Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:26

Генерал Асанов кызматтан бошотулду


Курсан Асанов.
Курсан Асанов.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулду. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда милициянын кызыкчылыгын саткан деген кинеге кабылууда.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен ички иштер министринин (ИИМ) орун басары Курсан Асанов кызматынан бошотулганы 13-августта кечинде белгилүү болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий орган тараткан маалыматта «Ички иштер министрлигинин ички иликтөөлөр кызматы 7-8-августтагы окуялардын жүрүшүндө массалык башаламандыктын алдын алууда, коомдук коопсуздукту сактоодо, Алмазбек Атамбаевди кармап алып келүүгө багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун ишмердүүлүгү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү» деп айтылат.

Маалыматта ошондой эле кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен «милициянын кызыкчылыгын саткандыгы жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталгандыгы үчүн» Курсан Асановду кызматтан бошотуу тууралуу премьер-министрге сунуш киргизилгени айтылган. Учурда кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага юридикалык баа бериш үчүн жиберилгени кабарланды.

Асановдун ордуна ички иштер министринин орун басары катары Памирбек Асанов дайындалды. Ал буга чейин аталган министрликтин Тергөө кызматын жетектеген.

«Милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган ички иштер министринин (ИИМ) мурдагы орун басары Курсан Асанов ИИМдин ички иликтөө кызматынын ага карата чечими боюнча «Азаттыкка» кыскача комментарий берди.

«Буюрса баары жакшы болот. Мен колумдан келгенди кылдым. Мага эч кандай айып коюлган жок. Башка комментарий бере албайм. Мен эч нерсе менен таанышкан жокмун», - деди Асанов.

Кийинчерээк ИИМ анын кызматтан бошотулушунун себептери тууралуу кененирээк түшүндүрмө таратты.

ИИМдин версиясы

Билдирүүдө айтылгандарга караганда, Кой-Таштагы окуялардын жүрүшүндө мурдагы президент жана анын тарапташтары менен ички иштер министри Кашкар Жунушалиев эки жолу сүйлөшүүнү жүргүзгөн, анда Алмазбек Атамбаевдин кан төгүлбөстөн колго түшүп бериши керек экендиги жана бардык маселелер укук талаасында чечиле тургандыгы баса белгиленген. Атамбаев сүйлөшүүнүн шарттарына макул болбой, атышууга даяр экендигин билдирген.

Министр атышуу жакшылыкка алып барбай турганын белгилеп, өз эрки менен колго түшүп берүүсүн айтуу менен бирге абалды курчутпоону талап кылып, Атамбаевге 10 мүнөт убакыт берген. Сүйлөшүү жүрүп жаткан учурда Алмазбек Атамбаевдин жанында Кундуз Жолдубаева, Фарид Ниязов, эки жансакчысы жана 25-30 жаштардагы жигит болгон. Жолдубаева «алар чыкпай турганын, каршылык көрсөтөрүн» айткандан кийин гана штурм жасоого мажбур боло тургандыгы эскертилип, дагы үч мүнөт убакыт берилген.

Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы сүрөт. 8-август. 2019. Кой-Таш.
Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы сүрөт. 8-август. 2019. Кой-Таш.

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө, Атамбаев жана анын тарапташтары министрдин койгон талаптарына макул болуп чыгууга даярданып калган кезде, жеке кызыкчылыгын көздөп, өзүнө бекитилип берилген коомдук тартипти сактоо боюнча сырттагы кызматтык ордун таштап Курсан Асанов Атамбаев менен сүйлөшүүгө кирип кеткени айтылат.

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында Асанов өзүнүн телефонун ошол жердеги кызматкерлерге берип окуялардын жүрүшүн тарттыргандыгы кызмат ордун таштап, пиар менен алектенүү катары бааланган. Билдирүүдө белгиленгендей курал-жарактарды криминалисттик-эксперттик кызматкерлер гана кароого ала тургандыгына, фото-видеону атайын кызматкерлер гана тарта тургандыгына карабастан кызматтык милдеттерди аткарууда кемчиликтерге жол бергендиги аныкталгандыгы анын кызмат ордунан бошотуу боюнча чечим кабыл алууга негиз болгон.

Курсан Асанов 7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына жетекчилик кылган. Ал 7-августта УКМКнын «Альфа» атайын күчтөрү Атамбаевди кармоо боюнча операция оңунан чыкпай калган соң кечке маал Кой-Таш айылына милицияны жетектеп барган. Ал жерде Равшан Жээнбеков, Турусбек Коёналиев баш болгон лидерлер менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн болчу. Андан соң милиция күчтөрү Кой-Таш айылынан чыгып кеткен. Ошол учурда Асанов «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, кырдаалды эске алуу менен ушундай чечим кабыл алганын билдирген эле.

Элдин эсинде калган тасма

Курсан Асанов 8-августта түштөн кийин Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча топтун курамында болгон. Бул операцияны расмий түрдө ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жетектеген. Бирок Атамбаевди кармоо учурунда тартылган тасмадан негизги сүйлөшүүнү Асанов жүргүзүп, мурдагы президент жана анын тарапкерлерине карата куугунтук болбой турганын убада кылганын көрүүгө болот:

«Биринчиден, Алмаз Шаршенович, элдин тынчтыгы деп туруп, туура түшүнүү менен келип: «Мага кандын кереги жок, мен өз каалоом менен» деп колго түшүп бергениңизге ыраазычылык билдирем. Бардыгы мыйзамдын негизинде чечилет. Балдарыңызга эч ким тийбейт. Ага сөз беребиз. Азыр убакыт болуп калды. Чыга берсек болот».

Алмазбек Атамбаевди кармаган учурдагы видео
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Курсан Асановдун бул аракеттери социалдык тармактарда эрдик катары даңазаланып жаткан кезде анын кызматтан алынышы маалымат каражаттарында жана социалдык тармактарда абдан чоң талкуу жаратты. Атамбаевди камакка алуу боюнча операциянын расмий болбосо да башында туруп, кан төгүүсүз ишке ашырган Асановдун «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп иштен бошотулушуна көп адамдар таң калып жатышат.

Ошол күндөрү Асанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн саясатчы Равшан Жээнбеков ИИМдеги акыркы кадрдык жүрүшкө таң калуусун жашырган жок:

«Курсан Асанов биз менен жакшы сүйлөшүү жүргүздү деп ойлойм. Ал «чечим кабыл алып жаткан көпчүлүк киши кармалган алты кызматкерди коё берсеңер гана милицияны алып кетебиз. Болбосо алып кетпейбиз» деп талап койду. Күч кызматкерлери менен сүйлөшүүчү ортомчу топ Курсан Асанов жана УКМКнын башчысы менен эки жолу сүйлөшүү үчүн бардык. Биз чогулган балдарга коюлган талаптарды айтсак ал жерде бизге баш ийбеген топ сөзүбүздү укпай, кызматкерлерди бербей коюшту. Ортомчу топ кызматкерлерди бошотуу биздин колдон келбей калганын айтып, кечирим сурап кетип калдык. Башка эч нерсе болгон эмес. Мен Курсан Асановду жаман, жакшы деп айта албайм».

Азырынча кандай негизде мыйзам бузганы боюнча жана иликтөөгө негиз болгон жагдай жана анын чоо-жайы коомчулукка ачык айтыла элек.

Ички иштер министрлигинин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даудов Асановдун кызматтан бошотулуш жагдайларын иликтебей туруп бир жыйынтык чыгаруу туура эмес деген пикирин айтты:

Бул иш эмне менен бүтөөрүн коомчулук карап турат.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматы жөндөн-жөн эле чечим чыгарбайт. Анткени генерал Асанов - Кыргызстанга таанымал инсан. Экинчиден, Башкы прокуратура да иликтөөсүн жүргүзүп, кенен маалымат берет деп ойлойм. Эмне болгон күндө да баары мыйзам чегинде болушу керек. Анткени бул иш эмне менен бүтөөрүн коомчулук карап турат. Өзүңөргө белгилүү болгондой ИИМге карата коомчулуктун сын-пикири да күч. 7-8-августта болгон окуяларды журналисттер да баштан-аяк тарткан. Ошого байланыштуу азыр баарына ачык-айкын маалымат берилиши керек».

Курсан Асановдун эмгек жолу

53 жаштагы Курсан Асанов 1990-жылдардын башынан бери ички иштер системасында иштейт. Ал алгач милициянын атайын багыттагы кызматкери болуп ишмердигин баштаса, кийин бир нече райондук милициянын жетекчилик кызматтарын аркалаган.

Курсан Асановдун аты 2010-жылдагы Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь окуяларынан соң коомчулукка белгилүү болгон. Ал Ош ички иштер башкармалыгынын жетекчиси катары ошол күндөрү Ош шаарынын коменданты катары эмгектенген. Бир катар бийлик өкүлдөрү Асановдун кырдаалды жөнгө салууга салымы чоң болгонун белгилешкен.

2010-жылдагы парламенттик шайлоодо Курсан Асанов Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) тизмеси менен парламентке шайланып, бирок алты айдан соң депутаттыктан өз эрки менен баш тарткан. Ошондон кийин ички иштер министринин орун басарлыгына дайындалып, акыркы сегиз жыл бул кызматты ээлеп келген.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG