Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Иса пайгамбар, Мариям кыз жана музыка


Январь айынын биринчи декадасында, бүт дүйнөдө Кристмас, же орустар айткандай, Рождество Христово деген майрам майрамдалды.

Албетте, бул биринчи кезекте христиан динин туткандардын майрамы. Ушул күндөрү Иса пайгамбарга, Иисуска жана аны төрөгөн Мариям кызга таазим этүү, элестерине сыйынуу иш-аракеттери бүт дүйнөдө өтүп жатат. Баарынан кызыгы христиандар менен мусулмандар ортосунда ар кандай талаш-тартыштар, диний айырмачылыктар көп, бирок бир маселеде абдан чоң окшоштук бар. Ал окшоштук - Иса пайгамбардын же Иисустун Мариямдан, тагыраак айтсак, кыз Мариямдан төрөлгөнү десек туура болот. Инжилде да, ыйык Куранда да бул маселе боюнча толугу менен макулдук жана окшоштук бар. Ал окшоштуктун мааниси мындай: кудайдын амири менен, бизче айтканда, көкө теңирдин кудурети менен ууздай таза Мариям кыздын боюна бала бүтүп, Иса пайгамбар жарык дүйнөгө келген экен. Ошон үчүн бул майрам айрыкча христиандар үчүн эң улуу майрам. Аны орустар Рождество Христово деп майрамдаса, Батышта негизинен Кристмас деп атап келишет.

Европада Кристмас майрамын Иисус туулган күн, кутмандуу күн дешип, чоң маани менен белгилешет, чиркөөгө ата-энелер бала-чакасы менен келет, коңгуроолор кагылып, диний ырлар (песнопение), хорлор аткарылат, шамдар жагылат, жакын адамдар бири-бирине белек тапшырат.

Христиандардын ыйык китеби Инжилде Куттуу кабар деген өзүнчө тема бар, анда Жебрейил периште (Гавриил) Кыз Мариямга перзенттүү боло турганын кабарлаганы, ал перзент кудайдын амири менен бойго бүткөнү айтылат. Деле Иса пайгамбардын (наристенин) жарык дүйнөгө келгени, ал эпизодду коштогон ар түркүн жышаандар, аяндар менен ишараттар эч бир эстен чыкпай турган образдар, символдор менен айкалыштырып сүрөттөлгөн. Ушул эле окуя Ыйык Курандын 19чу сүрөөсүндөгү 21чи аятта да жазылган. Анда да эч качан турмуш көшөгөсүн ачып көрбөгөн ууздай кыз Мариямга асмандан периште келип: “Кудай таала кудурет сага бала берээр, баланын аты Иса болоор” деген кутман кабарды угузган экен. Айткандай эле тогуз ай, тогуз күндөн кийин эч качан турмуш көшөгөсүн ачпаган кыз Мариям уул төрөгөн экен. Ошондон кийин Мариямды кээде өз аты менен аташып, кээде Virgin Mary, Star of the Sea, Madonna, Богородица, Дева, Девственница ж.б. деп тергешип, Мариям тазалыктын, ууздуктун символуна айланган.

Кыргыз элинде кээде “Умай эне Мариям колдосун” деп же жөн эле “Касиеттүү Мариям колдосун”, “Бүбү Мариям шыпаа кылсын” деп бала-чака ооруп-сыркаганда ырым-жырым кылган учурларыбыз бар. Ырас, Умай эне деген түшүнүк бизде тээ теңирчилик доорунда калыптанган түшүнүк деген ойлор да бар, бир түпкү теги ошол Ыйык Курандагы Мариям менен байланыштуу го деп болжолдогонго толук негиз бар.

Эми бул касиеттүү окуя же кереметтүү жышаан дүйнө маданиятында кандай чагылдырылып, бул теманын тегерегинде көркөм адабиятта, кинодо, айрыкча музыкада кандай улуу чыгармалардын жаралышына себеп болгонуна токтолсок.

Эгер кыскасын айтсак, Мариям дүйнө маданиятындагы чоң темалардын бири. Ал айрыкча сүрөт өнөрүндө көп козголгон жана чагылдырылган. Рафаэл, Леонардо да Винчи, Микеланжело, Тициан, Веласкес…

Бирок бул тема музыка тармагында өтө көп кездешкенин баса белгилешибиз керек. Эң биринчилерден Иоганн Себастьян Бахтын аты аталышы керек го. Андан соң Моцарт, Гайдн, Бетховен, Шуберт, Шуман жана башкалар. Мариям (Европада негизинен Мария деп аташат) тууралуу эң сонун обондор чыгарылган, ырлар жазылган.

Ошол обондордун эң эле атактуусу “Аве Мария”, башкача айтканда, “Кулагыңдын куту сүйүнсүн, умай эне” деген обон го. Бул обонду улуу немис композитору Франц Шуберт 1825-жылы чыгарган. Текстин англиялык улуу жазуучу Вальтер Скотт жазган экен. Ошондон бери “Аве Мария” дүйнөдөгү эң эле кеңири тараган музыкалык хит катары эч бир эл оозунан түшпөй келе жатат. Бул ырды легендарлуу ырчы Мария Каллас менен Жоан Сазерлендден баштап, Лучано Паваротти, Пласидо Доминго, Мария Биешу, Анна Нетребко, Рене Флеминг сыяктуу атактуу ырчылар ырдап келатышат. Биздин Кыргызстанда бул улуу ырды убагында Кайыргүл Сартбаева менен Дарика Жалгасынова аткарып жүрүштү. Бирок аны бүт дүйнөгө эң эле кеңири тараткан, атына затын туура келтирип ырдаган ырчы италиялык Робертино Лоретти болсо керек.

Албетте, Умай эне Мариям тууралуу, анын боюна кудайдын кудурети менен бүткөн наристе Иса пайгамбар тууралуу ондогон, жүздөгөн обондор бар. Бирок ошолордун арасындагы эң эле мыктыларынын бири Silent night, Holy night, башкача айтканда, “Ымырттуу кеч, ыйык түн” деген ыр болсо керек. Бул ыр да жогорудагы “Аве Мария” сыяктуу эң эле эски ыр. Ал 1811-жылы, башкача айтканда, мындан эки кылым илгери Франц Грубер деген композитор тарабынан чыгарылган. Учурда ал дүйнөдөгү эң эле белгилүү үч ыр болсо, ошонун бири катары саналат. Бул обондун терең маанисин жана музыкалык маданияттагы өзгөчө ордун эске алып, 2011-жылы ЮНЕСКО атайын чечим менен өзүнүн алтын казынасына киризип, ырды адамзаттын ыйык мурасы деп жарыялады.

Бул макаланын аудо вариантында Умай эне Мариям тууралуу Франц Грубердин классикалык ырын үч улуу ырчынын: Лучано Паваротти, Пласидо Доминго жана Хосе Каррерастын аткаруусунда уксаңыздар болот. Ыр Лос-Анжелесте жарым миллионго жакын көрүүчүлөрдүн алдында аткарылган.

Ымырттуу кеч, ыйык түн,

Кут даарыган узун түн.

Ак бешикте термелет

Колун сунуп эрмелеп,

Ак нур төгүп жадырап,

Айдың бөбөк магдырап…, - деп ырдалат бул ырда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG