Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Сариев: Болот Шер оппозицияга тоо болуп туруп берчү


Болот Шер.
Болот Шер.

21-июнда коомдук ишмер Болот Шер 61 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Маркумду саясатчы, коомдук ишмер Темир Сариев эскерет.

- Темир мырза, маркум Болот Шер менен саясатта үзөңгүлөш, парламентте кесиптеш болуп, чогуу оппозицияда жүрдүңөр эле. Маркумдун кандай артыкчылыктарын белгилеп айта аласыз?

- Кыргыз эли, кыргыз журтчулугу, маданият чөйрөсү чоң жоготууга учурады. Узак мөөнөттүү оорудан кийин Болот Шер дүйнө салды. Маркумдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча Таласка, туулган жерине коюлду.

Өкүнүчтүүсү - 61 жашта кетти. Биз "Боке, Болот, Шер" деп чакырчубуз. Ушул бардык жагы жарашкан, күркүрөгөн коңур үнү бар, сүйлөгөндө сөздү таап, күчтүү сүйлөгөн, намыскөй, тайманбаган, жолборс мүнөздүү, беттегенин бербеген, чоң саясатта өз орду бар адам эле.

Темир Сариев.
Темир Сариев.

2005-жылы март окуяларында эң биринчи тирешүү Таласта башталган. Бийликтин машинасы толугу менен ага каршы иштеп жатса да, өзүнө, элине ишенип, депутаттыкка талапкерлигин коюп, биринчи айлампадан утуп келчү.

Бийликтин мизин сындырган, бийликтин мыйзамсыз, зөөкүрлүк иштерине каршы чыккан Бокебиз эле. 2010-жылы да 6-апрелде Таласка “мен эл менен болом” деп барып, камакка алынганда эли “Болотубузду бошоткула” деп түп көтөрүлгөн.

Апрель окуясынын башталышы да Таласта болгон. Эл чырылдап Болотту бошотууну талап кылып, министрди барымтага алып, эл облустук акимчиликке кирип кетишкен. Бул да Болоттун чындык үчүн күрөшүп, беттегенин бербеген адам болгонун көрсөтүп турат.

- Болот Шер саясатта болобу, маданиятта болобу жана башка жагдайларда карманган позициясынан кайтпаган туруктуулугун да айтып калышат.

- Болоттун баскан жолу, сүйлөгөн сөзү, кылган иши буга далил. Саясатта бийликтин мыйзамсыз иштерине каршы чыгып, элдин таламын талашып келсе, маданиятта, кыргыздын тарыхын, улуу элдигин даңазалоого, көкбөрүнү дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга да чоң салымы болду. Көкбөрүнү эл аралык оюнга айландырам деп, болгон күчүн жумшап, Болот Шамшиев менен кошо анын эреже-талаптарын жазып чыкты. Азыркы учурда ал иштеп чыккан жоболорду казактар, ирандар, түрктөр жана башка көкбөрү ойноп жүргөн элдин баары кабыл алды.

Айтыш өнөрүн колдоп, “Айтыш” коомун түзүп, ага демөөрчү болуп, аны да чоң деңгээлге жеткирип, акындарды да акын кылып баркын чыгарган адамдардын бири да – Болот Шер болчу.


– Өнөр адамдарына меценаттык кылып, жардам берип жүргөнүн, күчтүү журналист-публицисттердин башын бириктирип, “Жетимен” деген журнал да ачкан эле. “Алас” деген гезити да эсибизде.

- Мен өзүм эле көп жерде, көп жолу күбө болдум. Өнөр адамдарына, акындарга, жазуучуларга да жардам берип жүрчү. “Туңгуч” театрына автоунаасын сатып берип, алардын алыс-жакынга гастролдорун каржылап жүрчү. Оппозициянын митингдерине да ырчыларды алып келип, аянтта ырдатканы да элдин эсинде.

Жазуучуларды, театрды, артисттерди аябай колдоду. Аларга акчалай жардам бергенде бизге да айтып, “мына, мен бердим, силер да бергиле” деп, чөнтөгүнөн акча чыгарып берип, далай меценаттык кылды.


Тарыхка да жакын болчу, убагында Алтайга чейин барып, “кыргыздын тарыхы Алтайдан башталат” деп иликтеп жүрдү. Кыргыздын улуулугу тууралуу кеп болгондо казактар менен кадимкидей айтышып, улут үчүн, кыргыз үчүн дегенде күйүп-жанып турчу.

Саясий салмагы да чоң болчу. Биз оппозицияда жүргөндө тоодой болуп эле туруп берчү. Көп адамдар коркуп, качып кеткенде, “коркпогула, мына мен турам го” деп, өзү баштап, кубаттап, бизге аска-тоо, жөлөк болуп турчу.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG