Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Атамбаевдин соту дагы жылды


Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.
Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурум. 3-март, 2020-жыл. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана адвокат Замир Жоошев.

Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган бир нече адамдын үстүнөн соттук жараян 11-майга жылдырылды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 адам айыпталган Кой-Таш окуялары боюнча Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан жараян дагы бир жолу кийинкиге калтырылды. Буга негизги айыпталуучулардын бири Атамбаев жана айрым адвокаттар сотко келбегени себеп болду.

Мурдагы президенттин адвокаттарынын бири Замир Жоошев Атамбаевдин жараянга келбегенин анын саламаттыгынын начарлашы менен түшүндүрдү:

Замир Жоошев.
Замир Жоошев.

«Эки жактоочу өзгөчө абалга байланыштуу жараянга катыша албай калды. Мындан сырткары, Алмазбек Шаршеновичтин кан басымы төмөндөп, ден соолугу начарлап кеткендиктен сотко келе алган жок. Ошондуктан кийинки жараян 11-майга дайындалды».

Ошентип, акыркы бир айга жакын убакыттан бери улам кийинкиге жылдырып келе жаткан соттук жараян дагы бир жолу үзгүлтүккө учурады. Буга чейин деле бир нече жолу Алмазбек Атамбаев ооруп жатканы үчүн жараянга келбей жатканы айтылган. Ал түгүл мурдагы президенттин тарапкерлери өлкө бийлигине кайрылып, саясатчынын саламаттыгына көңүл бурууга чакырышкан.

УКМКнын басма сөз кызматы тергөө абагындагы мурдагы президенттин саламаттыгы канааттандырарлык экенин жана ага дарыгерлер көз салып жатышканын билдирип жүрөт.

Мындан сырткары Атамбаевдин тарапкерлери өлкөдө өзгөчө абал жарыяланган шартта Кой-Таш окуясы боюнча сот жүрүп жатканына нааразы болушууда. Жарандык активист Адил Турдукулов азыркы бийлик учурдагы карантиндик шарттан пайдаланып, бул соттук ишти эртерээк бүткөрүүгө кызыкчылыгы бар деген ойдо.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

«Бийликтегилердин ою боюнча, эл карантинде отурган мезгилде колдоочулар аз болот жана алар резонанс кылбай эртерээк бүткөргүсү келип жатат окшойт. Ошол негизде сотту алдын-ала айтпай, аябай ыкчам өткөрүүгө аракет болуп жатат. Мунун баары бул иште саясий негиз бар деген ойго түртүп жатат».

Бирок Жогорку сот Кыргызстанда сот процесстери 6-апрелден 13-апрелге чейин гана өзгөчө абал шартына байланыштуу убактылуу жабылганын жана учурда иштер кезеги менен каралып жатканын билдирүүдө.

Биринчи май райондук сотунун өкүлү Айзада Момунова кабарлагандай, Кой-Таш окуясынан башка иштер боюнча деле жараяндар өтүп жатат.

«Өзгөчө абал шартында судьяларды нөөмөткө коюп иштеп жатабыз. Сотто тараптардын келгенине жараша бардык иштер каралып жатат», - деди ал.

Соттун бул маалыматынан соң бир нече адвокат менен байланышып, өзгөчө абал убагында башка иштер кандай шартта каралып жатканына кызыктык. Адвокат Бактыбек Жумашев учурда көбүнесе бөгөт чарасын кароого байланыштуу зарыл жараяндар өтүп жатканын айтып берди.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында камактагы мурдагы президенттин алгачкы соту болуп жатат. 2010-жылы бийликтен кулатылган Курманбек Бакиевдин үстүнөн сот иши сыртынан жүргөн. Ал эми Атамбаев болсо учурда УКМКнын тергөө абагында сот чечимин күтүп жатат.

Ушундан улам эркин эксперттер кандай шарт болбосун коомчулуктун көңүлү бурулган иште эреже бузбай кароо зарыл деп эсептешет.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын айтымында, бул сыяктуу иштердин жыйынтыгы ишенич жараткандай болуш керек.

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«Бул ишти мүмкүн болушунча ачык караш керек болчу, - деди ал. - Иштин айрым бөлүгүндө купуя сыр дегени бар. Ал бөлүгүн мыйзамга ылайык жаап койсо болот. Эгер баштан-аяк жабык карап, өкүм чыгып кала турган болсо күмөн жарата берет. Ошондуктан азыркы бийлик өз кызыкчылыгынан алганда деле баарын ачык кылып коюшу керек болчу».

Бирок азыр жүрүп жаткан сот иштерин кадимки эле процесс катары карагандар да бар. Атап айтканда, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери бул соттук ишти ашкере саясатташтырууга аракет кылып жатат деген пикирде.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

«Баары өз тартиби менен кетип жатат, - деди укук коргоочу. - Соттун өз мөөнөттөрү бар. Эртеби-кечпи ал аякташы керек. Анын үстүнө карантин убагында адвокаттардын, соттолуучулардын гана катышуусу менен башка иштер деле каралып жатат. Канчалык эрте бүтсө өздөрүнө жакшы. Балким акталат. Бул жерде карантинди шылтоо кылып бийликке таш ыргытып калуу аракети эле болуп атат».

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашык адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу Атамбаев баштаган 19 кишиге айып коюлган. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши алар тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 адамдын ичинен Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайында камакта отурат.

Кой-Таш окуясы боюнча иш - Алмазбек Атамбаевге айып коюлган жалгыз иш эмес. Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган саясатчы Бишкек Жылуулук электр борборун жаңылоодогу коррупция, кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу баш болгон 10го жакын кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө.

Атамбаевдин адвокаттары коюлган айыптардын баарын саясий негизде деп, четке кагып келишет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG