Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Ата үчүн бала, бала үчүн ата жооп берсин


Иллюстрациялык сүрөт.

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Болотбек Таштаналиев жиберген сунуш.

Кыргызстандагы коррупция бир катар улуттук өзгөчөлүктөргө ээ. Теориялык жактан алганда, коррупцияны түп-тамырынан жоюу мүмкүн. Андай болгондо атасы баласы, баласы атасы үчүн жооп берген системаны киргизиш керек.

Анткени коррупция - адам фактору менен байланышкан социалдык илдет. Ата балам үчүн деп жанталашат, дүйнө жыйнайт, бала ата-энесин, үй-бүлөсүн багайын деп коррупцияга – кылмышка барат.

Коррупцияга каршы күрөштү эмнеден башташ керек? Оболу премьер-министри баш, вицелери, министрлери, ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, акимдери төш болуп, президенттин катуу көзөмөлүндө болуп, алардын коррупциялык иштери үчүн мамлекет башчы жеке керт башы менен жооп берүүгө тийиш. Себеби, президент - Конституциянын гаранты. Өз кезегинде премьер-министр бажы жана салык тармагы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алышы абзел.

Ал эми ортоңку жана төмөнкү звенодогу коррупцияны жоюш үчүн «балыкты башынан тазалагандай», коррупцияга каршы күрөштү кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшкөн мамлекеттик мекемелердин өзүнөн, же тагыраагы күч түзүмдөрүнөн, укук коргоо, прокуратура жана сот органдарынан баштаган максатка ылайык. Күч түзүмдөрүндө, укук коргоо жана сот органдарында мыйзам бийлигин орнотпой, аларды тартипке салбай туруп коррупция менен күрөшүү тууралуу ойлонбой эле койгон оң. Андыктан аталган мамлекеттик башкаруу органдары тууралуу мыйзамдарды катаалдаштырып, бул системада иштеген кызматкерлердин жоопкерчилигин күчөткөнүбүз дурус.

Бул системада иштегендер таарынбас, айталы, ички иштер, прокуратура жана сот органдарына кызмат кылганга кимдер барат? Батыраак байып, батыраак бирөөнүн эсебинен жашагысы келгендер барат. Барганынан мурда да ата-энелер балдарын сот болсо, прокурор болсо, милиция болсо, өз жашоосуна тың болот деп, жаш адам окуй электе эле анын келечеги «жеп-ичкенге» программалашат.

Алыс барбай эле, жакынкы айларда болгон эки окуяга токтололу. Октябрь айында «ишкердин бизнесин рейдерлик жол менен тартып алууга шарт түзүүгө тиешеси бар» деген шек менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөш кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын эки кызматкери кармалып, тергөө абагына камалды. Көрсө, экөө «ишкердин мурдагы жубайы менен сүйлөшүп алып, анын машинесине 32 грамм баңгизат таштап коюп, колго түшүрүп, ишкерге карата куугунтук уюштурушкан» экен. Бул окуя тууралуу окуп жатып жүрөк титиреди. Укук коргоо орган кызматкерлери адам укугун коргобой эле, тескерисинче адам укугун кордоп жатпайбы. Мындай адам тагдырын сындырууга багытталган мыйзамсыз иштерге көзүнө акчадан башка эч нерсе көрүнбөй калгандар барат. Муну кызмат абалынан кыянат пайдалануу эле эмес, көпкөнчүлүк, адамдык сапаттан кетүү дейт. Алар бул ишке минтип коркпой барганы - алардын үстүнөн «калкалаган» кишилери болгон, ошон үчүн алар эч кимден, эч нерседен, анын ичинде мыйзамдан коркпой барышкан.

Мына жакында эле УКМК кызматкерлери тарабынан милициянын полковниги, ИИМдин ушул эле Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматынын жетекчиси 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Кимден пара алып жаткан жеринен кармалды дебейсизби? Жаңылбасак, жогоруда сөз болгон аталган кызматтын эки кызматкери 32 грамм баңгизат менен «подстава» кылган ишкердин мыйзамдуу аялынан «күйөөсүнө байланыштуу сотко чейинки өндүрүш боюнча маселени оң жакка чечип берем деп 3 миң доллар талап кылган» көрүнөт.

Бул эмнени билдирет? Аталган кызмат же тагыраагы ИИМдин Бишкек шаары боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз айлантууга каршы күрөш кызматы коррупциялашып бүткөнүн тастыктайт. Эки кызматкери «подстава» жасап, адам тагдыры менен каалагандай ойноп, аны жалган жалаа менен сындырып жатса, алардын башчысы тиги ишкер ак жеринен күйүп жатканын көрүп туруп, «пара бербей каякка качмак эле» дегенсип, пара талап кылып жатпайбы. Демек, бул кызматта коррупция жедеп кадыресе көрүнүшкө айланып, ар бир иш акча менен чечилип, мыйзамдын үстөмдүгү эмес, акчанын үстөмдүгү орноп калган.

Башкы прокуратуранын бөлүм башчылары К.Арпачиев менен У. Чалбаевдин окуясы деле куду ушуга окшош. Ал окуяда алар акча талап кылган фигуранттар Самаковдор болуп жана паранын көлөмү да көбүрөөк болгон. Арийне, 200 миң доллар талап кылып, 100 миң доллар менен кармалган К.Арпачиев бүгүн боштондукта. Ал эми К.Арпачиев кантип боштондукка чыгып кетти, аны боолголоп түшүнсө жана жообун сот органдарынын «ишмердигинен» издесе болот.

Укук коргоо, прокуратура, сот органдарындагы ушуга окшогон мисалдарды ондоп-жүздөп келтирсе болот. Кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү түздөн-түз милдети болгон мамлекеттик органдарда иштегендер өздөрү коррупцияны «көркүнө» чыгарып, өздөрү кылмыш жолуна түшүп алган. Натыйжада, коррупция ийне-жибине чейин иштелип, калыпка түшкөн, адистешкен системага айланган. Мыйзамдуулукту көзөмөлдөп, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздап, коомду тартипке чакыра тургандар өздөрү коррупциялык иштердин башында турса, бул Кыргызстандын, карапайым элдин шору эмей эмине?

Күч түзүмдөрүн, укук коргоо жана сот органдарын реформалабай, коррупцияга байланышкан мыйзамдарды катаалдаштырбай, эч кандай натыйжага жете албайбыз. Балким, «мамкызматта иштегендер кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланса, коррупциялык иштерге аралашса, анда кылмыш жообуна тартылган адамдын жана анын жакын туугандарынын үй-мүлкү конфискацияланат жана алардын балдары, атасы мамлекеттик кызматка жана бизнеске өмүр бою жолотулбайт» деп, ачык эле мыйзамга жазып койсок кантет?

Мүмкүн алар ойлонуп калаар. Эмне үчүн мыйзам коррупционерлерге гана эмес, алардын балдарына же ата-энесине да тийиштүү болууга тийиш??? Анткени ата-эне же бала коррупциялык иштерге үй-бүлө үчүн, үй-бүлөнүн жыргалчылыгы үчүн барат. Эмне үчүн жанталашып, көр оокат деп далбастайбыз, эмне үчүн дүйнө топтойбуз? Албетте, үй-бүлө, балдар үчүн. Совет учурунда атасы үчүн баласы, баласы үчүн атасы жооп берген принцип болгону бекеринен эмес. Кыскасы, баласы ата-энесинин, ата-энеси баласынын коррупциялык иштери үчүн мыйзам алдында жазалана турган система түзсөк, анда коррупциялык иштер кан буугандай токтобосо да азаймак беле деген ой кетет. Эгер сот системасында, прокуратурада, ИИМде, күч түзүмдөрүндө тартип орносо, анда салык кызматында да, бажыда да, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактарда да тартип орнойт.

Эми жалпы жоопкерчилик тууралуу. Коррупция өзүнөн-өзү эле асмандан түшө калбайт, ага турмуштук жагдайлар, айрым учурларда аргасыздык, кысталыш жашоо өзү түртөт. Парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду алалы. Эсиңерде бекен, экс-президент А.Акаев: «Депутаттыкка талапкерлердин бергенин ала бергиле, кабинага киргенде кимге добуш бересиңер - аны өзүңөр билгиле» деп, жалпы элди мыйзам бузууга үндөгөнү? Көрүп жүрөбүз, депутаттыкка талапкерлер арасында көмүр түшүрүп бергени болду, ун таратканы болду, арак бергени, жылкы сойгону болду. Мына ушунун баары коррупциянын элементтери эмеспи.

Биз ушунун баарына кайдыгер карадык, унчукпай унун, көрмөксөн болуп көмүрүн алдык. 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ден соолук кербени» деп Кыргызстанды түрө кыдырган «медик» партиялар, жер айдаган «дыйкан» партиялар болгон. Бүгүн ошол партиялар мамлекет үчүн, эл үчүн эмне кылып жатат? Кана, бүгүн ар бир төрөлгөн наристеге 50 миң сом сүйүнчү убада кылгандар? Ырасында, мунун баарында коррупциянын, болгондо да партиялык коррупциянын элементтери бар болчу. Бирок болбой эле ошол саясый партияларга добушту арбын бербедикпи, же калппы? Демек, коррупция менен күрөш бул мамлекеттин мойнундагы каргыга окшогон милдет эмес, коррупцияга каршы күрөш - бул жалпы элдик иш, ал барып-келип ар бирибиздин абийирибиздин маселеси. Ар бир карапайым адам коррупцияга каршы күрөшкө өз үлүшүн кошкусу келсе, анда добушун сатпашы керек.

Болотбек Таштаналиев, Бишкек шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG