Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-июль, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Көкбөрүнүн зоболосун көкөлөткөн Болот Шер


III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары. 6-сентябрь, 2018.

Кыргыздын кайра жаралуу сезимин ойготкон Болот Шерден айрылдык.

«Эртегисин эстесе,
Шаа колдосун деп турар.
Бөрү энесин эстесе,
Жал колдосун деп турар.
Ата-тегин эстесе,
Бай колдосун деп турар.
Ынтымагын эстесе,
Жар колдосун деп турар…»

Ашым ЖАКЫПБЕКОВ

Кайсы элдин тарыхына карабаң: мифтен, уламыштан кайгып өткөн калк жок. Мифтердин, уламыштардын негизинде улуттук философиясынын жерпайын аныкташат. Мифтерге, уламыштарга таянган тарыхый-философиянын тамыры тереңдеп кете берер. Башканы коюп, «Манас» эпосунда бурут деп айтылат. А түпкү маанисинде «бөрү ит» эмеспи. Ымыркай төрөлүп, денесинин бир жеринен көгөргөн так көрүнсө, көңкө кыргыздын төл сөзү бар айныксыз: «Бул – Умай Эне колу» же «бөрүнүн жалы».

Кыргыз жөнүндө уламыштардын биринде ашын уругу кас душмандын капилет канабайран согушунда тукум курут калчудай тукулжурайт. Уугу кыйраган улуттун, түндүгү түшөр буруттун (Алдыда бурут атанаар улут – О.Ш.) тукуму калбачудай кырылат. Кан күсөгөн кас душман кыргыз тукумун калтырбашка ант берет. Ант бергени ушу – эмчектеги жалгыз калган баланын да колу-бутун кыя чабышып, кыргыздын эң акыркы тукуму кыйналып өлсүн үчүн ошол жалгыз баланы ай-талаага таштап кетишет.

Ыңаалаган ымыркай үнү сооп таппай турганда – Бөрү-Эне жортуп келет. Баланын жаратын жалап, жалгызды аяп, калтырып кеталбайт. Боортоктоп ак сүтүн эмизет. Бу кабар кас душманга жетет. Түгөткүрлөр баланы издеп калганы. Өлтүрмөккө. Бирок Бөрү-Эне баланы бөктөрүнө качат. Ошол бөлтүрүктүн сүтүн эмип чоңойгон бала тууралуу уламышты карасөздүн балбаны, жорго сөздүн албаны кайран Ашым Жакыпбеков да баяндайт эмеспи маминтип: «Кош аяк күчүк, сүт эмип бүтүп, бөрүнүн боорун аймалайт сүзүп. …Улуду Бөрү, уңшуган жөнү: Кайыптын уулу ит болбойт экен. Теңирдин кулу – түк болбойт экен. Эмчегин эмет, ээкке тебет. Күчүкчө кыңшып, кишиче күлөт. Жогдорун апчып, жонуна минет. Эсине келсе, неткени турат. Атасын көрсө – кеткени турат. Шондо Бөрү туюнду: бир карап Түндүк Уюлду, бир карап Түштүк уюлду, моюн сунуп тагдырга, көзүнөн жашы куюлду… (Уламыштан кыскартылып алынды – О.Ш.)

Биз, уламыштын ток этер гана жерин кертип алдык. Кыскасы – бала аман-эсен бойсунуп, кийин кыргыз тукумун өстүрөт. Кырылган элдин өчкөн отун ошол Бөрү-Эненин ак сүтүн эмип өскөн бала улайт.

Уламышты балдар үчүн 1975-жылы жазган А.Жакыпбековдун бул чыгармасында: Теңир уулу Шаа-атабыз Бөрү-Энебизге барганы, баланы кантип алганы, ошол бала «Бөрү-ит» болуп калганы; тарых жолу өзгөрүп – «бурут» болуп андагы, ошол бала өткөн кезин унутуп, бөлтүрүктү улутуп, бөктөрүп бирин курутуп, «көкбөрү» деген оюндун тарыйкасы жаралат. А.Жакыпбековдун көркөм баянында: кийин-кийин «кыргыс-жойгус» деген сөздөн «кыргыз» чыкканы айтылат.


Кепти минтип байыркы уламыштан баштаганыбыздын себеби, бүгүнкү тарыхый доорубузга көкбөрү түшүнүгү кантип жуурулушуп калганы туурасында кеп куруунун жүйөсү келип туру.

Кыргызстан өз алдынча табынсыз өлкөгө айланды дедик. Аны эгемендик деп шардана салдык. Улуттук кайра жаралуу сезимибизди дүрт жандырган баалуулуктар биринин артынан бири чыга келди. Кыргыз атыбызды дүйнөгө даңазалоо жараяны өзүнөн өзү жаралды. Мамлекет тарабынан Манастын 1000 жылдык тою кыргызды дүйнөгө таанытат деген ураандар жаңырып, бирок даңазалуу ал той чоңдордун майрамы болуп жыйынтыкталды.

Арийне, Кыргызстанды дүйнөлүк аренага таанытуунун андан да реалдуу жаңы идеясы жаралды. Көрсө ал улуттук баалуулуктун маңызын көтөрүүдө экен. Ал эмне маңыз эле? Көчмөн элдин көкбөрү өнөрүндө жатыптыр кеп! Дүйнө жүзүнө жапондорду сумо, каратэ; кытайларды кун-фу; испандарды коррида (тореадор менен буканын опурталдуу оюну) тааныткандай эле байыркы жоокерчилик заманында ат жалында ойногон ата-бабалардын ат оюну көкбөрүнү дүйнөлүк спорт катары таанытуу идеясын көтөргөн бир эр чыкты – Болот Шер.

Көкбөрү өнөрүнүн даңазасы узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына тез эле тарады. Өзүбүздүн түрк тилдүү элдерди кой, Улуу Британиянын Королдук Коомунун ICON FILMS киностудиясы менен Жапониянын белгилүү «Фуджи» телекомпаниялары көчмөн элдин көкбөрү тууралуу оюнун толук метраждуу документалдуу фильм кылып тартканына улуттук сыймыгыбыз жаралды. Төгөрөктүн төрт бурчуна көкбөрү деген спорт жайылды анан. Тилекке каршы, бирок соңку жылдары көкбөрүнүн ооматы мурдагыдай эмес. Ал тууралуу өзүнчө чоң сөзүбүз алдыда…


Баягы улак тартыш деген көкбөрүнүн дагы бир аталышы эл арасында анчалык чоң мааниге ээ болбой калды. Улак эмне болуп калыптыр: эр жигиттин каруусуна илинген улактын салмагы да кеппи. Улактын салмагы канча дейсиң? Аның жембаштыктан ашабы? Көңкө кыргыз көйрөң эл бекен шончо мактангыдай? Улакты кимдер тарткан?.. Борбуюна күч толо элек бозуландар тарткан. Эрезе курагын эңсеген тестиерлер ошенткен. А эңгезердей эрлер улак тартмакпы, көкбөрү тарткан аларың. Торпок тарткан…

Көкбөрү деген эзелки аталышы ошентип кайра энчиленди. Жөн эле энчиленбей: көкбөрүнүн аты менен затына улуттук философия, символдук маани төндүрүлдү. Ал кандай философия, кандай символдук түшүнүк эле? Бөрү – бул эркиндиктин, чечкиндүүлүктүн, көктүктүн, ар-намыстын символу. Анын мойнуна алтындан каргы таксаң да ит болуп бербейт корооңдо. Курсагын тойгузганың үчүн куйругун шыйпаңдатпайт. «Бөрү баласы ит болбойт» деп кыргыз шон үчүн ызырынган эмеспи көкжалдын тукумуна.

Айбанаттардын падышасы делген арстан тукумун цирктеги оюнга үйрөтсө болот экен, ал эми карышкыр тукуму цирк манежинен өнөр көрсөткөнүн көргөн, билген пенде барбы?..

Бөрү баласынын жонунан терисин тирүүлөй сыйрысаң да кыңшылабаган жаныбар экенине адам баласынын акылы айраң болуп келет.

Андыктан көкбөрү деген аталыштын өзү да улуттун кулк-мүнөзүн калыптоого мааниси зор эле. Ооба, абдан зор эле: азыркы шыйпаң мүнөз болуп бараткан кыргыз үчүн… Түлкү мүнөз, коён жүрөк жигиттерибиздин арын козгоор улуттук идеянын бир салаасы көкбөрүдө болучу. Аттиң, азыр кыргыз жигиттеринин эрк-кайраты, кулк-мүнөзү көкжал карышкырдыкындай болсо кана! Карышкыр баласы канчыгына кол салбайт экен. Кашайганда кыргыз урпагы койнундагы катынына кызыл камчы адатын карматмагы бар. Камчы салат, бычак малат жаншерик жарына...


Улуттун ариет, намысын көкөлөтөр жигиттер качан чыгар экен?.. Орустар «трус не играет в хоккей» дегениндей, кыргызда суу жүрөк жигиттер гана көкбөрү ойнобойт түшүнүгүн жаратууга Болот Шер белсенди эле кезинде! Көкбөрү оюнундагыдай тобокелчилик эч бир оюнда кезикпес. Азыр кыргыз армиясынын катарындагы жигиттерди кайраттуулукка, эрктүүлүккө тарбиялаган эмне сыноолар бар? Жок! Кыргыз жигиттеринин азыр жүүнү бош, кайраты мокок. Андыктан кыргыз тукумун тарбиялоодо көкбөрү өнөрүнүн мааниси зор экенин баамдабай жүрүбүз!

Улуттук оюн көкбөрүнүн желеги желбиреп, гимни жаңырып турганда кыргыз тукумунун өнө бою чымырап, каны дүркүрөп, ата-бабасына сыймыгы артып тургандан өтөр балант барбы?! Көкбөрү оюнунун желегинде кандай маани камтылды эле? Желектин ортосундагы бөрүнүн башы тартылган көк түс үч бурчтуу шынаа кейиптенип, дүйнөнү жарып бараткандай, жиреп баратса, бериде көкбөрүнүн гимни жаңырат эмеспи:

Алтай Тоодон, Ала-Тоодон, адырдан,
Ак калпакчан кыргыз үнү жаңырган.
Шуулдаган буруттардын урпагы
Шумкар болуп көктөн жерге сайылган.

Ат минсе арстан кыргыз,
Ааламга баткан кыргыз.
Көк асты, Жер үстүндө
Көкбөрү тарткан кыргыз.

Шаа атанын арбагы бар кан-жанда,
Шаабыз жетет намыс барда, ар барда.
Көкбөрүгө дүңгүрөтүп жер шарын
Көкөлөтө көтөрөбүз ааламга.

Көкжалдан калган кыргыз,
Көөдөнү арман кыргыз.
Көмүлүп жок болордо
Көктөгөн кайран кыргыз.

Көкжал кыргыз Теңирдеги, көктөгү,
Көкүрөктөн кан акканда өздөрү:
Таштабастан ташка жазып тарыхын
Талаа-түздө тартып келген көкбөрү!

Асмандан балбылдайбыз,
Асылса калбырлайбыз.
Ажалга айрылсак да,
Аттан биз айрылбайбыз!

Кан Манастын урпактары турасың,
Калкта калган бабалардын мурасын,
Кыргыз барда көкбөрүнү буруттар
Кылымдардан кылымдарга уласын.

Жолборстор тарткан көкбөрү,
Жоготпой келген эр кыргыз.
Жоо келсе Атамекенге
Жолотпой келген эр кыргыз!

(Сөзү КР Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдики)

Бир эле кыргызда эмес, дүйнө жүзүндө эл энчисине айланып кеткен мурастар канча, маселен: «элдик ыр», «элдик күү» болуп. А түпкүлүгүндө ал мурастарды жалпы эл жараткан эмес, тек эл ичинен чыккан бүрөө-жарымдын гана авторлук чыгармасы кийин элдик болуп аталып калганы… Ошол элдик ыр, элдик күүлөрдү шаңшытып оркестрге салсаң да элдик бойдон кала берет түбөлүк. Көкбөрү тарыхы да ошол сыңары элдик дөөлөт-мурас, элдик өнөр катары эл энчиси бойдон жашай берет.

Албетте, ошол элдик мурас кылымдардан бери сүрмөтоп, аламан байге, башаламандыктар менен коштолсо да жок болбой сакталып келгенине шүгүр. Анын элдик болуп калганы ошол. Арийне, көкбөрүнүн тартиби, эрежеси жок үчүн бул оюндун кызуусу далай ыр-чырга, талаш-тартышка илгертен бери себеп болуп келгени дайын. Баарыбыз бала кезден билебиз, көкбөрүнүн кызуусу менен кырсыкка кабылгандар көп болорун. Оюнчулар эле эмес, көрүүчүлөр тебелендиде калчу. Ал тургай сүрмө тобу менен куушкан көкбөрүчүлөр оюндун кызуусуна киргенде айыл-кыштактарды аралап кетип казан-аяк, бала-бакыра, кемпир-чалдарды тебелетип кеткен оюнчулар болгон. Кашааланган зымдарга чалынып жыгылган атчандар андан…


Тайказан деген түшүнүк да жок эле. Бала күнүмдөн эсимде: эки тараптын оюнчулары тегерете таш тизип койгон чек болор эле. Белгиленген ошол чекке оюнчу улакты таштаар замат, эки жааттын ызы-чуусу башталчу. Себеби оюнчулар тиякка удургутуп, биякка удургутуп чаап өткөн сайын баягы тегерете тизилип белгиленген чектеги муштумдай таштар ат туягынан туш-тушка чачырачу. Андан да кокую: судья дегени болчу эмес. Топтун арасында ким аксакал болсо, калыс кепке ошону чакырышчу. Көзүнөн карыгып жаш аккан ал аксакал оюн жүрүшүн толук көрбөсө да, кайсы тараптагы топ катуурак догурунуп, катуурак омуроолоп чуу көтөрсө, жеңишти ошол тарапка оодара салып четке чыга берчү. Көкбөрүнү биз ошонүчүн дүйнө элине спорттун эң кызыктуу түрү катары тааныта албай келдик…

А бүгүн көкбөрү оюну дүйнө жүзүнө көчмөн элдердин флагманы болуп таанылып калды. Бирок кантип таанылды? Агер азыркы эрежелер киргизилбегенде: көкбөрүнүн ооматы таанылат беле, дүйнө элине шоораты угулмакпы? Жок. Тарыхый энчибизди башкалар колдон сууруп кетишмек. Себеби эрендердин эр оюну көкбөрү те кылымдардан бери Азия аймагынын элдеринде ойнолуп келгенин да унутпайлы. Ооганстан, Пакистан, Иран, Индия, Кытай, Монголия, Орусиянын Батыш Сибиринен тартып айрым араб малекеттеринде да ойнолуп келгени менен, бирок бул оюндун бирдиктүү эрежеси, тартиби болбоптур. Арийне, муну Кыргызстан гана дүйнөлүк спорт оюндарынын нормасына салып, өз энчисин өзүнө каттатууда Болот Шер башында турганын тарых үчүн белгилей кетчү жердебиз!

Мурда оюнчулар арасындагы чыр-чатактар ырбаганда камчы менен биринин башын экинчиси айра чаап, азыркыдай тайказан жок үчүн ар кимиси ар кандай ойноп келгени кимге жашыруун? Мерчемделген жерди бири камчы менен ченесе, бири аркан менен ченеп, улак белгилүү чекке жетпей ыргытылды же ашып кетти деген талаш чыгып, бул оюндун адилеттиги жок үчүн совет доорундагы катуу тартип менен көкбөрүгө тыюу салынган эмеспи.

Азыр болсо мөрөй талаш тайказанга түштүбү, бүттү, упай ошол тараптын эсебинде. Оюнчулар да тайказанга түшкөн упай эсебин көрүп, ынанып турат. Мына ушул оюн эрежесин акыры тартипке, эрежеге салган коомдук ишмер Болот Шер кылымдардан бери келаткан эрендердин эр оюнун эл энчисине кайрып келди...


Жогоруда дүйнө жүзүндө «элдик ыр», «элдик күүгө» айланып кеткен мурастар туурасында кеп кылганым ошондон. Ошол элдик мурастардын да өз кезегинде авторлору болгон сыяктуу, «Көкбөрү» федерациясын Эл аралык спорт федерациянын конгрессинде расмий каттатууга белсенип, аталган оюндун эреже-тартибинен тартып, тайказанына чейин ойлоп тапкан Болот Шерге алкыш. Андыктан көкбөрү өнөрүн улуттук оюн деп билсек, тай казандын автору Болот Шер деп тааныганыбыз ийги. Канткен менен байыркы ата-бабаларыбыздан калган оюндун эрежесин ойлоп таап, эларалык спорт деңгээлиндеги мыйзам ченемдерге ылайык жол-жобосун иштеп чыгып, акыры тартипке салды…

1998-жылдан тарта көкбөрү мелдеши бир гана кыргыз-казактын ортосунда уюшулбастан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Ооганстан, Орусия, Индия, Иран, Монголия өлкөлөрүнөн бери көкбөрү тартышкан командалар келип, байге фондунун эсеби 3 миллион сомду чапчыганы эле аталган оюндун даражасын дүйнөгө дүңгүрөтүп койду. Бирок көкбөрү оюнунун ошондогудай шарапат-шаасы, шоорат-шоусу Болот Шер “Көкбөрү” федерациясын жетектеп турган жылдарда гана болуп, кийинки келген жетекчилердин бири дагы көкбөрүнүн зоболосун көкөлөтө алган жок. Тек, эми мындан арыга жаратмандык мээнетин жумшаган эр-азаматтар чыкса, Болот Шерче болорбу? Улуттук дөөлөттүн бири – көкбөрүнүн зоболосун көкөлөтөр Болот Шердин ордун басар чыгар?!

Олжобай ШАКИР

(Эскертүү: Автордун пикири редакциянын көз карашын чагылдырбайт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG