Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:55

Көк бөрү чемпионатында Чүйдүн командасы жеңди


Ошто өтүп жаткан көк бөрү чемпионатында Чүй облусунун командасы Ысык-Көлдүн командасын 5:1 эсебинде утуп, биринчи орунду ээледи.

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча чемпионат Ош шаарындагы "Төлөйкөн" атмайданында өттү.

Бул ирет чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө "Улуттук спорттун түрлөрү боюнча спорт чебери" деген наам берилет.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, мелдештин байге фонду 1 миллион 180 миң сомду түздү.

1-орунга 500 миң сом, 2-орунга 250 миң сом, 3-орунга 100 миң сом, 4-орунга 80 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. 5-орундан 9-орунга чейинки катарда жайгашкан командалардын ар бири 50 миң сомдон алышты.

"Мыкты оюнчу" наамы Чүй облусунун командасынын оюнчусу Кубаныч Султан уулуна ыйгарылды. Ысык-Көл облусунун командасындагы "Золотой" аттуу аргымак мыкты деп табылды.

Мыкты улакчыга жана мыкты аттын ээсине 10 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын баш катчысы Куватбек Аскаровдун айтымында, көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты 2014-жылдан бери өткөрүлбөй келген.

XS
SM
MD
LG