Линктер

жекшемби, 19-май, 2019 Бишкек убактысы 14:57

Астана тайказандын тагдырын чечкени калды


III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары

Учурда жергиликтүү медиада Өзбекстанда боло турган Көкбөрү боюнча дүйнөлүк чемпионат тайказан менен өтөт деген маалыматтар тарай баштады. Бирок бул маселенин түйүнү алигиче чечиле электиги бизге маалым болду.

Ташкент шаарында 9-10-январда Эл аралык көкбөрү федерациясынын кезектеги конгресси болуп өттү. Бул жыйында 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган Дүйнө чемпионатынын регламенти бекитилип, баргандар бирдиктүү эрежеге токтолушу керек эле.

Тилекке каршы, жыйында оюндун эрежелери боюнча пикир келишпестик чыгып, маселе кийинки жыйынга калганы белгилүү болду.

Мен тараптар кайсы маселе боюнча орток пикир таба албай жатканына кеңири токтоло кетейин.

Көкбөрү бул оюн эле эмес...

Көкбөрү сүйүүчүлөрү үчүн Кыргызстан башкаларга караганда алда канча алдыга кетип калгандай көрүнөт чыгаар, бирок биз оюнду эл аралык майданда алдырып жибергенибиз ачуу чындык.

Кыргызстан акыркы жылдары өзүнүн ички турнирлери менен гана алек болуп, өлкөдөн сыртта өтүп жаткан оюндарга таптакыр көңүл бурбай койгону өкүнүчтүү.

Дегеним, Тажикстан менен Өзбекстанда бул аралыкта бир да жолу тайказанга ойногон ири турнирлер өткөн жок. Кыргызстан коңшу өлкөлөрдөн калыстарды окутууга, эрежени жайылтууга да бел байлабады.

Аны мындай коюп өзүбүзгө эле кайрылсак, көзгө басар Улуттук көкбөрү федерациябыздын Бишкекте штабы жок. Интернеттин заманында жашап жатсак да Көкбөрү федерациясынын расмий сайты ачыла элек.

Соңку кезде социалдык тармактарда бир нече аккаунттар активдүү иштеп жатканы менен алар деле расмий федерацияга таандык эмес.

Натыйжада эмнени көрүп жатабыз? Өзбекстан менен Тажикстан өзүнүн аламан улагын ойноп, тайказанга байланган жок.

Казакстан баарыбыз билгендей эле көкпарды эл аралык деңгээлге чыгаруу максатында тайказандан расмий баш тартып, жаңы эрежелерди киргизди.

Ал эми Кыргызстан “эреже биздики” деген позиция менен өзүбүзгө гана "чеберчиликти" көрсөтүп келе жатабыз. Жыйынтыгында көкбөрүнү жайылтуу ишин Кыргызстан колдон чыгарганы Ташкентте өткөн жыйында кашайып көрүнүп калды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстан-Москва шаарынын оюну. (2018-ж)
III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, Кыргызстан-Москва шаарынын оюну. (2018-ж)

Бишкек-Ташкент-Астана

Эл аралык көкбөрү федерациясынын башкы катчысы Жыргалбек Саматов, мындан ары Кыргызстан эл аралык калыстарды Бишкекте окутуп, коңшуларга көкбөрүнү жайылтууга салымын аябай турганын айткан. Бирок анын сөзү Ташкенттеги катышуучуларга өтүмдүү болбоду.

Конгресске Кыргызстандан Жыргалбек Саматов менен Болот Шер барып, делегация курамында ишкер Имамидин Ташевдин жүргөнү суроолорду гана көбөйттү.

Анын үстүнө конгресске казак делегациясы катуу даярданып келгени, өз эрежесин таңуулап жатканда байкалып турду. Коңшу өлкөдөн конгресске Казакстандын улуттук спорттун түрлөрү боюнча директору Рахат Жаксыбай, көкпар боюнча башкы машыктыруучу Куан Курамаев баш болгон беш адам келди.

Алар катышуучуларды өз эрежесине ынандыруу үчүн сүйлөй турган сөздөрүн алдын ала бөлүшүп даярдап алганы, атүгүл видео-слайддан бери камдап барды.

Өз сөзүндө Рахат Жаксыбай көкбөрүнү эл аралык деңгээлден Азия оюндарынын катарына камтуу үчүн гумандуу спортко айлантып, оюнда жараат алууну азайтуу керектигин айтты. Анын Казакстан сунуштап жаткан көкпар эрежелери максатка ылайык келерин сөз арасына кыпчый кеткени талашты күчөттү.

Маселеде коңшу Тажикстан менен Өзбекстандын позициялары чечүүчү сезилгени менен бул өлкөлөр да тайказан тууралуу бир беткей турумду карманбай келет. Мындан туура бир ай мурда, ушул эле тайказан маселеси Бишкектеги конгрессте талкууланып, чекитти Ташкентте коюшмак. Эми Ташкентте чечилбеген маселе Астанага ооду.

Ташкенттеги конгресс катышуучулары
Ташкенттеги конгресс катышуучулары

Өзбекстандын күтүүсүз пикири

Тайказан маселесин улам бир конгресске калтыруу Казакстанга гана утуш алып келүүдө.

Дегеним, буга чейин нейтралдуу позицияны карманып келген Өзбекстан 9-январда биринчи жолу көкбөрү эрежелери боюнча өктөм сүйлөдү. Бул өлкөнүн Улук-кукпари федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев, 2001-жылы федерацияга кирип жатып азыркы уставга макул болгону менен учурдагы эреженин айрымдарын өзгөртүүгө мезгил жеткенин ачык айтты.

Керек болсо, ал 2001-жылы устав жана эрежелерди билбей эле Эл аралык федерация түзүлгөнүнө сүйүнүп, кол койгонун жашырган жок. Ошол эле учурда кайсы эрежелер өзгөртүүгө муктаж экенин так айтпады.

Бирок Набиджан Жороевдин айтканынан эле Өзбекстан Казакстандын позициясын тымызын колдоп турганын байкоого болот.

Бекболат Тлеухан, Казакстандын спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясынын президенти.
Бекболат Тлеухан, Казакстандын спорттун улуттук түрлөрү боюнча федерациясынын президенти.

Демек алдыда Бекболат Тлеухандын желдеттери көкбөрүдөгү дагы бир стратегиялык оюнчу Тажикстан федерациясын өзүнө ынандырууга өтөрү бышык.

Кыргызстандын федерациясы сүйлөшүүнү азыртан баштабаса, тайказан тарапка көбүрөөк ыктап жаткан Тажикстандын өкүлдөрү дагы Астанадагы конгрессте пикирин өзгөртпөйт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Анын үстүнө тайказанды талашып жатып, орток пикирге келе албаган өлкөлөр, маселени чечүүнү жумушчу топтун колуна берип койду. Ага ар бир өлкөдөн бирден өкүл, ал эми Кыргызстандын атынан Көкбөрү федерациясынын өкүлү Канат Мамбеталиев кирди. Жумушчу тобунун сунушу кийинки конгресске чейин ачык айтылышы керек. Дал ушу мамлекеттер аралык жумушчу топ Астанадагы конгресске тайказандын тагдыры боюнча өз сунуштамасын бермекчи.

Кыргызды көкпарга ким байлады?

Кыргыз менен казактын көкбөрүдө көксөгөнү эл аралыктан - дүйнөлүк деңгээлге чыгуу. Эки өлкө бирикмейинче, бул спорттогу максат ишке ашпай турганы анык. Мына ошондуктан 2001-жылы Эл аралык көкбөрү федерациясы түзүлүп, анын курамына Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, жана Тажикстан кирген.

Тилекке каршы соңку үч-төрт жылдан бери көкбөрүдөгү кыргыз-казак таймашы саясатка айланып кетти.

Айрыкча 2016-жылы II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында бул саясат чегине жетти. Анда Кыргызстан Казакстанды 15:3 эсеби менен жеңгенден кийин, көкбөрү түп-тамыры менен кыргыздыкы болуп чыга келип, расмий Астананын шаабайын суутту.

Ошол күндөн баштап Казакстан артыкчылыкты орнотуу үчүн эрежени өзгөртүүгө киришти.

Эң өкүнүчтүүсү Кыргызстан Казакстанга көкбөрүнүн эрежесин өзгөртүүгө 2014-жылы эле уруксат берип койгон экен. Тагыраагы, 2014-жылдын ноябрь айында Казакстан “Түрк элдеринин салттык спорт оюндарынын ассоциациясын” түзүп, ага болгон улуттук оюндарды анын ичинде көкбөрүнү көкпар атап, өздөрүнө таандык кылып кошуп койгон.

Бул жерде Эл аралык көкбөрү федерациясы турганда, көкпар Казакстандын атынан кайсы бир ассоциацияга кирбеши керек эле.

Бир эле спорттун эки уюмга кирип алганы нонсенс жана Кыргызстан андайга жол бербеши керек болчу. Бирок бул болду. Болгондо да ошондогу Кыргызстандын көкбөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев Кыргызстандын ассоциацияга мүчө болушун расмий тастыктап кол койгон документтери, Казакстандын “Улуттук спорт” аттуу "Ютубдагы" баракчасында сакталып калган экен.

Айтмакчы, бул документтин түп нускасын казактар Ташкенттеги жыйында дагы бир ирет кыргыз делегациясына көрсөтүштү.

Ошол 2014-жылдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын макулдугун алган Казакстандын көкпары эл аралык ассоциация деп, көкбөрүгө аналог болуп калды.

Жыйынтыктап айтканда, 2016-жылы Казакстан 15:3 менен жеңилгенде, коңшулар эрежени өзгөртүү укугун пайдаланып, азыркы көкпар эрежесин иштеп чыгып, 2017-жылы биринчи Дүйнө чемпионатын уюштуруп, Астанада бизди кантип утканын билесиз.

Коомчулукта азыркыга чейин Астанага Кыргызстан достук иретинде барып, казактардын көкпар эрежесинде ойноп берген деген жаңылыш кептер айтылып келет. Эгер ага ишенип жүргөн болсоңуз, анда терең жаңылышасыз.

Биз 2014-жылы ассоциацияга кол коюп берүү менен көкпарды эл аралык спорт катары тааныганбыз жана биз көкпарга мүчөбүз.

Көкпар боюнча I Дүйнөлүк чемпионат, Кыргызстан курама командасы. (2017-ж)
Көкпар боюнча I Дүйнөлүк чемпионат, Кыргызстан курама командасы. (2017-ж)

Спорт же амбиция

Мына ошол Астанадагы 2017-жылдан бери көкбөрү боюнча да, көкпар боюнча да Азия же Дүйнө чемпионаты өтө элек.

2018-жылдагы Көчмөндөр оюндарында бул оюндардын статусун дүйнөлүк деп атадык, бирок аны Олимпиадага теңесе туура болмок. Анткени, расмий Дүйнө чемпионаты быйыл Өзбекстанда гана өтөт.

Казакстандын аалам чемпионатына өзгөчө көңүл буруп, эрежени өзгөртүү демилгесин киргизүүгө шашып жатканынын сыры ушунда.

Казакстандын көкпар федерациясын азыркы учурда оюндун кооздугу, күйөрмандардын кызыгуусу түйшөлтпөйт. Алардын негизги максаты -көкпарды Казакстандын гана атынан эл аралык аренага чыгаруу.

Бул үчүн Көкпар федерациясы Эл аралык көкбөрү федерациясына ичтен бүлүк салып, тараптарды ийге келтирүү үчүн каражатты да аябасы көрүнүп калды.

Мына ошондуктан Астанада өтө турган кезектеги конгрессте кээ бир өлкө мүчөлөрүн интрига жана коррупция аралап кетпейт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анткени Астана конгресси бир гана тайказандын тагдыры эмес, көкбөрү менен көкпардын бирин биротоло жоготкону калды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG