Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Асанов агынан жарылдыбы?


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов ага тагылган айыптарды четке кагып, муну Кой-Таш окуясы боюнча жетекчилердин ич күйдүлүгү катары баалады.

Курсан Асанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен өз алдынча сүйлөшүүгө барганын ырастады. Муну ал мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө чабуул жасоого каршы болгону, кан төгүүгө жол бербөө максаты менен түшүндүрдү.

Курсан Асановдун 28-февралдагы сот отурумунан кийин жасаган мындай билдирүүсүнө УКМКнын төрагасы комментарий берген жок, ички иштер министри шашпай жооп кайтара турганы маалымдалды.

Иштен кетирген ич күйдүлүк?

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту териштирип жатат. Ал Кой-Таш окуясынан кийин "милициянын кызыкчылыгын сатты жана ишенимден кетти" деген негизде кызматтан алынып, кылмыш иши козголгон жана үй камагына алынган.

28-февралдагы сот отурумунан кийин Курсан Асанов журналисттердин суроолоруна жооп берип, кылмыш жоопкерчилигине кириптер болушун ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен Кой-Таш окуясын жөнгө салуу боюнча өз ара пикир келишпестигинин кесепети катары баалады.

«Ачык айтканда, Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин кызыкчылыгы жана ич күйдүлүгүнүн негизинде кызматтык иликтөө болуп, тергөө амалдары жүргөн. Бул жерде баштыктан баштап, эч нерсе таппай, бардыгы ойдон чыгарылып, токулган нерселер болду. Анын чыныгы себеби эмнеде? Мен 7-августта мени менен бирге турган кызматкерлерди өлүмгө салып бербейт элем. Биз эгерде Атамбаевдин үйүнө барганда, ага чейин "Альфадан" тартылып алынган курал-жарак бирден атылганда эле канча өлүм болмок. Курсан Асанов ага жол бермек эмес. Бир кыйын айтканга көнбөй алып барып, андагы адамдарды кууп таркатам дегенде Самат Курманкулов деген жигитибиз эмне болду? Ички иштер министри Кашкар Астахановичпи? Жок. Ал эч качан жооп бербейт. Буйрук берген адамдарбы? Ошол күнү дагы барымтадагыларды сүйлөшүү жолу менен алып чыгайын дегем. Бирок айрым адамдар менин сөзүмдү укпай, ушул абалга алып келишти».


Тергөөнүн версиясы боюнча 2019-жылы 7-августта отуз чакты УКМКнын атайын даярдыктагы тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө аны күч менен тергөөгө алып келүү үчүн барып, бирок анын тарапташтарынын катуу каршылыгына дуушар болгон.

Атайын топ үйдүн короосунан сүрүлүп, анын жарымына жакыны барымтага алынган. Кагылышууда "Альфанын" командиринин орун басары Үсөн Ниязбеков атылган октон каза таап, күч түзүмүнүн бир нече кызматкери ар кандай деңгээлде жараат алган. Мына ошол эле түнү кырдаалды кайра колго алып, барымтадагыларды бошотууга барган ички иштер жана коопсуздук органдарынын кызматкерлери мурдагы президентти кармоо иш-чарасын токтотууга аргасыз болгон. Анын эртеси, 8-август күнү күч түзүмдөрү кайра Кой-Ташка барып, Алмазбек Атамбаевдин үйүн курчоого алганы белгилүү.

"Өпкөлөнгөн" өзүм билемдик же абалды жөнгө салуунун аргасы

Курсан Асанов эртеси кан төгүүгө жол бербөө үчүн чабуул койгонго каршы чыгып, сүйлөшүү жолу менен кырдаалды жөнгө салганын белгиледи:

«8-август күнү да мен абалды көрүп чыгып, чабуул жасоону колдобостон, бейкүнөө адамдардын каны төгүлбөсүн, "биздин жергебизде муну башка адамдар колдонуп кетпесин" деп ойлоп, ошол кездеги кырдаалды, буга чейинки өзүмдүн башымдан өткөргөн тажрыйбамды эске алуу менен жогору жактан буйрук күтпөй, же туура эмес буйрукту аткарбай эле сүйлөшүүгө барып, анын негизинде Атамбаев өз ыктыяры менен колго түшүп берди».

Анткен менен айрым аскерий эксперт-талдоочулар аскер тартибин караган мыйзамдарга ылайык, мына ошондой өзгөчө абалды жөнгө салуу боюнча атайын операцияларда аскер адамдары жетекчилеринин буйругун укпай, өз алдынча чечим кабыл алган учурлар аскердик трибуналга берүүгө тете иш экенин белгилеген жайы бар.

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ошол кездеги өзүнүн орун басары Курсан Асановдун аракетин милициянын кызыкчылыгына чыккынчылык катары баалап, жетекчинин ишениминен кеткени үчүн деген негиздеме менен премьер-министрге кызматтан алууга сунуш берген.

Курсан Асанов тапшырылган кызматтык милдеттерин аткарбай, кызмат ордун таштап, жетекчиликтин уруксаты жок Атамбаевдин үйүнө кирип барып сүйлөшүү жүргүзгөнү, коомчулукка көрүнүш үчүн окуянын жүрүшүн тасмага тарттырганы жана андагы курал-жарактарды кармалап, тергөө үчүн маанилүү бармак издери өчүп кеткен ж.б. кызматтык иликтөөдө аныкталган жагдайлар ага негиз болгону жарыяланган.

Плансыз башталган иш-чара, жоопсуз суроолор

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссиянын мүчөсү Клара Сооронкулова бул иште жообу жок суроолор көп экенин айтып, сотто ал боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн угуу маанилүү экенин белгиледи:

«Бул иште эң негизги айыптоо "Курсан Асанов мына ошол окуя учурунда өзүнө бөлүнгөн тилкеде турбай, буйрукту укпай, өзүм билемдик кылды" деген таризде болуп жатпайбы. Бирок өзгөчө багыттагы полктун башчысы мамлекеттик комиссияга берген түшүндүрмөсүндө "Кашкар Жунушалиев жерге план чийип алып, бизге көргөзүп жатты" деп айтканы мени таң калтырган. Демек, күч түзүмдөрүндө "сен бул жакта турасың, тигил ал жакта болот, ал эми сен мындай аракет кыласың" деген сыяктуу алдын ала иштелип чыккан, так план болгон эмес. Мына ошондой так план болбогондуктан, Курсан Асанов азыр деле ачыгын айтпай жаткан чыгаар. Мүмкүн, кандайдыр бир башка пландар болгондур...».

Ички иштер министрлиги Курсан Асанов сотто айткан жагдай боюнча кийинчерек жооп кайтарыларын билдирди. Буга чейин ички иштер министри Кашкар Жунушалиев биринчи күнкү кагылыштан соң, Кой-Ташка барганда түн кирип калгандыктан адам өлүмүнө жол бербөө үчүн атайын операцияны токтотууга туура келгенин айткан.

"Атамбаевдин башка айласы жок эле"

Анткен менен Кой-Ташта 8-август күнү уланган окуяга күбө болгон күч түзүмдөрүнүн көпчүлүк өкүлдөрү Курсан Асанов сүйлөшүү жүргүзбөсө деле, Атамбаевдин колго түшүп бергенден башкасы айласы калбаганын айтышкан.

Талдоочулар "өздүк курам өзүнүн мурдагы жогорку башкы колбашчысынан жараат алып, жоготууга учураган шартта, күч түзүмдөрү Алмазбек Атамбаевдин үйүн курчап, аскер күчүн аёосуз колдонууга моралдык укук алган болчу" дешет.

Кашкар Жунушалиев эртеси Алмазбек Атамбаевге каршылык көрсөтпөстөн колго түшүү талабы коюлганын жана ал баш тартса, газ колдонулары эскертилгенин айткан жайы бар:

Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

«Биз биринчи ал түнү "ок чыгарып, кан төгүлбөсүн" деген максатта аларга таңга чейин убакыт берип, өздүк курамды артка алып чыгып, кайтарып кеткенбиз. Эртеси, 8-август күнү мен ички иштер министри катары Кой-Таш айылында коомдук тартипти калыбына келтирүү максатында, атайын операция өткөрүү боюнча чечим кабыл алып, кызматкерлер менен биргеликте ал жакка барууга туура келди. Атамбаевдин тарапташтары бизди өткөрбөй коюу үчүн жолду бир канча жерден бөгөп, автоунааларды ташбараңга алып, катуу каршылык көрсөтүштү. Эки сааттын аралыгында биз алардын тарапташтарын кууп, Атамбаевдин үйүнө келип, эки жолку сүйлөшүүдөн соң, күч колдоно турганыбызды, атайын көздөн жаш агызуучу газды пайдалана турганыбызды айттык. Ушул эскертүүдөн кийин гана Атамбаев чыгып, колго түшүп берүүгө мажбур болгон».

Курсан Асанов боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен Аскер прокуратурасы ага карата Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде кылмыш иши козголгон. Бул кылмыш иши боюнча сот жараяны Бишкектин Биринчи май райондук сотунда улантыла турган болду. Былтыр 27-августта Курсан Асановдун 22 жаштагы уулуну издөө жарыяланып, жардамчысы Дамир Пайзилда уулу камакка алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG