Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:35

Ташкентке жөнөтпөгөн тайказан чыры


Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы.
Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы.

Кыргызстандын көкбөрү боюнча курама командасы ушул жылы Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионатына катышпоо тууралуу чечим кабыл алды.

Көкбөрү федерациясы алдын-ала мындай чечим кабыл алышын турнир эрежесинин өзгөрүп кеткени, анын ичинде көкбөрү оюнунда тайказандын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Өз кезегинде Өзбекстандагы дүйнө чемпионатына кыргыз улакчыларынын катыша беришин каалагандар да бар.

Кечиккен жобо, такталбаган мөөнөт

26-сентябрда Көкбөрү федерациясынын башкармалыгы жыйын уюштуруп, Өзбекстанда өтө турган Көкбөрү боюнча дүйнө чемпионатын алдын-ала талкууга алышты. Федерациянын баш катчысы Кувватбек Аскарбеков расмий Ташкент дүйнө чемпионатынын жобосун жөнөтө элек экенине карабай, кыргыз тарап алдын-ала өз чечимин жарыялоону туура көргөнүн билдирди. Себеби Өзбекстандагы чемпионат мурдатан бери эле Казакстандын көкпар оюнунун эрежеси менен өтөрү айтылып келатканына байланыштуу Кыргызстан алдын-ала өз позициясын чыгарды.

- «Өзбекстанда дүйнө чемпионаты ноябрь айында өтөт» дегени менен азыркыга чейин жобону ала элекпиз. Ошол эле учурда жобонун болжолдуу варианты башка коңшу өлкөлөргө жөнөтүлгөнү тууралуу бизге маалыматтар жетип жатат. Азыр байкасак чемпионаттын башталышына 1,5 ай убакыт калды. Биз команданы курап, даярдануу иштерин башташыбыз керек болчу. Бирок азыркыга чейин чемпионаттын так датасы жана эрежеси тууралуу маалымат келе элек. Өзүбүз Ташкентке байланышка чыксак, «бүгүн-эртең» деген шылтоо менен ушул убакытка келдик.

Аскарбековдун айтымында жалпы жыйынга катышкан башкармалыктын 18 мүчөсүнүн 17си Өзбекстанга Кыргызстандын курама командасын жөнөтпөөгө макул болду.

Кыргызстан - Өзбекстан оюну. Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл.
Кыргызстан - Өзбекстан оюну. Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл.

Чечим акыркы эмес

Жыйынга катышкан «Сары-Өзөн» командасынын жетекчиси Рамис Жунусалиев кабыл алынган чечимди «расмий» деп атабаш керек деп эсептейт. Ал эгерде Өзбекстандан келе турган жободо тай казан менен ойноо камтылган болсо, Кыргызстандын курама командасы Ташкентке бара турганын кошумчалап өттү:

- Биз дагы эле дүйнө чемпионатынын жобосу менен тааныш эмеспиз. Ошондуктан эгерде Өзбекстан турнирди тайказаны жок өткөрсө биздин чечим кандай болорун алдын ала талкууладык. Ал эми жобону колго алган күнү дагы бир ирет ушул эле курам чогулуп, эрежеге жараша өзүбүздүн чечимибизди расмий жооп катары Ташкентке жөнөтөбүз.

Манас Ниязов: бара берсек жакшы болмок

Анткен менен көкбөрү боюнча Өзбекстанда боло турган дүйнө чемпионаты кандай эреже менен өтпөсүн, Кыргызстан өзүнүн курама командасы менен катышышы керек дегендер четтен чыгат. Алсак, белгилүү улакчылардын бири, «Достук» командасынын чабуулчусу Манас Ниязов кыргыз тарап алдын-ала өз чечимин чыгарууга шашпастан, Ташкент менен сүйлөшүүлөрдү улантып, ымалага келүү жолдорун издеши керек деген ойдо.

- Эми жакшылап сүйлөшүп, бир келишимге келип, барып ойноп келсек жакшы болмок, - деди ал. - Качанкыга чейин улакчыларыбыз Кыргызстан ичинде бири-бири менен ойной беришет? Мен түшүнгөнүмө караганда Өзбекстанда тайказан болбойт экен, бирок менин жеке пикирим - катыша беришибиз керек. Менимче сүйлөшүүлөрдү токтотпой уланта берсек, өзбек тарап да биздин шарттарга макул болсо керек.

Манас Ниязов.
Манас Ниязов.

Эл аралык көкбөрү федерациясы ушул жылдын февраль айында Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында конгресс өткөрүп, көкбөрү оюндарынын эрежесин бир топ өзгөрткөн. Анда көкбөрү оюндарын үч таймдан эки таймга кыскартуу, аттарды такасыз талаага чыгаруу, улактын ордуна жасалма муляжды тартуу жана тайказанды алып таштап, анын ордуна жердеги чийинге ойноо тууралуу эрежелер кирген.

Бул эрежелердин өзгөрүшүнө Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы каршылыгын билдиргенине карабай, жыйындагы көпчүлүк өлкөлөр жаңы эрежелерди колдоого алган.

Асыгалиев: Ташкентте негизги демөөрчү казак тарап болот

Көкбөрү оюндарынын комментатору Табылды Асыгалиевдин айтымында, Кыргызстан көкбөрүдө ири «оюнчу» экендигине карабай, Казакстан өз эрежелерин башка өлкөлөргө таңуулап, көкбөрүнүн өнүгүшүнө бут тосту.

- Эми бул жерде ачыктан-ачык Казакстан тараптын биздин көкбөрүнү эл аралык аренадан жоготуу саясаты болуп жатат, - деди ал. - Казактан өз эрежесин эл аралык деңгээлге алып чыгыш үчүн коңшуларга акча сунуштаган вариантты мен четке какпайм. Эми дүйнө чемпионаты Өзбекстанда өтүп жатканы менен ал жерде деле Казакстандын демөөрчүлүгү алдында өтүп жатат. Бул чемпионат эмес эле Казакстандын ачык турнири деп айтаар элем. Ошондуктан Кыргызстан ал жакка барбаганы туура чечим болду. Себеби, дүйнө суктанган көкбөрүнүн кызыгы тайказан менен оюнда жатат жана ал оюнду кыргыздар жогорку деңгээлде көрсөтүп жатат.

Казакстан - Өзбекстан оюну. Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл.
Казакстан - Өзбекстан оюну. Көчмөндөр оюндары, 2018-жыл.

Казакстан жаңы эрежелерди киргизүүдө оюнчулардын жана аттардын жаракат алышын минималдаштырганын жүйө келтирген. Ошондой эле алар сунуш кылган көкпар кооптуу оюндан гумандуу спортко айланганын, эл аралык деңгээлге жайылтууга жеңил болорун билдирген.

Өзбекстан буга чейин көкбөрү боюнча ири чемпионаттарды өткөргөн эмес. Ага карабай, бул чемпионатта эң эле күчтүү командалар Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан болуп саналууда.

Болжолдуу маалыматтар боюнча Өзбекстандагы Көкбөрү боюнча дүйнө чемпионаты ноябрь айынын ортосунда өтмөкчү. Ага он чакты өлкөнүн катышуусу күтүлүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG