Линктер

дүйшөмбү, 26-август, 2019 Бишкек убактысы 08:34

Көкбөрү: оюндун талаш жараткан эрежелери


III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Чолпон-Ата шаары. 2018-жыл.

Көкбөрү оюнунун эрежеси эл аралык деңгээлде талкууланат. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгрессинде маалым болду. Уюмга мүчө болгон беш өлкөнүн өкүлдөрү эл аралык мелдештерде талаш жараткан эрежелерди тартипке келтирип, бир нукка түшүрүүнү көздөп жатат.

Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгресси уюмдун Бишкектеги штаб квартирасында өттү. Жыйын Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын 20 жылдыгына карата уюштурулган.

Жыйынга уюмга мүчө болгон төрт өлкө: Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын Көкбөрү федерациясынын жана Монголия, Ооганстан, Түркия, АКШ жана Орусиянын өкүлдөрү катышты. Бул жыйында Монголиянын Көкбөрү федерациясы уюмдун бешинчи мүчөсү болуп кабыл алынды.

Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгресси. 7-декабрь, 2018-ж. Бишкек.
Эл аралык Көкбөрү федерациясынын конгресси. 7-декабрь, 2018-ж. Бишкек.

Эл аралык Көкбөрү федерациясынын вице-президенти Набиджан Жороев эл аралык мелдештерде көкбөрү оюнунун эрежеси боюнча бир катар суроолор жаралып жатканын айтты:​

Набиджан Жороев.
Набиджан Жороев.

- Акыркы жылдары абдан көп суроолор жаралды. Биз алардын баарын карап чыгып, жогорку деңгээлде чечүүгө аракет жасадык. Чече албаган маселелерди кийинки конгресске калтырдык. Оюндун эрежеси боюнча да көйгөйлүү маселелер бар. Мындан ары Азия же дүйнө чемпионаты болобу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештердин баары эл аралык Көкбөрү федерациясынын уруксаты жана анын эрежелери менен гана өтөт. Конгресстин жүрүшүндө баарыбыз бир добуштан муну колдодук. Ал эми оюндун эрежелерин январда өтө турган кезектеги отурумда талкуулайбыз.

Эл аралык Көкбөрү федерациясынын өкүлдөрүнүн талкуусуна түшкөн көкбөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан. Оюндагы негизги эреже катары бир командада 12 чабандес 12 ат менен 20 мүнөттөн үч айлампа ойноп, оюн талаасында бир учурда ар бир командадан төрттөн оюнчу ойнору жана улак тайказанга салынары белгиленген.

Ал эреже 2001-жылы түзүлгөн эл аралык Көкбөрү федерациясы тарабынан да колдоо таап, уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкүлдөрүнүн арасында өлкө аралык мелдештер уюштурула баштаган.

Бул тартип 2013-жылга чейин сакталган. Бул жылы Астана шаарында көкбөрү боюнча алгачкы Азия чемпионаты ошол эреже менен өткөн.

Көкбөрү боюнча Азия чемпионаты. Финал. Казакстан - Кыргызстан 4:2. Астана шаары. 18-сентябрь, 2013-ж.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси, спорт боюнча серепчи Алмаз Касенов эл аралык Көкбөрү федерациясынын ишмердүүлүгү түзүлгөндөн тартып эле жакшы нукка салынбаганын белгиледи. Анын айтуусунда, тараптар оюндун келечегин ойлошсо өз кызыкчылыктарын жыйыштырып, бирдиктүү иш алып барышы керек.

Алмаз Касенов.
Алмаз Касенов.

- Эл аралык Көкбөрү федерациясы түзүлгөндөн бери эле алгылыктуу, туура нукка коюлган иш алып бара элек. Кыргызстан менен Казакстандын федерациялары бир пикирге келе алышпай жатышат. Ал эми уюмга мүчө болгон башка өлкөнүн федерациялары экөөнү карап эле турушат. Казакстан тарап өз эрежелери менен өз алдынча, биз өз алдынча иштесек, эч качан жылыш болбойт. Тескерисинче, кайра эле эл аралык мелдештерди өткөргөндө талаш-тартыш жарала берет. Ошондуктан дымагын басып, оюндун келечегин ойлошсо, бир пикирге келиши керек деп ойлойм.

Алмаз Касенов Эл аралык Көкбөрү федерациясы 2013-жылы Астанада өткөн көкбөрү боюнча Азия чемпионатынан кийин расмий түрдө мелдештерди өткөрө электигин кошумчалады.

2014-жылдан тарта Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын негиздеп, анын алкагында көкбөрү боюнча оюндар Көчмөндөр оюндарынын катчылыгы тарабынан уюштурулган. Өз кезегинде Казакстандын Этноспорт ассоциациясы 2017-жылы "Экспо-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында жаңы эреже менен көкпар боюнча алгачкы дүйнө чемпионатын өткөргөн. Бул мелдеште оюн 20 мүнөттөн эки айлампага созулуп, оюнчулар союлган улактын ордуна муляж тартышып, муляжды тайказанга эмес, айланта чийилген чийимге салышкан.

Казакстандын Этноспорт ассоциациясынын аткаруучу директору Рахат Жаксыбай көкбөрүнүн эрежеси бүгүнкү күндө эл аралык деңгээлде жакшы тактала электигин айтты:

Рахат Жаксыбай.
Рахат Жаксыбай.

​- Көчмөндөр оюндары кыргыз Көкбөрү федерациясынын гана эрежеси менен өттү деген нерсе бар. Регламентти карасаңыз, Кыргыз федерациясы деп турат. Ал жерде "эл аралык федерациянын эрежеси киргизилген" деген сөз жок. Бул Казакстан менен Кыргызстандын гана меселеси эмес. Эл аралык федерацияга төрт мамлекет мүчө. Баарыбыз бирге отуруп чечебиз. Эл аралык Көкбөрү федерациясынын ар бир мүчөсүнүн, ошол эле Тажикстандын, Өзбекстандын өзүнүн позициясы бар. Бүгүн көтөрүлгөн маселени бирге отуруп чечебиз деп ойлойбуз. Бир стандарттарга келишибиз керек.

Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов Көчмөндөр оюндары 2001-жылы кабыл алынган эл аралык эреже менен гана өткөнүн белгиледи:

Жыргалбек Саматов.
Жыргалбек Саматов.

- Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өтүп жаткан соң, биз сөзсүз түрдө эл аралык эрежелерге таянып гана өткөрөбүз. Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын федерациясынын эрежеси менен гана өттү деген туура эмес. Отурумда расмий мелдештер эл аралык Көкбөрү федерациясынын эрежелери менен гана өтсүн деген сунуш болду. 2019-жылы Өзбекстанда өтө турган дүйнө чемпионаты, 2020-жылы Түркияда өтө турчу IV Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары эл аралык эреже менен өтөт деп ишенем.

Оюндун эрежелерин кайрадан тактап, бир чечимге келүү үчүн эл аралык Көкбөрү федерациясынын мүчөлөрү 2019-жылдын январь айында Ташкентте кезектеги отурумга чогулушмакчы. Анда оюндун эрежелери талкууланып, тактала турганы айтылууда.

Бишкектеги башкы штабда өткөн Эл аралык Көкбөрү федерациясынын жыйынында көкбөрү оюнунун эрежесин талкуулоодон сырткары Кыргызстандын Көкбөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов аталган уюмдун баш катчысы болуп дайындалды. Саматов буга чейин аталган кызматты аркалаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Болот Шердин ордун алмаштырды. Болот Шер болсо уюмдун ардактуу президенти наамын алды. Ал эми Эл аралык Көкбөрү федерациясынын президенти, казакстандык Кайрат Сатыбалды өз ордунда калганы кабарланды. Кайрат Сатыбалды уюмду федерация негизделген бери жетектеп келет.

Көкбөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. Чолпон-Ата. 7-сентябрь 2018-жыл.
Көкбөрү боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы. Чолпон-Ата. 7-сентябрь 2018-жыл.

Быйыл Көкбөрү федерациясы 20 жылдыгын белгилеп жатат. Учурда көкбөрү Кыргызстандагы эң популярдуу улуттук спорттун түрү. Өлкөдө жыл сайын клубдар аралык үч ири мелдеш өтөт. Алар 21-март Нооруз майрамына, 9-май Жеңиш күнүнө жана 31-августта Эгемендүүлүк күнүнө арналып уюушулуп келет. Быйыл Кыргызстандын чемпионаты кайрадан негизделип, Ош шаарында өткөн мелдеште Чүй командасы өлкө чемпиону болду.

2017-жылы 7-декабрда көкбөрү оюну Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктарынын тизмесине киргизилген.

Бул оюн Борбор Азия элдеринде популярдуу. Өзбекстанда купкари/улок, Ооганстан жана Тажикстанда бузкаши, Казакстанда көкпар деп аталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлжан Турдубаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги фотокабарчысы жана спорт журналисти. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Эмилбек Чекиров

    2009-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз агрардык университетинин агрономия факультетин аяктаган. 2007-жылы УТРКнын алдындагы “ТВ Академия” эксперименталдык чыгармачылык борборунан оператор- режиссер курсун бүткөн.

Пикирлерди көрүңүз (10)

XS
SM
MD
LG