Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Камактагы саясатчы коюлган күнөөнү четке какты


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Оор кылмыштар үчүн шектүү катары камакта отурган Равшан Жээнбеков өзүнө коюлган айыптарды саясий чечим деп баалайт. Бул тууралуу анын жактоочусу 28-январдагы басма сөз жыйынында билдирди.

Кой-Таш окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш иштери үчүн шектүү катары камакта отурган мурдагы парламент депутаты Равшан Жээнбековдун адвокаты Замир Жоошев «Саясатчы эмнеге дароо кармалган эмес?» деп суроо салат. Ал күч органдары тергөөнүн материалы менен Жээнбековдун күнөөсүн дароо аныктай алган эмес, бирок кийин башка шектүүлөрдүн көрсөтмөсүнө таянып эле камап койгон деген ойдо.

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

- Былтыр август айында Жээнбеков бир нече жолу суракка чакырылган, - деди адвокат. - Эгерде Равшан Жээнбековдун кандайдыр кылмышта күнөөсү болсо, анда эмнеге ошондо кармашкан эмес? Себеби, анда күнөөсү бар экенин табышкан эмес. Беш ай өткөндөн кийин да табышкан жок. Таба алышпайт дагы. Биз видео далилдерди тергөө органдарына бергенбиз. Эмнеге беш айдан кийин жоопко тартып жатышат? Биздин түшүнүгүбүздө кээ бир адамдар тергөө менен кызматташууга келишим түзгөн. Бирок алар берген көрсөтмөдө деле кылмыштын белгилери жок.

Замир Жоошев кошумчалагандай, Равшан Жээнбеков өзү тергөө менен кызматташуудан баш тарткан. Ал тергөөнүн купуялыгына кол коюп бергенине байланыштуу көп нерсе айта албай турганын белгиледи. Адвокат 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таштагы чыңалган абалды жөнгө салыш үчүн барганын айтып, саясатчы өзү козголгон кылмыш иштерин «саясий чечим» деп атаганын билдирди. Саясатчынын соттогу коргоочусу Жоошев Жээнбеков Кой-Таш окуясынан кийин эки жолу Европага барып келгенин белгилеп, күнөөсү жок экенин далилдей алат деп ишенет.

Басма сөз жыйынында Жээнбековдун тарапташтары бийликти сындап, саясатчынын камалышын оппозициянын оозун басуу аракети катары баалашты. Алар Жээнбековдун экс-депутат экенин эске салып, үй камагында деле тергөө жүргүзүүнү сунуш кылышты. Алардын бири Манас Султанов Жээнбеков өлкөдө демократиянын баалуулуктарын жайылтууга салым кошконун, кайсы бийликтин болбосун кемчилигин айтып жүргөн деген оюн ортого салды:

- Равшан Жээнбеков бизге эмнеге баалуу? Көпчүлүк аны америкачыл деп жүрөт. Андай эмес, ал накта кыргызчыл демократ. Демократ катары Атамбаевдин бийликти узурпациялоо аракетин сындаган. Кийин Атамбаев куугунтукка учураганда жанына адам укугу бузулбасын деп барган.

Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы экс-депутат Равшан Жээнбековду Жазык кодексинин жети беренеси менен айыптоодо. Алар - «Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу», «Калайман башаламандык уюштуруу», «Барымтага алуу», «Тергөөгө каршылык көрсөтүү», «Адамды кооптуу абалда калтыруу» жана «Адамдын ден соолугуна зыян келтирүү» беренелери. Бул оор беренелер менен күнөөлүү деп табылган адам 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматкери Бакыт Сейитов мындай жооп берди:

Бакыт Сейитов.
Бакыт Сейитов.

- Тергөөнүн алгачкы жүрүшүндө чогултулган материалдар, көрсөтмөлөр, видео тасмалардын баары мыйзамдын талаптарына, ага коюлуп жаткан айыптарга туура келет. Биз тергеп бүткөндөн кийин акыркы сөздү сот айтат, жалган же чын болгонун.

Оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Кой-Таш айылында болгону үчүн алгач күбө катары суракка чакырылып, кийин 14-декабрда эки айга камалган. Равшан Жээнбеков убагында Алмазбек Атамбаевдин жана азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун да бийлигин кескин сындап жүргөн. Бирок Атамбаев менен Жээнбековдун саясий тирешинде мурдагы президенттин таламын талашып келген. Равшан Жээнбековдун саясий каршылаштары ал 2001-2005-жылдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетин жетектеп турганда мамлекеттик мүлк арзан сатылып кеткен деп сындап келишет.

Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Равшан Жээнбеков саясий айдыңда батышчыл саясатчы катары сыпатталат. Ал парламентке «Ата Мекен» партиясынан шайланып келип, кийин лидери Өмүрбек Текебаев менен тил табыша албай партиядан чыгарылган. Экс-депутатка санаалаш саясатчылардын бири Өмүрбек Абдрахманов Равшан Жээнбековдун «бийликти басып алууга аракет кылды» дегенине ишенбейт.

Өмүрбек Абдрахманов.
Өмүрбек Абдрахманов.

- Менин оюмча Равшанды коё бериш керек, - деди ал. - Бул демократияга дагы байланыштуу. Ачык айтканда парламентте Равшан экөөбүздөй демократияны жайылтууга эч ким киришкен жок. Азыр деле жок. Эми демократия оңоло албай жатканда Равшанды камап койгондон бийлик абийир таппайт.

Былтыр 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөй адам жабыркаган. Бул боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 14 киши кылмышка шек саналууда.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG