Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Пара алганды да, бергенди да аябаш керек


«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кыргызстан канткенде коррупциясы жок 50, 30 же 10 мамлекеттин катарына кире алат? Мамлекеттик башкаруунун ачык-айкындыгын кандай жол менен камсыз кылса болот? Өлкөдө коррупциясыз, мыйзамга гана баш ийген системаны түзүүгө эмне тоскоол болуп жатат? Бийлик адамдарынын коррупция менен күрөшүү тууралуу билдирүүлөрү жана жасаган аракеттери жетиштүүбү?

Кадырман мекендеш, жемкорлуктан арылуу тууралуу сизди да түйшөлткөн ой бардыр. Коомдук илдетке айланган коррупцияны жок кылуу тууралуу сунушуңуз, башка өлкөлөрдүн өрнөктүү мисалдары болсо, кыска-нуска жана түшүнүктүү баяндап, видео же текст түрүндө azattyk.synak@gmail.com ​электрондук дарегине жөнөтүңүз.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Өмүрбек Саясы уулу​ жиберген сунуш.

Азыркы Кыргызстанда коррупцияга байланышы бар адамдар мыйзам алдында кылган күнөөсүнө төп келе турган жазасын албайт. Анысы аз келгенсип оокат-жайы оңолуп, жашоо деңгээли өсүп, башка майлуу-сүтүү кызматка дайындалат, болбоду дегенде бир ишмердүлүк баштаганга жетерлик каражаттуу болуп чыга келет. Себеп – мыйзамдар же ошол мыйзамдарды колдонууда туура эмес иш болуп жатканында.

Кыргызстан коррупцияны кантип ооздуктайт?

  • Бардык коррупцияга байланышы бар адам эртеби-кечпи жазасын алат.
  • Сот калыс жана көз карандысыз болушу керек.
  • Коррупцияга каршы иштелип чыккан мыйзам, иш-чаралар үстүртөн жана бүдөмүк болбошу керек. Так жазылып, бардыгына бирдей колдонулушу зарыл.
  • Пара алган адам дагы, берген адам дагы бирдей жаза алууга тийиш.
  • Коррупцияны гүлдөткөнгө шарт түзүлбөшү үчүн текшерүүчү мекемелердин иштөө шарттары кеңеш берүүчү бөлүмдөр аркылуу иштөөгө ылайыкталышы керек.
  • Коррупциялык шарт түзүлө турган жагдайда иштеген адамдардын эмгек акысы жогору болушу шарт. Бул адамдар кызматка келип атканда, пенсияга чыкканча ошол тармакта иштей турган болуп келиши абзел. Өкмөт бул адамдарга иштен алагды болбош үчүн үй, автоунаа менен камсыздашы керек. Социалдык жактан жөлөк пул, жеңилдетүүлөр каралса, пара албай иштешине шарт түзүлөт эле.

Мамлекеттин ачык-айкындуулугун жер-жердеги айыл өкмөттөрү аркылуу жүргүзсө болот. Бардык ачык маалымат такталарда болушу керек. Жума же ай сайын суроо-жооп иретинде жыйын өткөрүп турса болот.

Мамлекеттик жыйындардын бардыгы Жогорку Кеӊеш болобу айылдык кеңеш болобу, өкмөттүн отуруму, комитеттеги талкуулоо ачык өтүшү керек. Азыр Интернет бардык жерде бар. Сайттар толук, тоскоолдуксуз иштеши керек.

Коррупциясыз мамлекет болуу үчүн бийликте отургандар чечкиндүү болушу керек. Сингапур, Грузия, Европа өлкөлөрүнүн тажрыйбасын Кыргызстанга ылайыкташтырууга эмнеге болбосун? Жаӊы араба ойлоп кереги жок, үч адамдын бирөө эле чечкиндүү кадам таштаса гана аттиң.

Бийликтегилердин коррупция боюнча маалыматы жетишсиз. Ичара көп нерселер мыйзамсыз чечилип жатат. Жаш баланы алдагансып «минтип калды, андай болду» деп калайык калкка калдайтып чыгарып койгон туура эмес.

Ойчул, саясатчы жана жазуучу Никколо Макиавелли мамлекеттеги бардык кемчиликти ооруга салыштырып, аны "өрчүп кете электе дарылоого" кеңеш бериптир.

Тилекке каршы, Кыргызстандыкы абдан өрчүп кетти, орсойуп-оркойуп турса да бийлик көрбөй атат же көзүн май басып, көргүсү келген жок.

Мен коррупцияны кандай дарылайт элем?

  1. Люстрация законун кабыл алмакмын. Анда азыркы мамлекеттик органдарынын жетекчилерин жөнөкөй жумушка которуп, аларды жана алардын жакындарын жакынкы 20-30 жылга жетекчилик жумушка кабыл алынбай турганын баса көрсөтмөкмүн.
  2. Коррупцияга байланышы бар адамдарга мунапыс, убакыт ченеми болбойт. Жаза эртеби-кечпи аткарыларына күмөн саноо болбошу керек.
  3. Жетекчилик жумушка чет өлкөлөрдө иштеп жаткан кыргызстандык жарандардын бардыгын сынакка катышуусун суранмакмын. Аларды жумушка алуу шарттары рекрутинг компаниялар менен сүйлөшүлмөк.
  4. Кыргызстандагы жашы жеткен жаштардын баарын өнүккөн чет өлкөлөрдө бир-эки жыл жашап, иштеп, окуп келгенге шарт түзүп бермекмин.
  5. Интернет, курулуш, туризм, айыл чарба компанияларды бардык шарттарын мамлекеттик кепилдик менен иш алып барууга чакырмакмын.
  6. Мамлекеттик ишканалардын иш орундарынын бардыгына онлайн видео көзөмөл орнотулмак.
  7. Мамлекеттик кызматтагы адамдар, алардын балдары Кыргызстанда дарыланып, билим алмак.
  8. Мамлекеттик ишканаларда иштеген адамдардын айлык акысын Г. Форддун принцибинде болмок, иштеген убактысына эмес, бош отурган убактысына төлөнмөк.

Негизи коррупциясыз жашоого Кыргызстандын бардык мүнкүнчүлүктөрү бар. Сураша келсек ага-ини, таеке-жээн, куда-сөөк болуп чыга келебиз, туугандар эле бири-бирибизди тыйып, тарбиялап, тескеп койсок болот.

Илгери Ата Мекендик согуштан кийин четки айылдын биринен РИИБге бир жигит аксакалдар урушканы үчүн "милицияга мени камагыла" деп барган экен.

Кайран Кыргыз, калыс сүйлөгөн улуулар кайда, улууларын сыйлаган кичүүлөр калдыбы? Коррупцияны тизгиндегенге алың келээр, калың элден бир чыгаан уулуң чыгат деген ишеним менен

Өмүрбек Саясы уулу

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG