Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:41

Көк бөрү: "Достук" президенттин кубогун алды


"Достук" (кызыл кийимчен) жана "Мурас" командаларынын беттеши. 31-август, 2017-ж. Чолпон-Ата шаары.
"Достук" (кызыл кийимчен) жана "Мурас" командаларынын беттеши. 31-август, 2017-ж. Чолпон-Ата шаары.

Кыргызстандын Эгемендик күнүнө карата бүгүн Чолпон-Ата шаарында финалы өткөн "Манас оюндары 2017" спорттук иш-чарасында көк бөрү боюнча өлкө президентинин кубогун Оштун "Достук" командасы алды.

"Достук" оюнчулары финалда Таластын "Мурас" командасы менен беттешип, 4:3 эсеби менен жеңип алды.

Ал эми үчүнчү орунга Сокулуктун "Биримдик Аю 5" командасы менен Аламүдүндүн "Арашаны" ойноп, 5:1 эсебинде сокулуктуктар утушка ээ болду.

"Манас оюндары" төрт жылда бир жолу өткөрүлөт. Алгач уюштурулганда спорттун улуттук түрлөрү боюнча спартакиада деп аталган. 2013-жылы "Манас оюндары" болуп өзгөртүлгөн.

Быйылкы мелдешти уюштурууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен 10 миллион 81 миң сом бөлүнгөн. Анын ичинен байге фонду 4,5 миллион сомду түзөт.

Оюндар 25-августта башталып, улуттук спорттун сегиз түрү: тогуз коргоол, көк бөрү, ордо, салбуурун, кыргыз күрөш, алыш, эр эңиш жана ат чабыш боюнча өттү. (AsM)

XS
SM
MD
LG