Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Көк жөтөлдө көздөн учкан шаймандар


Кыргызстанда жасалма дем алдыруучу аппараттар менен кычкылтек концентраторлору жетишсиз болуп жатат. Өлкөдөгү ооруканалар бул жабдуулар менен канчалык камсыз, бейтаптарга жетиштүү жардам көрсөтүш үчүн дагы канчасы керек?

Өкмөткө кол кабыш кылган ыктыярчылар

Кыргызстанда ушу тапта ыктыярчылар жана уюмдар ИВЛ аппараты менен концентраторлорду сатып алууга каражат топтоп жатышат.

Алардын бири Нурсултан Майназаров бир күн мурда жети облуска экиден кычкылтек концентраторун жибергенин айтып берди:

«Германияда, Орусияда жашаган мекендештер акча чогултуп, бизге жиберишти. Алар деле албетте, өз аймактарына жардам көрсөтүлүшүн каалайт. Биз калыстык үчүн ар бир аймакка экиден бөлдүк. Мисалы, Балыкчы менен Караколго, Баткен менен Кызыл-Кыяга деп... Дарыгерлер бул керектүү аппарат азыр жетишсиз экенин айтышты. Мындай абал Бишкекте деле байкалууда. Кечээ таанышыбызды ооруканага жаткырганы алып барганбыз. Акыркы орунга көтөрүп чыгып, жайгаштырып түшсөк сыртта эки адам оор абалда экен. Машинеде бир кычкылтек концентратору бар болчу, аларга ошол жерден жардам көрсөтүүгө туура келди».

Концентратор - канга кычкылтек берип, андагы көмүр кычкылын чыгарып туруучу аппарат.

Ыктыярчылар азыр баасы 550 доллардан 700 долларга чейин жеткен бул аппараттарды Түркиядан же Орусиядан алдырып жатышат.

Ушу тапта Түркияга буюртма берип концентратор алдырып жаткан Мээрим Айныкеева буларды айтып берди:

Мээрим Айныкеева.
Мээрим Айныкеева.

«Алыскы аймактардан да тынбай байланышка чыгып, буюртма бергендер бар. Мисалы, 20 жылдык, 30 жылдык өткөрөм дегендер "айылга белек катары беребиз" деп жатышат. Кээ бир айылдын эли ал түгүл дарыгерлер өздөрү да концентраторго акча чогултуп жатышканын уктум. Мисалы, Талас облустук ооруканасынын дарыгерлери өздөрү демилге көтөрүп алып жатышат. Анын себеби - жакында эле кесиптешин ушул аппараттын жоктугунан жоготуп алышкан экен. Ал эми баалары түрк тараптан коюлат. Биз эч кандай алып сатар эмеспиз. Элге сүйлөшүү жолу аркылуу болсо да жардам берели деген ыктыярчылардын катарын толуктайбыз. Бирок азыр күн сайын кымбаттап жатат».

Өкмөт учурда жасалма дем алдыруучу аппараттар менен кычкылтек концентраторлору абдан зарыл болуп жатканын билдирүүдө.

Дем алдыруучу аппараттар аймактарга керек

Коронавируска байланыштуу кырдаалдын күч алышынан улам Нарын облусу боюнча 829 орундуу күндүзгү стационар түзүлдү. Облустагы жети оорукана менен стационарда ушул тапта 153 кычкылтек концентратору, өпкөнү жасалма дем алдыруучу 28 аппарат пайдаланылып жатат.

Калкынын саны аз Ак-Талаа районунда күндүзгү стационарга келгендер 50 кишиге жетип, райондогу 11 кычкылтек концентраторун азыр 20 бейтап кезек-кезек менен колдонуп жатат.

Өкмөттүн Нарындагы өкүлү Эмилбек Алымкулов облус боюнча 300 кычкылтек концентраторуна жана 17 ИВЛге муктаждык бар экенин билдирди:

Эмилбек Алымкулов.
Эмилбек Алымкулов.

«Бизде орун даярдалганы менен медициналык жабдуулар жетишсиз. Учурда колдогу аппараттар менен медиктерибиз кырдаалдан чыгып жатат. Жакында эле демөөрчүлөр 19 кычкылтек концентраторун алып беришти. Жолдо да келе жатканын айтышууда. Жардам берем деген мекендештерибизге абалды түшүндүрүп кайрылып жатабыз. Ошону менен бирге кыйналган элге колдоо көрсөткөндөргө чоң ыраазычылык билдирем».

300 миңге жакын калкы бар Нарын облусунда коронавирус 630 адамдан табылган.

Ал эми бул 10-июлда «Фейсбукта» тараган тасмада Чоң-Алай районунун Сары-Могол айылынын медайымы айыл элинен жардам сурап кайрылып жатат:

«Бизде эч кандай даярдык жок. Деми кыстыгып кайрылгандарга эч кандай жардам көрсөтө албай жатабыз. Айыл тургундары, жаштар, кайдыгер карабай шаймандарды алууга көмөктөшүүңөрдү суранам. Бизде бир да кычкылтек концентратору жок. Мына, азыр дары салган кутучаны көрсөтөйүнбү? Эч нерсе жок».

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай райондук ооруканасында буга чейин 20дай дарыгердин бешөө коронавирус жугузуп алып, бир дарыгердин абалы оор.

Дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздиги Ош облусу менен Ош шаарында да байкалууда. Ош шаардык саламаттык сактоо өкүлчүлүгү билдиргендей, шаар боюнча ушул тапта 20 ИВЛ жана 81 кычкылтек концентратору бар.

50 концентратор жакында алынып келери кабарланды. Ошондо жалпы жонунан 600дөн ашык орун камдаган Ош шаары үчүн болгону 20 ИВЛ жана 131 кычкылтек концентратору пайдаланууга берилет. 600 бейтаптын жарымында эле аппаратка муктаждык болгон кезде анын тартыштыгы дароо сезилет.

Учурда 355 бейтап дарылынап жаткан Ысык-Көл облусундагы күндүзгү эки стационарга да күнүнө 300гө жакын бейтап кайрылып жатат. Акыркы күндөрү ооруканаларында орун жок болуп жаткан бул аймакта 243 кычкылтек концентратору жана 45 жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Бирок анын 20% жарактан чыгып калган.

Жалал-Абад облусуна 300 даана кычкылтек концентратору керек. Учурда дарыгерлер колдонуп жаткан 372 концентратордун 23ү иштебей турат. Ал эми облус аймагындагы райондор менен шаарларда уюштурулган күндүзгү стационарлар 1246 бейтапты кабыл алууга даярдалган.

Бишкектеги жана аймактардагы дем алдыруучу аппараттардын жетишсиздиги тууралуу соцтармактарда пикирлер арбын. Ошол эле кезде аны сатып алууга каражат топтогон ыктыярчылар да бар. Алардын бири баткендик активист буларга токтолду:

«Мен өзүм дарыланып жатып аппараттардын жоктугуна күбө болдум. Көз алдымда бир жаш бала каза болгондо нес болуп калдым. Дароо дос-тааныштарга жазып, каражат топтодук. Үч күндүн ичинде 150 миң сом чогулттук. Мындан башка демөөрчүлөрдүн жардамы менен тогуз кычкылтек концентратору сатылып алынууда».

229 адамдан вирус чыккан Баткен облусунда азыр 42 дем алдыруучу аппарат жана 134 кычкылтек концентратору бар. Облус бийлиги бул жетишсиз экенин билдирип, аларды көбөйтүш үчүн ишкерлерден жардам сураган.

Талас облусунда болсо 20 ИВЛ жана 56 кычкылтек концентратору бар. Күндүзгү стационарда 527, ооруканаларда коронавирус менен өпкөсү кагынган бейтаптар үчүн 227 орун даярдалган.

Таласта ушул тапта 48 ИВЛ аппаратына жана 140 кычкылтек концентраторуна муктаждык пайда болду.

Бишкектеги ооруканалардын биринде кызыл зонада иштеп жаткан дарыгер өкмөт жарыялап жаткан сан муктаждыктын чети эле деп эсептейт. Атын атагысы келбеген дарыгер бир концентраторду бир эмес, үч адам кезек менен колдонгон учурларды мисал келтирди:

«Азыр ар бир аймак башчылары, дарыгерлер «200-300 жасалма дем алдыруучу аппарат керектелет» деп жатканы - чети эле. Чынында ал эч нерсеге жетпейт. Шарт боюнча ар бир керебеттин жанында бирден аппарат турушу зарыл. Кычкылтек концентратору оор абалдагыларга эле эмес, алдын-ала дарылоодо да колдонулат. Айрым учурда бир бейтапка бирди эмес, эки же үч концентратор туташтырууга туура келип жатат. Бизде оболу бирден жок болуп жатса кайдагы үчөө? Азыркы учур биздин бул аппаратка болгон канча жылдан берки муктаждыгыбызды ачыкка чыгарды».

5-июлда кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы - 500 даана Кыргызстанга жеткирилген. Дагы 500ү жакынкы күндөрү жеткирилмекчи. Бул үчүн өкмөт 50 миллион сом бөлгөн.

Өлкөгө келген концентраторлор ыкчам тартипте коронавирус инфекциясынан жабыркаган жана өпкөсү кагынган адамдар дарыланып жаткан медициналык мекемелердин арасында бөлүштүрүлөт. Шаймандардын бир бөлүгү COVID-19га жана пневмонияга каршы күрөш үчүн ачылган медициналык мекемелерди жабдуу максатында өлкө аймактарына жөнөтүлөт.

10-июлга карата Кыргызстанда коронавирус жуккан 511 адам катталып, 46 адам көз жумду. Ушуну менен жалпы оору жуккандардын саны 9,5 миң кишиге чамалады. Оорудан 3134 адам айыкты. 122 киши көз жумду. Пневмониядан 350 бейтап каза болду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG