Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 31-март, 2020 Бишкек убактысы 17:01

Кой-Таш окуясы: сот өтүнүчтү четке какты


Кой-Таш окуясына катышкан адамдардын соту өтүп жатат.

Кой-Таш окуясына байланыштуу абакта жаткандар 4-мартта мамлекеттик айыптоо тобунун жетекчиси, прокурор Темирбек Бекмаматовду айыптаган билдирүү таратышты.

Билдирүүгө экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси Фарид Ниязов, Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев жана ошондой эле Канат Осмоналиев, Фархат Баабиев жана Карыпбек уулу Рыспек кол койгон.

Билдирүүнү журналисттерге Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева окуп берди.

«Сот Бишкек шаарынын прокурору Темирбек Бекмаматов жетектеген мамлекеттик айыптоочулардын басымы менен өтүп жатат. Ал Асылбек Жээнбековдун жакындары дайындаган прокурор. Анын үстүнө коомчулукка тараган маалымат боюнча, Темирбек Бекмаматов Жээнбековдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар. Бекмаматов Атамбаев президент болуп турганда башкы прокурордун орун басарлыгынан кеткен», - деп айтылат билдирүүдө.

Кой-Таш окуясы: Абактагылар прокурорду айыпташты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:12 0:00

Бекмаматов 2015-жылы башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан алынган. Буйрукка ошол кездеги президент Атамбаев кол койгон. 2018-жылы ал Бишкек шаарынын прокурору болуп дайындалган.

«Азаттыкка» комментарий берип жатып, прокурор Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып жаткандардын дооматын четке какты.

«Сотто менин эч кандай кызыкчылыгым жок. Мыйзам боюнча сот көз каранды эмес бийлик бутагы. Ал прокуратурага баш ийбейт. Сотто басым болгон жок. Иш калыс эле каралып жатат. Ал эми иштеп кеткеним боюнча (башкы прокурордун орун басары катары) ал жерде таарынычым жок. Бул мамлекеттик жумуш. Убагында иштеп кеткем. Каршы пикир да айткан эмесмин. «Бийликке жакын киши» деген туура эмес. Мен өз жумушумду эле кылып жатам. Асылбек Жээнбеков менен байланышым жок. Аны жөнөкөй жаран катары эле билем», - деди Бекмаматов.

Ошондой эле бул отурумда Кой-Таш окуясына байланыштуу ишти карап жаткан Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков жактоочулардын камакта отургандардын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн четке какты.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишти тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта отурушат.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында.

Кой-Таш окуясы боюнча кылмыш иши февраль айында сотко өткөн. Баштапкы соттук жыйын 3-мартта башталды.

Кой-Таш окуясы боюнча сот башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:20 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG