал жакта да сотко катыша албайт. Мыйзам боюнча соттук териштирүү учурунда сот отурумун башка жерде өткөрүү каралган эмес.

Жоошев атайын кызматтын имаратына уюк телефон, компьютер алып кирүүгө тыюу салынгандыктан жактоочулук кылууда кыйынчылыктар болорун кошумчалады.

Ошондой эле кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук отурумдар эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратында өтмөй болду. Мындай чечимди 19-декабрда ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Кайыпов чыгарды.

Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу соттук иш ушул жылдын 15-октябрында башталган. Алмазбек Атамбаев иш боюнча баштапкы соттук угууга келүүдөн баш тартып, катышкан эмес. Кийин соттук териштирүүгө да келбей, жактоочулары аркылуу сотту ансыз эле өткөрө берүүгө макул экенин билдирген. Ал сотко бир гана жолу - 29-ноябрда алып келинген.

Алмазбек Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу жана бир катар беренелер менен айыпталууда. Аталган иш боюнча мурдагы баш прокурорлор Аида Саляновага, Индира Жолдубаевага, ондон ашуун мурдагы жетекчиге, дарыгерлерге айып коюлган.

Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн чыккан. Атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Орусияга учуп кеткен. Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Атамбаев 8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө күч түзүмдөрүнүн атайын операциясы учурунда кармалып, УКМКнын тергөө абагында камакта отурат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG