Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Өкмөт Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 млн. сом бөлөт


Самат Курманкулов. Архивдик сүрөт.
Самат Курманкулов. Архивдик сүрөт.

Өкмөт Чүй облустук милициясынын Москвада дарыланып жаткан башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 3,5 млн. сом бөлөт сом бөлөт. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 19-декабрда кол койгон. Сөз болуп жаткан акча Саламаттык сактоо министрлигинин ушул жылдагы бюджетинен каралган.

Самат Курманкулов Кой-Ташта 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башына таш тийип, оор жарадар болгон. Бир нече күн бою комада жатып, 11-августта Орусиядан келген дарыгерлер менен кошо консилиум өткөрүлгөндөн кийин 12-августта Москвага которулган. Бишкекте ага эки жолу операция жасалган.

Курманкулов учурда Москвадагы Реабилитациялык борбордо дарылануусун улантууда. Саламаттык сактоо министрлиги буга чейин ал атайын аппараттын жардамы менен сүйлөп жатса, учурда өзү сүйлөп, басып калганын билдирген.

Президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Курманкулов «Эрдик» медалы менен сыйланган. 11-ноябрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Москвада Самат Курманкуловго сыйлыгын тапшырган. (BTo)

XS
SM
MD
LG