Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Санариптештирүү гана жегичтерге бөгөт коёт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Канышай Чырмашова жиберген сунуш.

Жаш өлкөбүз эгемен мамлекет болгон убактан бери коррупцияга белчесинен батып келе жатат. Жылдар өтсө да бийлик канча жолу өзгөргөнүнө карабай жемкорлукка каршы күрөштүн өзгөрүүсү байкалбай келет. Натыйжада тамырлашып кеткен коррупция элдин үрөйүн учуруп айласын кетирген кези. Бүгүн биздин өлкөдөгү эң актуалдуу темага айланды. Эми биз кандай ой-пикир, идеаларды бөлүшсөк, бийлик өкүлдөрүнө жеткирсек, оңолу жолуна түшө алабыз? Калктын дээрлик көпчүлүгү коррупция дегенде акчалай каражат жөнүндө сөз жүрүп жатканын түшүнөт. Бирок дүйнөлүк практикада коррупциянын бир канча түрлөрү кездешет. Булар:

Жогоруда көрсөтүлгөн графикадагы коррупциянын түрлөрү эч кимге жаңылык эмес. Биз реалдуу натыйжа көрсөтүш үчүн кылымдын талабы болгон технологияны колдонуп санариптештирилген системаларга өтүүгө муктажбыз. Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын, өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүш үчүн өлкөнүн бардык тармагын санариптештирүүгө толук өткөрүү зарыл. Санариптештирүү бул бардык тармактардын иш-аракеттерин, эсеп-кысаптарын, чыгымдарын, пландарын компьютердик системага өткөрүү. Санариптешкен маалымат - эч качан алдабайт, толук маалымат берет, убакытты үнөмдөйт, эсеп-кысабын ачык айкын көрсөтөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн графикада мамлекеттик жана жеке менчик мекемелердин санариптештирилген системалары чагылдырылган. Ар бир мамлекеттик жана жеке мекемелер санариптик түрдө иш-аракеттерин компьютердик системаларда аткарышы, бир-бири менен байланышып маалымат алмашуусу, эсеп-кысаптарын көрсөтүп, бюджеттик чыгымдарын, айлык-жылдык пландарын жарыялап турат. Керек болсо ар бир жаран, массалык маалымат каражаттары, тийиштүү органдар бардык мамлекеттик жана жеке тармактын маалыматын ачык-айкын, тоскоолсуз көрөт.

Иш-аракеттерин компьютердик системаларда аткарышы: Жарандардын, компаниялардын каттоосу, күбөлүк алуу, төлөмдөр жана башка ушул сыяктуу иштер, мекемелердин ички киреше-чыгашасы, эсеп-кысаптарын компьютердик системада иштейт.

Мамлекеттик мекемелер санариптик түрдө бир-бири менен байланышып маалымат алмашуусу: Жарандардын, компаниялардын мамлекеттик мекемеге барганда башка мекемелерден керек болгон тастыктама, документ сыяктуу иштерин малекеттик кызматкер онлайн түрдө система менен байланышып тастыктайт.

Эсеп-кысаптарын, бюджеттик чыгымдарын, айлык-жылдык пландарын жарыялоо: Ар бир жаран үй-бүлөсүнө короткон каражаттын эсеп-кысабын, колунда болгон каражат менен келечек пландарын белгилейт. Бул бардык мекемелерге, компанияларларга, уюмдарга да тиешелүү. Мамлекеттик мекемелер жарандарга ачык-айкын түрдө эсеп-кысаптарын, чыгымдарын, алдынкы пландарын жарыялап, анын аткарылып же аткарылбаганын көрсөтөт.

e-Өкмөт: Министрликтер менен мекемелерге бөлүнгөн бюджет каражаты. Министрликтер менен мекемелердин акчалай каражаттарынын көзөмөлү, эсеп-кысаптарын текшерүү, экономикалык жана социалдык өнүгүү пландары, кадр маселеси, жыл жыйынтыгы, каражаттардын эсеп-кысабы ачык айкын жарыяланат.

e-Саламаттык: Саламаттык сактоо тармагына казынадан бөлүнгөн акча, ооруканаларга бөлүнгөн акча, мамлекеттик оору-сыркоо статистикасы, ооруканалардын дары-дармектерди колдонуу статистикасы, канча бейтапка бир дарыгер көрсөтүлөт, акчалай каражаттын эсеп-кысабы, жыл жыйынтыгы ж.б. маалыматтар болот.

е-Дары-дармек: Дары-дармектин мамлекеттик каттоого алынып-алынбаганын, аткезчилик жол менен киргендигин, сапатын, баасын, жарактуулук мөөнөтү, кайсы дарыканаларда онлайн болушун билесиз.

e-Билим: Билим берүү тармагына казынадан бөлүнгөн акча каражаты, коротулган каражаттын эсеп-кысабы, мектептердин, жогорку окуу жайларынын статистикалары, ар бир мектептин, окуу жайынын физикалык абалы, окуучулар менен студенттердин саны, билим деңгээли, жетишкендиктери, мугалимдердин статистикасы, билим берүү тармагындагы кадр маселеси, пландары ж.б. маалыматтарды камтыйт.

е-Салык: Мамлекеттик салык кызматынын каражаттары. Айлык-жылдык киреше салыгы, пайда салыгы, мүлк салыгы, жер салыгы ж.б. салыктын түрлөрүнүн статистикаларын, эсеп-кысаптарын ачык айкын камтыйт.

е-Бажы: Бажы кызматынын акчалай каражаты, каражаттын эсеп-кысап маалыматы. Бюджетке бажы төлөмдөрү боюнча күндөлүк, апталык, айлык жана жылдык акчалай так маалыматтар. Чек арадан кирип жаткан товар, буюмдарды видео, сүрөт менен фиксациялоо. Ар бир өткөрмө пунктундагы эсеп-кысап, иштери жана көзөмөлү. Транзиттик каттам аркылуу кирген бажы өткөрмө пункту менен чыгып жаткандагы бажы өткөрмө пунктунун арасында фиксацияланган товар, буюмдун компьютердик система менен тастыкталышы.

е-Транспорт: Транспорт жана жолдор тармагына казынадан бөлүнгөн акча каражаты, ал каражаттын эсеп-кысабы. Учурда кайсы жолдор салынып жатат, канчасы бүттү, пландалган канчасы бар? Мекеменин ички каражаттары, техникасы ж.б. маалыматтарын камтыйт.

е-Мэрия, е-Кеңеш, е-Айыл аймак: Облустук, шаардык, райондук администрациялардын, айыл аймактардын каражаттары, ар биринин акчалай эсеп-кысаптары. Ишке ашырылган, ашырылып жаткан жана алдыңкы пландары. Жылдык каралган бюджети, жыл жыйынтыгындагы кызмат жана акчалай каражаттар ж. б. маалыматтар.

е-Айыл чарбасы: Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация тармагына казынадан бөлүнгөн акча каражаты. Айлык-жылдык иш пландары, экспорт-импорт статистикасы. Бөлүнгөн каражатын кантип иштетилгендигинин эсеп-кысабы, жыл жыйынтыгы ж.б. маалыматтарды камтыйт.

e-Эмгек: Эмгек жана коомдук өнүгүү тармагына казынадан бөлүнгөн акча каражаты жана анын жыл жыйынтыгында кантип сарпталганынын эсеп-кысабы. Жумушсуздук статистикасы, ишке орноштуруу мүмкүнчүлүктөрү, айлык-жылдык пландары ж.б. маалыматтар көрсөтүлөт.

Жыйынтыгында жогоруда жазылып кеткен электрондук (е-) санариптик технология мисалдарына бардык мамлекеттик жана жеке мекемелерди кошсо болот. Ал мекемелер санариптик технологиянын жардамы менен ачык-айкын, толук маалымат берет. Компьютердик системада аткарылган ар бир иштин изи болот. Мамлекеттик кызматкер ишине кыянаттык кылган учурда компьютердик системада аны тез арада ачыкка чыгарууга жол ачылат. Ар бир мекеменин жетекчилигинен тартып бардык кызматкерлердин натыйжалуулугун талдап берет.

Канышай Чырмашова, Бишкек шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG