Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 11:58

Кыргыз мамлекеттүүлүгү мындан 22 кылым башта пайда болгондугун Сыма Цянь деген улуу кытай тарыхчысынын эмгектеринен билет эмеспизби.

Ошого таянып, 2002-жылы Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен белгилегенбиз. Бирок ошол Сыма Цянь деген ким болгон, эмне деген эмгектери бар жана алгачкы кыргыз мамлекетин кайдан жана кантип билген деген суроолорго жоопту баарыбыз эле биле бербейбиз.

Дүйнөдөгү эң эле мыкты деген энциклопедиялардын бири – Британникада Сыма Цянь тууралуу көп кызыктуу маалыматтар бар. Көрсө, кыргыз мамлекети тууралуу алгачкы жана бирден бир маалыматты калтырып кеткен бул окумуштуу биздин эрага чейинки 145-жылы Хань доорундагы император Вунун ак сарайындагы эң негизги жыл санагычтын үй-бүлөсүндө туулган экен.

Ал эми байыркы замандарда Чыгыштагы ар бир өкүмдардын жеке жыл санагычы, орусча айтканда, летописеци, кыргызча айтканда жылнаамачысы болгон эмеспи. Биз сөз кылып жаткан улуу кытай тарыхчысы Сыма Цянь да ошол атасынын жолун жолдоп, Ву деген императорго эң башкы катчы, бизче айтканда, обозгер же вазир катарында кызмат этиптир.

Кытай.
Кытай.

Атасы сыяктуу, Сыма Цянь да жалпы Кытай мамлекетинин ичинде болуп өткөн окуяларды, тышкы дүйнө менен катнаш-байланыштарды кагазга түшүрүп туруптур. Ошону менен бирге императордун ишмердигинде эмне жаңылыктар болсо, ким менен байланышса же кат алышып, кат беришсе, ак сарайда кандай салтанаттар, маанилүү окуялар өтсө, ошонун баарын кагазга түшүрүп, атайын китепканага сактатчу экен.

Ал эми экинчи бир маанилүү илимий булакта, атап айтканда, англиялык атактуу тарыхчы жана синолог С.П.Фитцджеральддын Лондондо чыккан “Кытай маданиятынын кыска тарыхы” (Short History of Chinese Culture) деген китебинде Сыма Цянь тууралуу мындай маалымат айтылат: ал тарых жазуу деген эмне экенин алгач атасынан үйрөнүп, атасы баштап кеткен Кытай тарыхын андан ары уланткан экен. Ошол эмгегинде кытай деген калк кантип пайда болуп, кантип бир мамлекетке айланып, кантип ошол заманга жеткенин, сырткы дүйнө менен кандай карым-катнашта болгонун толук жазып чыгууну максат кылган. Ошол эмгекти жазып бүтүш үчүн нечен азаптарга, кордуктарга да чыдап, өмүрүнүн акыркы тынымына чейин эмгектениптир. Чындыгында да ошол каржала иштеген эмгеги текке кетпептир. Сыма Цяндын “Тарыхый баяндар” (“Шы цзы” же орусча айтсак, “Исторические записки”) деген китеби ушул күнгө чейин Кытайдагы эле эмес, дүйнөдөгү эң эле баалуу тарыхый эмгектердин бири катары саналып келет. Баса, байыркы кыргыз мамлекети тууралуу эң маанилүү маалымат да ошол тарыхый эмгекте жазылган.

С. П. Фитцджеральддын жазганына караганда, Сыма Цяндын өмүрү ар кандай маанилүү окуяларга бай болуптур. Конфуцийдин насааттары кулагына сиңип, атасынын айткандарын кыйшаюсуз аткарып көнгөн Сыма Цянь бир жолу императорго чындыкты талашып, каяша айтып коем деп аз жерден өмүрүнөн ажырап кала жаздаган экен. Анын себеби да өтө кызык. Баса, ал маселе кыргыз тарыхына түз болбосо да, кыйыр тиешеси болушу мүмкүн.

Жогоруда айтылган англиялык окумуштуу мындай бир окуяны жазып кетиптир. Болочок тарыхчы көп саякат жасап, Кытайдын батышынан чыгышына чейин кыдырып, уккан-көргөнүнүн баарын кагазга түшүрчү экен. Кытай жылнаамачыларынын ичинен биринчи жолу Кансуга, азыркыча айтканда Кашгарга, Тянь-Шань тоо кыркаларына келиптир. Ошол жерде гунндар менен болгон чоң согушка күбө болуп, атактуу аскер башчы Ли Линь 5000 аскери менен гунндардын, башкача айтканда байыркы түрктөрдүн колуна түшүп кеткенин көрөт. Кийин Бээжинге келген соң ошол колго түшкөн Ли Линь тууралуу чоң саясий жаңжал чыгат. Ошол жаңжалда бүт баары Ли Линди күнөөлөп, бир ооздон каралап чыкканда, бир гана Сыма Цянь атактуу аскер башчыны колдоп чыгыптыр. Анын колго түшүп кеткени атайын максат менен эмес, кокусунан болгонун күчүнүн жетишинче далилдептир. Бирок каары катуу император тарыхчыны чыккынчыны жактадың деп айыптап, Сыма Цянды соттордун колуна салып берет. Акыр аягында тарыхчыга аябагандай көп айыппул төлөгөнгө өкүм чыгарылат. Анчалык акчасы жок Сыма Цянь кандай жазаласаңар, ошондой жаза бегиле, бирок жанымды сактагыла дейт. Дитинде атам осуяттап кеткен тарыхты жазышым керек деп ойлойт. Ошондо соттор тарыхчыны башка жаза менен, кастрация жолу менен, башкача айтканда, бычуу жолу менен жазалоону чечишет. Ошентип атактуу тарыхчы Сыма Цянь орто жаш кезинде евнух болуп калат. Бирок жогоруда аталган эмгекти, “Тарыхый баяндарды” жазууга мүмкүнчүлүк алат.

Эми атактуу кытай аскер башчы Ли Линь тууралуу эки ооз сөз. Бул легенда эмес, турмушта болгон тарыхый окуя. Бул тууралуу кытай тарыхында ар кандай пикирлер, жоромолдор айтылып келет. Аны гунндардын колуна түшүп берген саткын, чыккынчы деген пикирлер да бар. Тескерисинче, согуш ишинде ар дайым боло келген жаңылыштыктардын курманы болгон пикирлер да жок эмес.

Ал эми түрк элдеринин тарыхында да жомокторунда, болбосо эпосторунда ушундай легенда же болмуш сакталып калганбы? Биз билгенден андай уламыш бир гана “Манас” эпосунда бар. “Манаста” кытайлардан качып чыгып, кыргыздын айкөл баатырына келип кошулган Алмамбет тууралуу легенда азыр да ар бир кыргыздын тилинин учунда. Алмамбет айкөл Манас менен достошконуна эч бир өкүнбөйт, Бээжинге карата жортуулда Манас баатырдын көзү да, кулагы да, эң биринчи жардамчысы да, чоросу да болот. Акыры ошол Бээжиндин түбүндө Чубак, Сыргак сыяктуу чоролор менен катар баатырларча курман болот.

2002-жылы Бириккен Улуттар Уюму Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдыгын белгиледи. Ага эң биринчи далил же таяныч – улуу Кытай тарыхчысы Сыма Цяндын жогоруда аталган “Тарыхый баяндар” аттуу эмгеги болду. Демек улуу тарыхчыга биз - кыргыздар да башыбызды ийип таазим кылуу милдетибиз бар го.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG