Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-июль, 2020 жекшемби, Бишкек убактысы 15:29

IT билимди университеттен алган оңбу же курс жакшыбы?


Айзада Акбекова.

Германиядагы журтташыбыз Айзада Акбекованын "IT адиси болуш үчүн диплом керекпи же курсту бүтүрүү жетиштүүбү?" деген суроого жообу.

Санариптик ыңкылаптын кучагында

Учурда индустриялык коом (industrial society) маалымат доорунун (information, digital age) тааси­­риндe санариптик коомго (digital society) өтө тездик менен өтүп жатат.

COVID-19 илдетинен улам кирген карантинге байланыштуу адамзаттын маалымат технологиясына күнү түшүп, дүйнө боюнча жалпы IT инфраструктурасын: коммуникация түйүндөрүн (network), анда колдонулчу компьютерлердин ар кандай түрүн, керектүү периферияны (hardware) жана жазылган тиркемелерди (software) тарыхый тесттен өткөрүп жаткандай.

Көпчүлүк тармактын иши IT-технологиялар аркылуу бүтүп жатканын көрүүгө болот. Эксперттер учурда адам баласы бардык тармакты автоматташтырып, ишти кагазы жок бүтүрө баштаганын белгилешет.

Дүйнө боюнча санариптешүү процессинин мындай чоң секирик менен өнүгүшү IT адистеринe болгон суроо-талапты сөзсүз курчутат.

ЖОЖдун диплому зарылбы же IT курска баруу керекпи?

Кыргызстанда жаштар арасында IT адистигине кызыгуу күчөй баштаганы сүйүндүрөт. Учурда кесип тандаган жаштардын "IT адиси болуу үчүн университеттин дипломун алуу керекпи же курстарды эле бүтүргөн оңбу?“ деп суроосун көп уга баштадык.

Буга IT тармагында жүргөн кесиптештерим ар түрдүү жооп узатат. Бири диплом керек десе, экинчиси курстан эле окуган оң дейт. Ар ким өзүнүн басып өткөн жолуна, алган билимине, жана күндөлүк жумушундагы далилдерге байланыштуу тыянак чыгарат эмеспи.

Айрымдары Гарвард университетиндеги окуусун таштап салган Билл Гейтсти, "Фейсбукту" түптөгөн Марк Цукербергди мисалга тартышат. Бакалавр даражасы бар Илон Масктын "Компанияма иштегиси келген шыктуу адамды университеттин диплому бар же жогуна карабай алам" деген сөзүн эске салышат.

Эми кайсынысы туура? Беш жылдык убакытты коротуп диплом алган оңбу же IT курсун кыска убакыт ичинде бүтүрүп, тажрыйба топтоп, акча да тапканым жакшыбы деп менден да сурашат.

Мындан улам буга чейинки көп талкууларды көрүп, ар кайсы өлкөдөгү, ар улуттагы кесиптештеримдин пикирин угуп, тарыхка кылчая карап, келечекке сереп салуу менен төмөндөгүлөргө токтолсок болчудай.

Университеттин диплому

Жогорку билимдин даражаларын тактоо үчүн маалымат: учурда беш жыл окутуп, диплом берүү жокко эсе. Aнын ордуна Болон системасынын негизинде беш жылдык билим эки баскычка бөлүнгөн: бул - бакалавр (6-8 семестр) жана магистратура (2-4 семестр).

Жогорку окуу жайлардын пайда болуу тарыхы бери дегенде 10 кылымды камтыйт. Илгертен келе жаткан университеттерди, классикалык жогорку билимди же бакалавр менен магистратураны азырынча эч ким жоюп сала элек. Булар дагы деле актуалдуу.

ITдеги толук кандуу aдисти тапташ үчүн, идеалдуу жогорку билимдин планы бардык жактан шайкеш келиши керек - адистикке керектүү көп предметтерди камтып, жогорку деңгээлдеги квалификация берүүгө тийиш.

Университеттин милдети: теориялык жана практикалык билим берүү менен бирге, келечектеги илимий изилдөөгө да даярдайт. Мыкты окуу жай IT тармагына керектүү илимдердин тизмесин (hardskills - ченелчү билим) үйрөтүү менен бирге, (softskills - ченелбей турган өзгөчө билим, сапаттар) кoманда менен иштешүү, кардарлар менен коммуникация кылууну, айтор социaлдык компетенциядан баштап эмоционалдык интеллектти өнүктүрүүчү курстарды камтыйт.

Мисалы, университет software инженер кесибине билим берүү үчүн предметтерден (hardskills) информатика, математиканын түрүн, ITдеги архитектура жана стратегия жолдорун, алгоритмдер жана маалымат структураларын, программалоо тилдерин, маалымат базаларды, коммуникациялык технология, Cloud Computing, IT коопсуздугун жана криптография, ITдеги юриспруденция, тандооңузга жараша кошумча робот техникасы, жасалма интеллект, эбегейсиз көп маалымат менен иштөөнү (big data) үйрөтөт. Aйтор, IT тармагына толук кандуу адистикке даярдайт. Демек сиз байкагандай программист болуу бул компьютер илимдеринин бир бөлүгү, болгондо да орчундуу бөлүгү.

Эгер бизнестеги информатиканы тандасаңыз, бул компьютердик илимдерге кошумча экономикага тиешелүү сабактарды да окуйсуз. Мисалы, макро жана микроэкономика, өндүрүштү пландоо, башкаруу жана оптималдаштыруу, финансы жана бухгалтерия, баалуу кагаздар жана камсыздандыруу, маркетинг сыяктуу сабактар кошула берет. Биологиядагы информатиканы тандасаңыз, биология илиминин күңгөй-тескейин казып окуйсуз.

Баса, мыкты жогорку окуу жайдын IT окуу пландары 3-5 жылда эскирип кетпейт. Анткени өз имиджине кам көргөн университет ар бир семестр сайын IT ааламындагы тренддерди дайыма анализдеп, улам жаңы технологияларды, программалоо тилдерин, усулдарды окуу планына кошуп, билим берүү сапатын жогорулатууга аракет кылат.

IT курстар

Kыска мөөнөттөгү интенсивдүү курстардагы сунуштар учурдагы актуалдуу IT программалоо тилинe, кесибинe, тармагынa aтайын ылайыкташкан. Аны менен кошо талап кылынган IT программалар менен иштешүүнү жана башкарууну үйрөтүү, техникалык администрация же IT программалaрды тесттен текшерчү, сыначу билимдерди берет. Бул курстардын баасы, ички мазмуну, кадыр-баркы дагы курсту уюштурган мекеме же ишкерлерге көз каранды жана индивидуалдуу.

Компакттуу түрүндө берилгендей сезилген IT курстарынын өзүнүн оорчулугу бар. Мыкты билим алгыңыз келсе, өтө кыска учурда берилген чоң материалды түшүнүп, практика жүзүндө тоодой эмгек кыласыз.

Mисалы, сиз JAVA je Python программа тилин гана үйрөнөм дегениңиз менен кайра барып эле компьютерди, oперативдик жана программалык системаны терең өздөштүрүү, техникалык ресурстарды башкара билүү, программалоо үчүн ылайыктуу платтформалардын түрүн пайдалануу жана өзгөртө билүү окуу процессинде камтылган дей бериңиз. Анан дагы сиз тандаган программалоо тилин өздөштүргөн сайын, сиз жазып жаткан кодго, тапшырмага карата татаалдаша бериши мүмкүн.

IT курс бир эле программалоoну үйрөтөбү?

Жок, андан сырткары өзүңүздү өнүктүрүүнү кааласаңыз, жетишпеген билимди, мисалы, коммуникация методдорун, өзүңүздү өнүктүрүү жолун атайын курстарга барып же онлайн окуса болот. Эң башкысы, курсту туура тандаңыз. Жигердүү болуп, иш жүзүндө тажрыйба топтоп, өзүңүздү өнүктүрүү үстүндө иштеген оң. Жөн гана катышып койбостон, алган билимди чыныгы жашоодо пайдалануу зарыл. Антпесе ал теория бойдон кала берет.

Сиз тандаган курсту бүткөн соң сертификатка ээ болуп, тажрыйба топтоп жумуш караштырасыз.

Келечекте IT билимдин ордун IT курстар алмаштырабы?

Тез өнүгүп жаткан доордо, үч жылдык окуу мөөнөтү да узак сезилгендерге же бир темага кызыккандарга университеттер өздөрү эле компакт онлайн курстарды ачып, сертификат берет.

Кыска мөөнөттө окуп бүткөн кадрлардын келиши сөзсүз түрдө скепсисти, ишенбөөчүлүктү, абайлап мамиле кылууну жаратары турган иш. Бирок бүгүнкү технология эртең эскирип жаткан үчүн узак убакыт университетке байлануунун кереги барбы деп ойлонгон да жөндүү. Ошондуктан жогорку билимдин да, кыска мөөнөт окуткан курстардын да тарапташтары менен сынчылары жетиштүү.

Келечекке сереп салсак, мүмкүн классикалык жогорку билим берүүдө өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Негизи чоң техникалык бурулуш, санариптик революциянын арышы мындан ары да катуулайт. Жөнөкөй мисал менен айта турган болсок, бир кезде сокону трактор алмаштырса, азыркы машинелердин деле келечекте ылдам, энергиянын башка булактары менен жүргөн түрлөрү пайда болору шексиз.

IT өнүгүүлөр биздин буга чейинки тааныган дүйнөбүздү өзгөртүп, айрантаң кылып жатат. Бардык жаңы нерсеге реакция кылуу, каршылык көрсөтүү табигый көрүнүш.

Демек, IT кесибин аркалоо үчүн жогорудагы жол тең туура! Ооба, экөө тең!

Курсту же жогорку окуу жайын тандоо - сиздин максатыңызга гана көз каранды.

Тездик менен IT адистигин алам десеңиз курс сиз үчүн. Aнткени мыкты адистер иштин көзүн билгени үчүн өз алдынча фирмa ачып, ирденип, IT империяларды куруп жатканы чындык. Демек кесипкөйлүк, замандын талабын, келечекти көрө билген көсөм болуу, туура чечимдерди чыгара билүү - IT стартаптардын ийгилик ачкычы бойдон калууда.

Эң негизи IT курстарын тандоодо жаңылбаңыз, берилген сертификаттары дүйнөлүк стандарттарга жооп береби же жокпу, бүтүрүүчүлөрү жумуш таба алабы деп сураштырып, текшериңиз.

Ал эми ЖОЖдун даражасын алам десеңиз же келечекте чет өлкөдөн билимди улантам деп максат койсоңуз, университетке тапшырыңыз.

Aнткени классикалык билим алуу жолун азырынча эч ким жоё элек. Диплом чет өлкөгө кеткенге кепилдик берет деп эч ким убада кылбайт, бирок мүмкүнчүлүк жогору болот. Эң башкысы сиз тандаган университеттин аккредитациясы, жогорку стандарттарга ылайык билим берүүгө уруксаты, лицензиясы болушу керек.

Ал эми жогорку билимди аласызбы же IT курсту бүтөсүзбү, бул тармак өтө динамикалуу болуп, бат өзгөргөнү үчүн, күндө жаңы нерсе үйрөнүүгө мажбурбуз.

Илон Маск айтмакчы, азыр билимди бекер онлайн булактардан, YouTube каналынан, атайын порталдардан үйрөнсө да болот. Mыкты IT адиси болом десеңиз, жаңы технологиядан артта калбаш үчүн компанияларда деле үзгүлтүксүз курстаргa катышуу же (learning on the job) практика жүзүндө үйрөнүү бүтпөгөн процесс. Эң башкысы кадам таштаңыз жана аны улантыңыз.

Көп берилчү суроолор жана пикирлер

Мага жердештерим "Европа, Америка же өнүккөн өлкөлөргө кеткенге жардам бериңизчи" деген өтүнүчтү көп жазышат. Аларга "кет же кал" деп айтпасам да, так маалымат берүүнү жөн гана парзым деп билем.

Кыргызстандагы IT курсун бүтө калып эле Германияга же Америкага жумушка кетсе болобу?

Германия чет өлкөлүк жарандарга жумушчу визаны берердин астында жогорку били­мди талап кылат, адистин жок дегенде бакалавры барбы же жокпу текшерет.

Биздин журтташтар Германияга алгач улуттук виза менен келип, башка жогорку кесиптин ээси болгондор IT курстарды ушул жерден бүтүп, сертификаттар, тажрыйбасы менен жумушка кирип жатышат.

Tак эмес илимдерди окубаган адамдар деле, компанияларга кирүү үчүн кошумча IT курстардан окуп, ITге байланышкан долбоорлорго катышып, программаланган коддорун атайын Интернет сервисти пайдаланып, GitHub сыяктуу порталдарга жүктөп, буга чейинки ар кайсы IT иштерин атайын папкага (portfolio) тизмектеп, жумуш берүүчү компaнияларды ынандырышууда.

Европада соңку кезде кадр жетишпегендиктен IT курсту, өзгөчө программалоо курсун бүткөндөрдү жумушка алуу көбөйгөндөй. Бирок бул процесс өтө жай жүрүп жатканы байкалат.

Учурда Америка Кошмо Штаттарынa жашаганы же окуганы барып, ошол жердеги интенсивдүү IT курстарынан окуп, жергиликтүү компанияларга жумушка орношуп иштеп жаткан журтташтарыбыз менен сыймыктансак болот. Алар замандын талабын убагында түшүнүп, татаал кесипти тез өздөштүрүп кетишти. Демек бул система Америкада иштеп жатат.

Кыргызстандан IT курсту бүтүп, ошол билими жана тажрыйбасы менен Америкага, Европага жумушчу виза алган журтташтар болсо, аларды да тажрыйбасы менен бөлүшүүгө чакырат элем. Анткени сиздин кадамыңыз көп жаштарга үлгү болмок.

Дипломбу же IT курспу - тандоо жана өзгөрүү мүмкүнчүлүгү болсун!

Хирург болом деген адамдын узак жылдап билим алары белгилүү. Дарыгердин алты айлык курсту окуй салып эле операция залына кирүүгө тажрыйбасы да, мүмкүнчүлүгү да жок эмеспи.

Бирок IT кесибинин мыкты мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени IT тармакка кадам таштоо оңой болуп жатпайбы! Андыктан бир гана IT курсту же дипломду танда деп таңуулабайлы. Адамда тандоо мүмкүнчүлүгү болгонунун өзү сонун да!

Анын үстүнө каалоо күчтүү болсо, диплом алгандан кийин деле кызыккан курстарга катышып же курсту бүткөн соң жогорку билим алууга умтулса болот. Бул экөө тең бири-бирине каршы келбейт.

Эң башкысы - доор өзгөрүп жаткан маалда окуп, келечектин кесибин аркалоого умтулуу зарыл.

Кыргызcтанда жашабаганым үчүн менде өлкөбүздөгү IT курстары жөнүндө маалымат аз. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандагы IT курсун бүтүрүп, жумуш менен камсыз болгон кесиптештеримден так жана туура маалымат бөлүшүүнү сурана кетет элем.

Кeсиптештер, ар бирибиз кыргыз өлкөсүндө колдон келишинче билимди, IT тармагын популярдуу кыла берели. Aр бирибиз колдон келишинче билимди, IT тармагын окуй берели. Мүмкүн адистердин катары калыңдап, Кыргызстанды Азиядагы Силикон өрөөнүнө айлантат чыгарбыз. Жакшы тилек - жарым ырыс дейт эмеспи.

Айзада Акбекова, экономист-программист. Карлсруэ (Германия) жана Уотерфорд (Ирландия) университеттеринин информатика жана экономика факультеттеринин бүтүрүүчүсү.

Жеке сурооңуздар болсо "Инстаграмдагы" @aizada_akbekova баракчасына жазыңыз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG