Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Көкбөрү: "Ахиллес" менен "Геркулес" бир командада ойнойт


Солдо "Геркулес", оңдо "Ахиллес".
Солдо "Геркулес", оңдо "Ахиллес".

Бишкекте Нооруз майрамына карата көк бөрү боюнча республикалык мелдеш башталды.

Жалпысынан оюндарга 16 команда катышып, финалдык оюн Нооруз майрамында - 21-мартта өтмөкчү.

Кыргызстанда көкбөрү өнүгүп жатканын быйылкы турнирге келген командалардын санынан байкаса болот. Жалпы 16 команданын ичинен дээрлик жарымы биринчи ирет ири таймашка катышып жатканы белгилүү болду.

Ошондой жаңы топтордун бири “Келечек” командасы бишкектик улак оюнунун ышкыбоздорунан куралып, республикалык таймашка аттанган. Бирок “Келечек” оюн башталганда эле былтыркы жеңүүчү Таластын “Ынтымак” командасына туш келип, татыктуу каршылык көрсөтө алган жок. Анткени менен команданын машыктыруучусу Керимбек Кадыркулов бул оюн алардын командасы үчүн жакшы тажрыйба болгонун айтууда:

- Аттарыбыз күчтүү эле болчу, балдарыбыз кичине жаштык кылды. Буюрса, алдыда дагы оюндар бар, биздин командабыздын эми эле тушоосу кесилип жатат. Балдардын көңүлү жакшы. 9-майда дагы чоң оюн болот, ошого сөзсүз катышабыз.

Ал эми акыркы кезде ири турнирлерге катышпай калган тоолуу Нарын облусунан эки команда келгени да быйылкы көк бөрүнүн дагы бир өзгөчөлүгү катары каралууда. Алардын бири “Долон” командасы мелдештеги мыкты командалардын бири деп саналган “Биримдик Аю” менен ойноп утулуп калса, экинчи теңир тоолук “Эмгек” командасы 16-мартта Оштун “Достугу” менен ойногону турат.

"Геркулес" мындан ары Таласка ойнойт

Көкбөрү ышкыбоздору быйылкы турнирдин кыл чайнашы негизинен Таластын “Ынтымак”, Оштун “Достук” жана Чүйдүн “Биримдик Аю” командаларынын ортосунда болорун айтышууда. Үч команда тең быйыл командаларына мыкты оюнчуларды жана күчтүү аттарды алып, бир сыйра курамдарын чыңдап алды. Айрыкча Таластын “Ынтымагы” команданы бир топ жаңыртып, “Геркулес”, “Ак куш” өңдүү атактуу аттарды да катарга тартып келгенин улакчы Сейитбек Анарбек уулу “Азаттыкка” айтты:

- “Достуктан” Азим Болот уулу бизге келди, андан башка “Мурастан” төрт улакчы келди. Аттар да жакшы эле келди. Азим менен чогуу “Геркулес” келди. “Геркулес” көп жылдан бери биздин Урмат минген “Ахиллес” менен тирешип келчү эле, эми алар бир командага биригишти. “Ак куш” деген күчтүү ат да келди, айтор жакшы эле толуктоолор болду.

Сейитбек Анарбек уулу.
Сейитбек Анарбек уулу.

Анткен менен таластыктардын мыкты оюнчусу Жоки Орозбаев жараатына байланыштуу быйыл командасына жардам бере албасы анык болду.

Ниязовдор күрөшкө даяр

Бул арада “Ынтымактын” негизги атаандашы “Достук” дагы катарына жаңы улакчыларды тарта алды. Команданын алдыңкы улакчысы Манас Ниязов “Азаттыкка” жаңы эки оюнчу Оштун намысын коргойт дейт:

- Биздин эки балабыз кетти, Азим Болот уулунан тышкары Баку Таалайбек уулу “Арашанга” ойномой болду. Ошол эле учурда бизге Султан Русланов менен Айбек Темирбаев деген улакчылар келди. Эки айдан бери Бишкекте жүрөбүз, даярдыктарды аябай жакшы өттүк, алдыда эми оюндар көрсөтөт.

“Достукта” Манас Ниязовдун бир туугандары Кыяз жана Байыш Ниязов да Нооруз турнирине мыкты даярдыкта экенин кошумчалашты.

"Достук" командасы.
"Достук" командасы.

"Биримдик Аю" биринчиликке талпынат

Бул турнирде утуп чыгууга шымаланып турган дагы бир команда - “Биримдик Аюнун” улакчылары Сокулукта даярданып, оюн башталарга жарым саат калганда гана аттарын жүктөп келди. Акыркы убакта жакшы ийгиликтерди жаратып жаткан “Биримдик Аю” быйыл биринчиликти гана алууну максат кылып келишкенин команданын машыктыруучусу Токторбек Ажыгулов жашырган жок. Алар дагы “Сары-Өзөн” жана “Бөрүлү” командасынан Мирлан Рысалиев менен Мырзабек Жумаевди өз командасына тартууга үлгүрүшкөн экен.

Көкбөрү федерациясынын вице-президенти Султан Бекташев Нооруз майрамына карата республикалык мелдештин байге фонду 800 миң сом экенин айтты. Бирок алдыңкы үч команданы байге фондунан мурун өлкөнүн биринчилиги көбүрөөк кызыктырып жаткандай. Ал эми "Биримдик Аюнун" демөөрчүсү улакчылар утса, байге фондунан кымбат турган баалуу белекти ар бир улакчыга даярдап койгонун машыктыруучу Токторбек Ажыгулов белгилеп, бирок азырынча ал эмне белек экенин айтуудан баш тартты.

Белгилей кетсек, бир жыл мурун республикалык мелдешти Таластын “Ынтымак” командасы жеңип, “Достук” экинчи, ал эми сокулуктун улакчылары үчүнчү болуп калган.

Нурманбет Койчукеев, "Биримдик Аю" командасы.
Нурманбет Койчукеев, "Биримдик Аю" командасы.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG