Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Полковник Ниязбековдун өлүмү үчүн шектүү жаран кайрылуу таратты


Рысбек Карыпбек уулу. КСДПнын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.
Рысбек Карыпбек уулу. КСДПнын басма сөз кызматы тараткан сүрөт.

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөн Ниязбековдун өлүмү үчүн шектүү катары Кой-Таш окуясы боюнча кармалган Рысбек Карыпбек уулу абактан Кыргызстандын акыйкатчысына, Кыйноого каршы улуттук борбордун жетекчисине жана маалымат каражаттарына кайрылды. Кайрылууну Атамбаевди колдогон Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) 12-февралда таратты.

Кол жазма жана электрондук түрдө таратылган кайрылууда Карыпбек уулу өзүн Ички иштер министрлигинин Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын кызматкери Эмирлан Султаналиев кармаганын, министрликтин имаратында уруп-сабап, коркутуп сүйлөтүп, уюк телефондун камерасына жаздырып алганын билдирди. Ал ошол видео Интернетке тарап жатканын кошумчалап, тергөөдө күнөөсү жок экени аныкталганын кошумчалаган.

Ички иштер министрлиги да, Эмирлан Султаналиев да азырынча буга комментарий бере элек.

2019-жылдын 7-8-августунда Чүйдүн Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы башаламандык менен коштолуп, анда «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков окко учкан.

Атамбаев 8-августтан бери УКМКнын тергөө абагында отурат. Аны кармоо операциясында 225 адам жабыркаган. (SE)

XS
SM
MD
LG