Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Коррупцияны мураска калтыргандан уялбайлыбы


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

«Мен коррупцияга каршымын!» сынагынын алкагында Бахрам Рахман​ жиберген сунуш.

Эмнегедир "коррупцияга жол жок", "коррупция менен күрөшөбүз" деп жазылып, мамлекеттик органдарда иштегендердин кабинеттерине жабыштырылган плакаттарды көрсөм күлкүм келет. Себеби кабинетинде "коррупцияга жол жок" деп жазылган дарыгер менин иним ооруп калганда ооруканадан орун алып берүү үчүн атамдан акча сураганы эсимде. Акча төлөгөнбүз, анан ооруканага жаткырганбыз, акчасы болбогондор менен алардын иши жок.

Мисалы, жакын досумдун апасы ооруп калып, ооруканага жаткыра албай ыйлагыдай болуп, "бул өлкөдө таштабай жашай албайт экенсиң, доске" дегени да эсимде. Аяш энемди да мурдагы жылы жерге бердик...

Кыргызстанда коррупция жашообуздун бир бөлүгү катары орун алган. Ошто элдин арасында "таштайсың-жашайсың" деген сөз да ойлоп табылган.

"Ака-үкачылык"

Башка региондорду билбейм, бирок Ошто ишиңди бүтүрүү үчүн "ака-үкачылык" деген нерсе бар.

Бул "ака-үкачылык" кантип пайда болот?

Бул жерде кимдир бирөө менен "ака-үка" болуп, ака деп аталган адам узак сапарга кеткенде, үка деп аталган адам аканын үйүнө төрт нан көтөрүп барып кабар албайт. Бул "ака-үкачылык" өз ара кызыкчылык жолунда курулат.

Мындан ташкары коррупциялашкан коомубуздун бат-бат иштете турган сөзү - "Кызмат болсо айта бериңиз...". Бул сөз көп иштерди чечип берүүгө кадыр болгон сөз.

Жашообуздагы коррупция

Коррупция биздин жашообузга терең сиңген. Мисалы, мектепке же бала бакчага, мамлекеттик органга ишке кирейин десең ал жерге акча көтөрүп барасың.

Бир иним Ошто юридикалык окуу жайда билим алды. "Военный болом, ака" деп жүрдү эле, азыр диплому үйүндө жатат, өзү Орусияда мигрант. "Эмнеге ишке кирбедиң?" деп сурасам "милицияга ишке алыш үчүн ставкасы бар экен, ошол ставкага акча таап келейин" дейт.

Жакында окууну бүтүргөн бир жигитти элестет, анын ата-апасы араң окуткан, ашык акчасы да жок. Жигит Орусияга ишке кетип жатат. "Эмнеге кетип жатасың? Эмнеге ушунча жыл окудуң? Карьера кылбайсыңбы? Дипломатты көтөрүп, галстук тагынып окууга баратканда махалладагылар "ушул бала окууну бүтүп, чоң адам болуп кетет" деп ойлочубуз" дедим. Ал болсо "Үйлөнүшүм керек. Ишке кирейин десем акчам жок, колдой турган тааныш да жок. Азыр жогоруда танышың болбосо көтөрүлүшүң кыйын" деп жооп кайтарды. Мына ушундай болуп көп каалоосу болгон бала Орусиядагы жүз миңдеген кыргызстандык мигранттардын катарын толуктады.

Ошто көпчүлүк жогорку окуу жайларында окубайт, "окушуң керек" десең "баланчаны окуганын көрдүм, азыр мигрант" дейт.

Тарбия жана коррупция

Биз өзүбүз сабырсызбыз, мыйзамдуу жолду тандабайбыз, "ишим бүтсө болду" дейбиз. Интернетте коррупция жөнүндө жазылган макалаларга "лайк" басып коёбуз.

Чынын айтканда биз уялышыбыз керек. Балдарыбызга жакшы кийим алып бере албаганыбыздан эмес, аларга мыйзам иштеген өлкө калтырып кетпегенибиз үчүн уялышыбыз керек.

Биз шайлоодо добушубузду миң сом парага сатып жатканыбыз үчүн балдарыбыздан уялышыбыз керек.

Ушул коррупциядан улам келечекте кыйын адам болушу мүмкүн болгон өтө көп жаштарды евроремонтчу, жүк ташуучу, наныбайчы, таксист кылып тарбиялап койдук. Бардык нерсе адамдын өзүнөн деген сөздөр бул коомдо иштебейт. Себеби мындай сөздөрдү бардык адам үчүн тең жашоо шарты түзүлгөн жерлерде гана айтууга болот.

Өнүгүү

Өнүгүүнүн эки тамыры бар: биринчиси - мыйзамдуулук; экинчиси - экономика. Бирок биз мыйзамдуулук жактан да, экономика жактан да өнүгө албадык.

Эгемендүүлүк алган жылдары төрөлгөн балдар отузга толуп калдык. Эми эч болбогондо балдарыбыз үчүн мыйзамдуу жарандык коомду жаратууга аракет кылышыбыз керек.

Мен бүгүн перзенттерибиз 30 жашка чыкканда "балдарыбыз үчүн мыйзамдуу бир коом калтыралы" деп жазышын каалабайм...

Бахрам Рахман, Ош шаары

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG