Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 3-апрель, 2020 Бишкек убактысы 06:41

Көкбөрү: Дүйнө тайказанды чанды


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.

14-февралда Казакстандын борбору Астана шаарында Бүткүл дүйнөлүк көкпар (көк бөрү) федерациясынын жыйыны өтүп, катышуучу өлкөлөр көпчүлүк добуш менен тайказандан баш тартышты.

Адистер бул чечим менен көкбөрүнүн азыркы эрежелери эл аралык деңгээлде таанылбай калганын айтышса, Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы алдыда сүйлөшүүлөр уланарын билдирди.

Астанадагы конгрессте бир нече маселелердин ичинен эң негизгиси көкбөрү оюнунун эрежелерин өзгөртүү пункту болду. Бул суроону ар бир өлкөдөн бирден өкүл кирген жумушчу топ карап чыгып, өз сунушун берди.

Анда жумушчу топ азыркы Эл аралык көкбөрү федерациясында белгиленген эрежелер оюнчулар менен аттар үчүн кооптуу экендигине, ал үчүн тайказанды алып таштоо керек болоруна токтолгон.

Казакстандын Улуттук спорттун түрлөрү боюнча ассоциациясынын президенти Бекболат Тлеухан тайказанды алып таштоо маселеси эмнеликтен орчундуу болуп турганын төмөндөгүдөй негиз менен түшүндүрдү:

Бекболат Тлеухан.
Бекболат Тлеухан.

- Биринчиден, тайказанга кыргыз менен казактан башка эч ким көнө албай койду. Экинчиден, башка өлкөлөр үчүн тайказанга ойноо чындыгында кыйын болуп жатат. Аны менен кошо минип жүргөн атка да абдан оор болууда. Канчалаган жигиттер тайказандын айынан башы жарылып, моюну үзүлүп, майып болуп калып жатат. Керек болсо тайказанга урунуп, кишинин өлүмү менен да коштолуп жатпайбы.

Кыргызстан үмүтүн үзө элек

Астанадагы конгресске Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Венгрия, Кытай, Орусия, Ооганстан болуп тогуз өлкө катышты. Бул жыйынга Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынан өкүлдөр барган жок.

Натыйжада жыйынга катышкан тогуз өлкөнүн сегизи эл аралык көкбөрү турнирлери мындан ары тайказаны жок, улактын ордуна муляж менен, айтор Казакстан сунуш кылган көкпар эрежелери боюнча ойноого макул болду. Ал эми Орусия бул маселе боюнча өз позициясын билдирген жок.

Бирок Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Астанада эл аралык мыйзамдар одоно бузулганын айтууда.

Саматов «Азаттыкка» билдиргендей, Астанада Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясынын жыйыны гана өттү. Ошол эле учурда ал Эл аралык көкбөрү федерациясы өз эрежелери менен дагы эле жашап жатканын белгилеп, мындай деди:

Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

- Бул жерде эч кандай коркунуч деле жок. Ал жыйын ассоциацияныкы, ал эми биз буга чейин Бишкек менен Ташкентте Эл аралык көкбөрү федерациянын чечимдерин кабыл алганбыз. Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясы 2013-жылы ачылган, бирок бул маселе туура эмес түптөлгөн. Анткени Көкбөрү федерациясы турганда кошумча ассоциация түзүлбөшү керек. Качан гана Эл аралык көкбөрү федерациясы жабылса, андан кийин ассоциация тууралуу сүйлөшсөк болот. Ошондуктан алдыда иш-аракеттерди улантабыз.

Анткен менен Астанадагы катышуучу өлкөлөр мындан ары эл аралык көкбөрү турнирлеринин баары жаңы эреже менен өтө турганына токтолуп, кезектеги дүйнө чемпионаты быйыл Өзбекстанда боло турганын белгилешти.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын мурдагы өкүлү Талас Бегалиев Астанада кабыл алынган чечим көкбөрүнүн чет өлкөдө жайылышына балта чапканын айтып, Кыргызстан эл аралык аренада өз позициясын уттурганын билдирди:

Талас Бегалиев.
Талас Бегалиев.

- Мен деле Астанада ушундай эле чечим кабыл алынат деп ойлогом. Эми көкбөрүнү тайказан менен өз өлкөбүздүн ичинде эле ойноп калабыз. Биздин мурдагы Икрам Илмияновго окшогон жетекчилер көкбөрүнү Ош-Талас деп «кырылыштырып» коюп жата беришти. Андан көрө ошол маалда сырттагы жумуштарды бүтүрүшү керек эле. Алар көкбөрүнү өнүктүрүүнү ойлогон жок, алар өз кызыкчылыгын гана ойлоп жүрүштү. Биз эми эрежелерди уттурдук, аны моюнга алыш керек.

Кыргызстан эмнеден жазды?

Көкбөрүчүлөр арасында тайказандын кооптуулугу тууралуу эки ача пикир бар. Ошентсе да коомдук активисттер тайказанга ат урунганда жаракат албагыдай кылып, аны жумшак резинадан жасалган үлгүсүн федерацияга да, бийликке да сунуш кылып жүрүшөт.

Коомдук активист Бекжан Шыгаев мындан үч жыл мурун атайын сунушталган үлгүнү Көкбөрү федерациясы кабыл алып, ишке киргизгенде бүгүн тайказанды көкбөрүдөн ажыратуу маселеси чыкпайт эле деп эсептейт.

- Бүгүнкү жаралган кырдаал биздин Көкбөрү федерациясынын шалаакылыгынын айынан болуп жатат, - деди ал. - Федерация тайказанды өнүктүрүп, айтылып жаткан сунуштарды эске албай, өздөрү да аракет кылбай келди. Эми биз бүткүл дүйнөгө намысыбызды тарттырып жибердик. Көкбөрү эми Кыргызстандын ичинде эле болот, ал эми сыртка чыкканда биз көкпарга айландык.

Эл аралык көкбөрү федерациясы буга чейин оюндун эрежелерин, анын ичинде тайказан маселесин Бишкекте жана Ташкентте өткөн конгрессте талкуулап, орток пикирге келе албай койгон.

Көкбөрү.
Көкбөрү.

Эл аралык көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн талкуусуна түшкөн көкбөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойнору жана улак тайказанга салынары белгиленген.

Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн Эл аралык көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Ошол жылы Астана шаарында көкбөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.

Ал эми 2014-жылы Казакстан Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын түзүп, ага болгон улуттук оюндарды, анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон.

2017-жылы Казакстан көкпар боюнча биринчи дүйнө чемпионатын уюштуруп, чемпиондукту жеңип алган. Ал эми кезектеги чемпионат быйыл Өзбекстанда өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (92)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG